Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Рахмондун жакындары уурдалган унаа минеби?


Тажикстан - уурдалган машинелерди президенттин жакындары тээп жүрөт
Тажикстан - уурдалган машинелерди президенттин жакындары тээп жүрөт

Дүйнөлүк басма сөзгө сереп (16-22-декабрь).

Обама менен Байден Сочи олимпиадасына барбайт. Ушундай аталыштагы макала The Washington Post гезитине чыкты. АКШ Ак үйү узаган аптада президент Барак Обама, жубайы Мишель жана вице-президент Байден Сочи олимпиадасынын ачылыш аземине жана андан кийинки оюндарга барбастыгын расмий түрдө билдирди.

Америка делегациясын Орусиядагы гейлерге каршы саясатты сындоо максатында эки гей атлет баштап бармакчы. Алар: теннис легендасы Билли Жин Кинг менен хоккей оюнчусу Кейтлин Кахоу. Расмий билдирүүдө Америка президенти убакыттын тардыгына байланыштуу ачылышка бара албайт деп айтылат. АКШ менен катар эле Франция жана Германиянын лидерлери да Сочиге бара албастыгын билдиришкен.

Виталий Кличко спорттон кийин президенттикке барабы? Мына ушундай аталыштагы макала Германияда чыккан Frankfurter Rundschau гезитине жарыяланды.

"Дене тарбия илиминин кандидаты, боксчу Кличко өзүнө жаңы күрөш майданын издеп жүргөн. 42 жаштагы спортчу мына ошол майданды Киевдин борборундагы саясат аренасынан тапты. Эми ал саясий чемпион болуу алдында турат. Гамбургда же Лос-Анжелесте миллиондордон баш тартып, өз өлкөсүндө революциянын баатырына айланды. Виталий Кличко бул жол Украина бийлигине жете турган жалгыз жол экенин кылдат түшүндү. Эми ал булгары мээлейди таштап, президенттик таймашка аттанышы мүмкүн",- деп жазат немис басылмасы Frankfurter Rundschau.

Германия менен Тажик өкмөтүнүн ортосундагы келишпестиктер тууралуу Handelsblatt басылмасы жазып чыкты. Немис полициясы өлкөдөн уурдалган 200 машине Тажикстанда экенин ырастады. Машинелердин көбүн Эмомали Рахмондун туугандары жана дос-тамырлары тээп жүрөт. Берлин сенаторунун басма сөз катчысы Томас Хейлманн уурдалган машинелердин Тажикстанда экенин немис жана литвалык изилдөөчүлөр GPS системасы аркылуу аныктаганын айтты. Тажик бийлиги Германиянын бул айыптоосуна эч кандай жооп кайтара элек.

Ушул жылдын май айында немис Ички иштер министрлиги тышкы иштер министри Гидо Вестервеллеге Тажикстанга расмий кат жиберүү өтүнүчүн жасаган. Бирок кат али да жоопсуз калууда. Тажикстандын Берлиндеги элчилиги болсо бул айыптоолорду четке кагып, "машинелердин бардыгы тажик жергесине кетип баратканда бир нече өлкөнүн чек арасынан расмий “таза” документи болгон үчүн өткөн да" деп жатат.

Швейцарияда чыккан Neue Zürcher Zeitung басылмасы “Кыргызгаздын” 1 доллардык баага Орусияга сатылуусун жазды. "Алгач Кыргызстандагы көгүлтүр от көйгөйүн, былтыр Казакстан кыш ортосунда газды токтотуп салганын билдирүү менен андан соң макалада “Газпром” тарабынан кыргыз мунай операторун сатып алуу жеке эле экономикалык эмес, алгачкы кезекте аймакта Орусиянын өкүм сүрүүсүнө багытталган стратегиялык максатты да көздөйт. Кремль Кыргызстан жана Тажикстан сыяктуу жакыр өлкөлөрдү жоомарт экономикалык келишимдери менен өзүнө имерүүдө. Ушунун натыйжасында эки өлкөнүн аймагында орус аскер күчтөрү каалашынча кала алат",- дейт Neue Zürcher Zeitung.

Англиянын Бредфорд шаарындагы еврейлердин синагогун жок болуп кетүүдөн калаанын мусулмандары сактап калды деп жазат The Guardian. Бредфорддо еврейлер сыйынчу жалгыз жайдын чатыры былтыр жыртылып, дубалдары урап калуу коркунучунда эле.

87 жаштагы синагогдун жетекчиси Руди Ливор 132 жылдык бул имаратты сатып, сыйынуучуларды коңшу Лидс шаарына барууга үндөп жаткан. Кызыгы синагогду сактап калууга коңшу мечиттен жардам келгени болду. Шаардын мусулмандарынын башчысы жана мечит имамы Зульфи Каримдин демилгеси менен еврей-мусулман коомчулугу атайын марафон өткөрүп, 103 миң фунт стерлинг чогултушуп, синагогдун имаратын калыбына келтирүүгө беришти. Эми бул эки диндин өкүлү абдан жакын мамиледе болушуп, майрамдарда синагогдун эшиги мусулмандар үчүн да ачылууда.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG