Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Independent: Калашников тозоктобу?


Орусия - Калашников өзү ойлоп тапкан автоматтын 50 жылдыгын белгиледи
Орусия - Калашников өзү ойлоп тапкан автоматтын 50 жылдыгын белгиледи

Орусиялык дипломаттар АКШда жөлөк пул алып жан багышчу, Билл Гейтс заара менен телефонду заряддайт, ушул жана башка жаңылыктар узаган аптада эл аралык басма сөздө жарык көрдү.

Михаил Калашников тозокко түштүбү? Мына ушундай аталыштагы макаланы The Independent гезитинин аналитиги Роберт Фикс жазды. Ал 12 жыл мурда Калашников менен жолугуп, өз оозунан: “Менин куралымды дүйнө колдонбой калган да күн келет”, - деген сөзүн уккан.

Ошентсе да жер жүзүндө Калашников автоматтары кеңири таркап, ал тургай айрым мамлекеттердин символуна айланган. Маселен Мозамбикте улуттук тууга Калашников автоматынан сүрөтү түшүрүлүп, уулдарына Калаш деген ысымдар ыйгарылат. Бул куралдын глобалдык деңгээлде адам өлтүрүүчүгө айланып калуусуна Калашников өзүн эмес, мамлекеттик саясатты айыптаган. Ошондой эле Роберт Фикс Калашниковго Сауд Арабиясынын майору динин өзгөртүү тууралуу суроо бергенде: “Христиан катары аркы дүйнөдө тозокто мага орун даяр. Бирок мусулман болсом Алланын ырайымы чексиз”, - деп жооп кайтарганын да эскерет.

Орусиянын 49 дипломаты Америкада жалпы суммасы бир жарым миллион доллар социалдык жөлөк пул алып жашап келишкен. Аталган маалымат The Washington Post гезитине чыкты. Конгрессмен Эдвард Р. Ройс АКШ Мамкатчысы Жон Керриден бул “жанбактылардын” он бири дагы деле Америка аймагында эмне кылып жүргөнүн сурады.

Ошондой эле ал АКШ өкмөтү Путинге калган 38 “жанбактыны” кайтарып берүү маселесин коюш керек деди. Америкада жашаган чет элдик дипломаттардын көбү дипломатиялык статустан пайдаланып, ар кандай мыйзамга жат иштерди кылышууда. Маселен алар үй ижарасын төмөн төлөшүп, коомдук жайларда арзан тамактанышат. Буга кошумча акыркы мезгилде аз камсыз болгондордун социалдык жөлөк пулун да мыйзамсыз алган учурлар кезигүүдө деп жазат The Washington Post.

Билл Гейтс уюлдук телефондорду заара менен заряддоо идеясын каржылоону пландады деп жазат La Voz de Calicia аттуу испан басылмасы. Бул үчүн калдыктарды кайрадан иштетүүчү биогенераторлор жасалмакчы. Мындай генераторлор жеке эле уюлдук телефонду эмес, айыл чарба машинелерин да заряддай алат.

Билл Гейтс фондунун өкүлү Брайан Арбогест: “Азыркы тапта 2,5 миллиард адам ачык асман алдында заара ушатат, алардын стандарттык дааратканалары жок. Андыктан бул зыяндуу калдыктарды адамдын пайдасына жумшоону пландап жатабыз”, - деди. Гейтстин фонду күн энергиясы менен жылуучу суу каналдарын, ошондой эле унитаздан аккан калдыктарды иче турган сууга айландырчу бир катар долбоорлорду каржылап жатат.

Британияда 20 жаштагы эне наристесин 150 миң фунтка сатам деп Интернетке жарнама берген. Бул кабар Daily Mirror гезитине чыкты. Gumtree деп аталган соода-сатык веб-сайтына “Жаңы төрөлгөн татынакай уул бала бардык буюм-тайымдары менен кошо 150 миң фунтка сатылат” деген жарнак илингенде полиция менен социалдык кызматкерлердин төбө чачы тик турган. Чүрпөнүн энеси “орунсуз тамаша” кылып ойногом дегени менен анын эки баласын социалдык кызматкерлер алып коюшту. Бала сатуу жарнагы илингенде веб-сайттын колдонуучулары эмнеге мындай “товар” сатыкка чыкканын жаш энеден онлайн аркылуу сурашкан. Ал жаагы тынбай ыйлай берет деген жооп жазган. Азыр бул эненин балдары социалдык кароодо, “сатуучу апаны” болсо энелик укуктан ажыратуу маселеси каралууда.

Балдар темасын улай, Америкада наристелер иче турган кургак сүттү адалдаштыруу иши башталды. Бул тууралуу Front Page Magazine журналы жазып чыкты. Буга чейин өлкөдөгү еврейлердин талабы менен алардын дининде тыюу салынган заттар кошулбаган балдардын “кошар” кургак сүттөрү сатыкта үстөмдүк кылып келген. Жакында эле Американын мусулман коомчулугу кургак сүттү адалдаштыруу ишин Ислам Тамак аш жана Азыктануу башкармалыгына тапшырган. Мындан ары АКШда сатылчу Similac жана Gerber маркасындагы кургак сүттөрдөгү исламда арам делген заттар алынып, “М” белгиси менен адалдаштырып сатыла баштамакчы.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG