Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:26

“Тиштээк” футболчунун жазасы


Уругвай командасынын оюнчусу Луис Суарез
Уругвай командасынын оюнчусу Луис Суарез

Узаган аптада эл аралык басма сөздө “тиштээк” футболчу менен бойкат гимнаст аялдын жарышка чыкканы кызуу талкууда болду.

Өткөн аптада дүйнөлүк басма сөздүн көӊүл чордонунда ФИФА тарабынан футболдон четтетилип, айып алган уругвайлык Луис Суарез менен Америкада жарышка чыккан 7 айлык кош бойлуу жөө күлүк Алисия Монтано болду. The Telegraph гезити: “Бразилияда өтүп жаткан Дүйнөлүк чемпионат учурунда Италиянын футболчусу Жоржио Кельининин ийнин тиштеп алды деп оюндардан четтетилип, ФИФАнын тарыхындагы эӊ чоӊ изилдөөгө алынган Луис Суарез: “Оозумду ачып баратып, өзүмдү токтото албай, теӊ салмак кармай албай, атаандашыма бир тийдим. Бул окуядан менин тишим да катуу ооруп калды”, - деп түшүндүрмө берди. Бирок ФИФАнын калыстар тобу анын бул айтканын кабыл албай, Кельинини атайын тиштеди деп 4 ай футболдон четтеттилип, 100 миӊ швейцар франкы өлчөмүндө айып төлөмөкчү. Окуядан кийин Суарез Уругвайга кайтууга мажбур болду”, - деп жазат.

Кош бойлуу атлет жарышка чыгып

La Stampa басылмасында 34 апталык кош бойлуу, Американын жөө күлүгү Алисия Монтано 800 метрлик жарышка катышканы, ал тургай бул жарышта бойкат эмес учурундагы рекордунан 35 секундга гана кеч келгени жарыяланып, дүйнөнүн чар тарабындагы окурмандардын кызуу талкуусуна алынды. Төрөөрүнө 7 апта гана калганда мындай жарышка чыкканы үчүн Алисияны сынга алгандардан да, аны кубаттап, колдоп чыккандар көп болду. 800 метрлик аралыкты ичиндеги 7 айлык баласы менен 2:32:13 мүнөттө чуркап келген Алисияны көрүүчүлөр туруп алып кол чаап кубатташты. Кош бойлуу жөө күлүк мындай жарыштан ырахат алганын айтты.

Казакстандан экономикасы кимге таасир этет?

Financial Times гезитинин “Дүйнө байлыгы” деп аталган атайын чыгарылышында Юрий Бендердин “Кытай менен Орусия өнүгүп келе жаткан казак экономикасынын таасиринде” аттуу макала жарык көрдү. 73 жаштагы казак ажосу Нурсултан Назарбаев Тони Блэр, Сильвио Берлускони, Жорж Буш сыяктуу дүйнөлүк лидерлер менен үзөӊгүлөш болуп келген. Бирок ошол эле мезгилде ал Евразия экономикалык биримдигине кирүү менен Орусия, Белорусия менен да өтө жакын. Анын башкы стратегиялык максаттарынын бири 2050-жылга чейин Казакстанды дүйнөдөгү экономикасы өнүккөн 30 өлкөнүн катарына киргизүү менен киши башына кирешени 13 миӊ доллардан 70 миӊге көтөрүү. Мунайды, газды жана тамак-аш азыктарын экспорттоодо Кытай Казакстан үчүн эӊ эле ыӊгайлуу өлкө бойдон калууда. Ошентсе да эл аралык сайсий аренада Назарбаев Орусияга көбүрөөк ыктоодо. Ал тургай жергиликтүү калк да кытайларга караганда орустарды жакын сезишет деп жазды Юрий Бендер Financial Times гезитинде.

Комедиядан согуш чыгабы?

Foreign Policy басылмасында Түндүк Корея Голливуд тарткан “Интервью” аттуу Ким Чен Ынды чагылдырган комедия Америкага карата согушка түрткү болуп калбасын деген макала жарык көрдү. АКШ Түндүк Кореянын өзөктүк куралдануу саясатын 25 жылдан бери ооздуктай албай келет. Обама администрациясы да бул өлкөгө карата таасирдүү күч таба албай убара. Жоопту Голливуддун эки актеру тапкандай. Сиз Рожен жана Жеймс Франко батыштын атактуу эки журналистинин ролун аткарышып, Ким Чен Ындан интервью алган комедия Түндүк Кореядагы саясатчыларды дүрбөтүп нааразы кылды. Корея Борбордук Кабар Агенттиги: “Биздин лидерди шылдыӊдап киного чыгаруу террорчулук катары бааланат”, - деп жазса, өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы ушул эле агенттикте: “Бул тасманы көрүп чыгып, Түндүк Кореяны эл аралык деӊгээлде кемсинтүү катары кабылдадык. Эгерде АКШ бийлиги тасманы коомчулукка кеӊири көрсөтүүгө уруксат берсе, анда чукул чара көрүүгө мажбур болобуз”, - деди деп жазат Foreign Policy.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG