Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

Беларус ишкерлери Бажы биримдигине нааразы


Беларустун бир катар шаарларында жеке соода түйүндөрүнүн ээлери жана ишкерлер узаган аптада иш таштоо уюштуруп, соода жайларын ачышкан жок
Беларустун бир катар шаарларында жеке соода түйүндөрүнүн ээлери жана ишкерлер узаган аптада иш таштоо уюштуруп, соода жайларын ачышкан жок

Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө баяндама. (30-июнь - 6-июль)

Беларус ишкерлери 1-июлдан баштап күчүнө кирген Бажы биримдигинин эрежелерине нааразы. Шиңжанда мамлекет кызматкерлерине орозо кармоого тыюу салынды, геосаясаттагы Борбор Азия, же Станистандын орду.

Беларус ишкерлери иш таштады

Deutsche Welle 1-июлдан тарта Беларустун аймагында күчүнө кирген Бажы биримдигинин эрежелерине өлкө ишкерлери нааразы болуп, соода түйүндөрдө иш таштоо уюштурулганын кабарлады. Витебск, Гомель, Могилев, Барановичи, Пинск, Слоним шаарларында жеке соода түйүндөрүнүн ээлери жана ишкерлер узаган аптада иш таштоо уюштуруп, соода жайларын ачышкан жок. Ишкерлер Бажы биримдигинин эрежелери алардын товарын атаандаштыкка туруштук бере албагандай абалга алып келип, эрежелердин баарын аткаруу мүмкүн болбой жатат деп нааразы.

Товардын сертификаты үчүн талап кылынган төлөмдү ири бизнесмендер эле төлөй алат, ал эми чакан ишкерлер кыйынчылыкка учураганы турат, -дейт ишкерлер профсоюзунун лидери Ирине Яскевич. «Маселен, биз Орусиянын товарын сатып алып, бул жакта сатабыз. Бажы биримдигинин эрежесине ылайык, мындан ары саткан товарыбыз үчүн Орусиянын кассалык дүмүрчөгүн беришибиз керек. Ушундай шартта кантип соода кылууга мүмкүн болсун?», - деди Яскевич.

Кытай мусулмандары орозо кармай албай…

Узаган аптада Кытайдын Шиңжан аймагында мамлекеттик кызматта иштеген мусулмандарга орозо кармоону тыюу салуу дүйнөлүк басма сөздүн кызуу талкуусун жаратты. Британиянын The Independent гезитинин жазганына караганда, Шинжанда калктын 45 проценти мусулмандар. Мектептерде жана мамлекеттик жайларда иштегендерге орозо кармоону тыйышып, күндүз мечиттерде намаз окууну токтотушту. Мамлекеттик иш жана окуу жайларын диний максатта колдонууну токтотуу үчүн ушундай иш-чаралар болуп, бийликтеги атеист өкмөттүн кубаты аймакка дагы бир ирээт шардана кылынды.

Уйгурлардын дүйнөлүк конгрессинин Германиядагы басма сөз катчысы Дилшат Рашиттин айтымында, мындай абал Кытайда чыр-чатактын дагы ырбашына жол ачат. Ал Кытайдагы масс-медиа да орозо кармоо кишинин ден соолугуна зыян алып келет деген маанайдагы маалыматты таркатуу менен алек экенин белгиледи.

Станистанга кош келиңиз

Foreign Policy басылмасында Борбор Азия өлкөлөрүнүн геосаясаттагы ордуна багытталган «Станистанга кош келдиңиз!» аттуу макала жарык көрдү. Автор Фрэнк Якобс Борбор Азиядагы –стан мүчөсү менен аяктаган 7 өлкө биригип, экономикалык, саясий блок түзсө дүйнөдөгү кубаттуу уюмга айланарын жазат. Орусия – стан мүчөсү менен аяктаган мурдагы советтик өлкөлөрдүн башын кайра бириктирип, чоң бир аймак кыла албайт. Бирок эгер алар бириксе 2,1 миллион чарчы километрлик аймагы менен чоң кубаттуу блокко айланышы ыктымал. Алар биригип орто кылымдардагыдай күчүн калыбына келтирсе Азия, Африка жана Европадагы эң алдыңкы чөлкөмгө айланат. Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Кыргызстан, Тажикистан, Ооганстан жана Пакистандын жалпы ички дүң өнүмү 2013-жылы 600 миллиард доллар болгон. Аларды бириктирген дагы бир фактор – аймакта мусулманчылык кеңири жайылган. 280 миллион борборазиялык ислам динин тутуп, дүйнөдөгү мусулмандары эң көп өлкөлөрдүн алдында тура алышат. Армиясы да күчтүү. Азыр орто эсеп менен 1 миллион Борбор Азия атуулу аскерде кызмат өтөйт. Бул Орусия, Түндүк Кореядагы аскерлерден алда канча көп. Бирок Станистан деген ат менен аталган өлкөлөр качан биригет болду экен? Албетте, Борбор Азия Федерациясы деген сыяктуу бир күч ортого чыгышы толук ыктымал дейт журналист Френк Якобс.

Саддам Хусейндин акчасы Парижде сакталууда

Le Figaro гезити Франция Иракка таандык 20 миллион еврону кайтарып бербей жатканын жазып чыкты. Журналист Жорж Мальбрюнонун макаласында Саддам Хусейндин режими кулагандан бери 11 жыл өтсө да анын акчасы француз банктарына киреше алып келүүдө деп жазды. 2003-жылы Бириккен улуттар уюму Саддамдын акчасын Иракка кайтарып берүү резолюциясын кабыл алганы менен расмий Париж акчаны Багдадга кайтарып бере элек. Мындай абал Париж менен Нури аль-Малики өкмөтүнүн ортосунда чыңалууну күчөтүүдө. Эки өлкөнүн соода байланышына чекит коюлчудай. Саясий планда Франция Иракта эч кандай роль деле ойнобойт. Үч жылдан бери Багдаддагы француз элчисин Ирак өкмөт башчысы бир да жолу кабыл алган эмес дейт Жорж Мальбрюно.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG