Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:40

Тамак-ашына кылдат караган Путин


Путин даяр тамактан ооз тие электе коопсуздук кызматынын атайын жооптуусу текшерет.
Путин даяр тамактан ооз тие электе коопсуздук кызматынын атайын жооптуусу текшерет.

Эл аралык басма сөзгө баяндама (21-27-июль)

Дөө-шаалардын ашканасы

Узаган аптада эл аралык басма сөздө Орусия лидери Владимир Путиндин жашоо образы менен жеген тамак-ашы кеӊири талкууланды. Foreign Policy аналитикалык басылмасы Путин таӊ атпай туруп дене тарбия көнүгүүлөрүн жасайт деген түшүнүк жалган. Ал түшкө маал ойгонуп, шашпай туруп, быштак менен нанүштө кылат деп жазса, The Independent гезитинин аналитиги Жон Уолш эгер сиз Путин болсоӊуз, азыр бүтүндөй Европанын жана Американын жек көрүүсүнө татып, жеген тамак-ашка уу кошуп жибериштиби деп коркуп жашамаксыз деп жазат. Андыктан Орусия президентинин тамагынын коопсуздугун текшерген жумушчусу бар экени таӊ калыштуу деле болбосо керек. Мындай жаӊылык жакында эле Лондондогу Chefs des Chefs аттуу клубдун мүчөлөрү жолугуп, дүйнө лидерлеринин ашканасы тууралуу кеп болгондо айтылды.

Ошондой эле Англия ханышасы деӊиз молюскаларын, Барак Обама кызыл кызылчаны жебейт. Бирок баарынан Путин айырмаланып турат. Ал тамакты ылгабай жейт, ошентсе да ашпозчуларга ишенбей, Путин даяр тамактан ооз тие электе коопсуздук кызматынын атайын жооптуу өкүлү текшерет. Мындай ыкманы байыркы Рим падышасы Клудиус уулангандан бери дүйнө лидерлери колдонуп келишет. Маселен Адольф Гитлер эт жечү эмес, ошентсе да жашылчалардан жасалган тамак-ашын алгач Маргот Уолек аттуу аял ооз тийип көрүп, ууланбаса гана жечү.

Румын диктатору Никола Чаушески 1978-жылы Лондондогу Буккингем сарайына тамагын текшерген адистери менен өз шейшеп-төшөгүн ала барган. Ал жада калса жаздык капты да ууландырат деп коркчу. Саддам Хусейндин да абдан көп сандагы тамак текшергичтери бар эле.

Американын мурдагы президенти Жорж Буштун коопсуздук агенти Жозеф Петронун маалымдашынча, Буш Ак үйдөн тышкары даярдалган тамакты эч качан жечү эмес. Эл аралык иш сапары учурунда жей турган тамагынын азык-түлүгүн атайын Вашингтондон алып барышчу деп жазат The Independent гезитинин аналитиги.

Кирпик боёгучтан дипломатиялык таарынууга бир кадам

Украиналык Екатерина Пархоменко аттуу жаш кыз социалдык түйүндөргө “Амстердамдын кирпик боёгучу, чынын айтсам талаадан алдым. Эми муну жакшы билсеӊер керек”, - деген жазуу менен кирпик боёгучтун сүрөтүн жүктөп, эл аралык нааразычылыктарга жол ачты деп жазат The Telegraph гезити. МН17 учагы атып түшүрүлгөн Торез кыштагында жашаган бул кыздын мындай жазуусу социалдык түйүндөгүлөрдүн ачуулануусун жаратты. Пархоменконун Instagram веб-сайтындагы “золотуся” деп аталган аккаунту миӊдеген нааразы жооптордон кийин жабылды. Ал тургай Голландиянын премьер-министри Марк Рютте да украиналык кыздын бул кылыгына жаны кейип: “Сүрөттү көргөндө аябай жаман абалда калдым. Биздин трагедияны мазактоонун өзү акылга сыйбайт”, - деди.

Украина расмийлери учак кыйраган жерде каза тапкандардын баалуу буюмдарын, акча жана кредиттик карточкаларын уурдагандар көбөйгөнүн маалымдаган. Каза тапкан Британ атуулунун жакындары анын банктык карточкасындагы операцияларды токтотуп турууга аргасыз болду деп жазат The Telegraph.

Кытайда жапон атуулу өлүм жазасына тартылды

Кытайда англисче чыккан China Daily жана China.org басылмалары түндүк-чыгыштагы Далиан шаарында жапониялык маңзат ташыган атуулдун өлүм жазасына тартылганын жазып чыгышты. Буга чейин Кытай 5 жапондукту өлүм жазасына тарткан эле. Далиандык бирөө менен макулдашып алып, Кытайдан Жапонияга маңзат ташууга аракет кылганы Жапон консулдугуна кабарлангандан кийин кытай полициясы жапондукту дароо тындым кылды деп жазышты Бээжин басылмалары.

Ээсин көрүп эстен танган ит

Батыштын бардык басылмаларында ээсин көрүп ашыкча сүйүнүп кетип, эси ооп калган иттин видеосу окурмандардын кызыгуусун жаратып, 440 миң кишинин жактыруусуна арзыды деп жазат New York Daily News. Шнаузер тукумундагы ит эки жылдай ээсин көрбөй жашаган. Анын америкалык кожоюну Словенияда иштеп, үйүнө кайтканда тосуп чыккан ити сүйүнгөнүнөн эси ооп жыгылды. Видео Американын кайсы жеринде, кимдин үйүндө тартылганы белгисиз, бирок иттин кожоюндары окуядан кийин ветеринарга кайрылышып, шнаузердин ден соолугу ордунда экенин аныкташты.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG