Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:25

Эрдоган-Гүлен чатагы Бакуга жетти


Баку белгилүү түрк диниятчысы Фетхуллах Гүленди жолдогондорду сүйбөй турат.
Баку белгилүү түрк диниятчысы Фетхуллах Гүленди жолдогондорду сүйбөй турат.

29-сентябрдан 5-октябрга чейинки аралыкта жарык көргөн эл аралык басма сөзгө баяндама.

"Американын Пенсильвания штатында жашаган белгилүү динаятчы Фетхуллах Гүлендин жолун жолдогондорго карата Азербайжанда кысым башталып, Гүленди жолдогондор менен Азербайжан коомчулугунун ымаласы үзүлгөнү турат" деп жазат Шахла Султанова EuroasiaNet басылмасында. Былтыркы жылдын декабрь айынан тарта ал кездеги Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен Фетхуллах Гүлендин мамилеси бузулуп, анын таасири Азербайжанда иш алып барган түрк ишкерлерине да тийүүдө. Илхам Алиев мурдагы өкмөт башчы, учурдагы президент Эрдоган менен быйыл апрель айында жолуккандан кийин Азербайжан өкмөтүндөгү Гүленди колдогон делген айрым аткаминерлерди кызматтан алган. Ошондой эле Гүленди колдогондор ачкан мектептер менен бир университет Азербайжандын мамлекеттик мунай компаниясынын менчигине берилген. "Азербайжан өз кызыкчылыгы үчүн америкалык саясатчыларды колдонууну башкы максат кылып келген",- дейт ислам дини боюнча эксперт Фуад Алиев басылмада. "Бул багытта өлкө бюджетинен да 2,3 миллион АКШ доллары сарпталган" деп кабарлаган Sunlight Foundations аттуу вашингтондук компания. Буга чейин Фетхуллах Гүлен Азербайжандын кызыкчылыгын АКШда колдоп турган ири саясатчы болгон. "Бирок Илхам Алиев Эрдоган менен мамилеси бузулгандан кийин жеке эле Гүленге эмес, аны колдогондордун баарына сыртын салууда" деп жазат EuroasiaNet.

Аялдар менен балдар соодаланууда

"Бириккен Улуттар Уюму 26 барактан турган “Ислам мамлекети” уюмунун Сириядагы адам соодалоо боюнча ишмердигин ашкерелеген отчетун чыгарды" деп кабарлайт Foreign Policy басылмасы. Август айында “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери Ирактын Язиди кыштагына чабуул коюп, бир нече аялдар менен балдарды Мосулдун Бадуш түрмөсүнө алып кетишкен. Андан кийин жүздөгөн аялдар менен жаш кыздарды уурдашып, Ирактын түндүгүндөгү Таль-Афар шаарына алып барышкан. "Язидилик христиан динин тутунган 150дөй кыздар менен аялдарды Сирияда согушуп жаткан жихадчыларга сатышып, айрымдарын бекер белекке тартуулашкан" деп кабарлайт БУУ. "Августтун аягына чейин мындай сатылган кишилердин саны эки жарым миңден ашкан. БУУ муну адамзатка каршы жасалган кылмыш деп эсептейт" деп жазат Foreign Policy.

Гонконг тополоңу кандай аяктайт?

Гонк-Конгдо бир нече күндөн бери уланып жаткан демократиячыл көтөрүлүш дүйнөлүк медиада кызуу талкууланган тема болду. Маселен, Жапонияда жарык көргөн Asian Nikkei Review басылмасынын баш редактору Кенжи Кавасе Таиландда чыккан англис тилдүү басма сөзгө сереп салып, "Гонк-Конг Таиланд үчүн өндүргөн товарын чет өлкөгө экспортко чыгаруучу маанилүү экономикалык шаар, андагы башаламандык, албетте тайвандыктарды кооптондурбай койбойт" десе, Американын The Washington Post басылмасы "Кытай Гонк-Конг тополоңун басууда Орусия лидери Владимир Путинден үлгү алуудабы" деген аналитикалык макаланы чыгарды. "2011-жылдагы Думага болгон шайлоого нааразычылык билдирип чыккандарды Путиндин режими кандай басса, Кытай бийлиги Гонк-Конгдо да так эле ошол ыкманы колдонгондой",- дейт макаланын автору Адам Тейлор.

"Галатасарайчылар" отургучтарды жулуп алып...

"Лондондун Эмиарт стадионунда өткөн Англиянын "Арсенал" футболдук клубу менен Түркиянын "Галатасарай" командасынын беттешүүсүнөн кийин жаалданган "Галатасарайдын" сүрөөнчүлөрү стадиондогу отургучтарды жулуп ыргытышты" деп жазган Evening Standard гезити. Узаган аптанын шаршембисинде болгон Чемпиондор лигасынын оюнунан кийин болгон бул окуянын башкы айыпкери катары шаар бийлиги "Арсеналды" эсептеп, кеткен чыгымды төлөп берүүгө милдеттендирген. Түрк улутундагы Угар Мейдан жана Фырат Кайгүн аттуу эки британ атуулу камакка алынды.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG