Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Путин өз айлыгын кыскартты


Путиндин бир жылдык маянасы 900 миң рублга азайды.
Путиндин бир жылдык маянасы 900 миң рублга азайды.

Эл аралык басма сөзгө баяндама (2-9-март).

Орусиядагы экономикалык кризистен улам барган сайын өлкө башындагылардын шаштысы кетүүдө. Чыгымдарды ооздуктоо үчүн эми орус президенти Владимир Путин президенттик администрациянын, өкмөт башчысынын жана өзүнүн айлыгын 10 пайызга азайтты деп кабарлайт The Business Insider аналитикалык журналы.

“Кремль чыгашасын эми катуу көзөмөлдөмөй болду. Владимир Путиндин бир жылдык маянасы 900 миң рублга азайды. Өлкөдө баары кымбаттап, алтургай паранын да наркы өстү”, - деп жазат аталган басылма. 2014-жылы Владимир Путиндин жылдык маянасы 9 миллион рублды түзгөн. Эми 1-майдан тарта Орусиядагы мамлекеттик кызматкерлердин да айлыгы 10 пайызга ылдыйлайт. "Өлкөдө азык-түлүктүн баасы да асмандагандан улам жөнөкөй ар бир орус атуулу айлыгынын жарымынан көбүн тамак-ашка жумшап, жакырчылыктын деңгээли өсүшү ыктымал", деп жазат The Moscow Times гезити.

Ал арада Британиянын The Telegraph басылмасы Орусияга Батыш экономикалык чектөөлөрдү киргизгенден бери Англияга барып, атуулдук алууну каалаган бай орустардын саны эки эсеге артканын маалымдады. 2014-жылдын алгачкы тогуз айында Орусиянын 160 бай атуулу британ жарандыгын алуу үчүн арыз тапшырып, бул өлкөнүн казынасына 2 миллион фунт стерлинг инвестиция жасаган. "Азыр да Англияны байырлоону каалаган бай орустардын тизмеси узарууда" дейт The Telegraph.

117 жаштагы аял: “Өмүр өтө кыска”

Мисао Окава
Мисао Окава

Жапониянын Осака шаарынын 117 жаштагы тургуну Мисао Окава дүйнөнүн эң кары адамы деп табылып, Гиннес китебине катталды. Newsweek журналы анын узак жашоосунун сырларын жазып чыккан.

Окава журналисттерге интервью берип, узак жашаганы менен өмүр көз ачып жумганча тез өтүп жатканын айткан. “Убагында уктап, жакшы тамактанса эле адам көп жашайт да”, - дейт Мисао Окава. Newsweek басылмасынын жазышынча, Жапониянын калкы дүйнө элинен айырмаланып, узак жашайт. ​

"Кыргыз бийлиги эшек чуусун баса албай калды"

Мына ушундай аталыштагы макала Британиянын The Guardian гезитине чыкты. "Эшектер союлуп, анын эти сатылып жатат" деген кабардан кийин өлкөдө мамлекеттик деңгээлде чуу башталды деп жазат гезит. Кыргыздар негизинен жылкы этин жей турганын белгилеген басылма эшек эти кыргыз парламентинде да катуу талкууланып, 15-мартта бул маселени иликтөө иши Агрардык саясат комитетине тапшырылганын баяндаган.

Кыргызстанда эшек союп, сатуу кылмыш деп атайын мыйзамда жазылган эмес. Ошентсе да парламенттин мүчөсү Сайдулла Нышанов: “Бул уят иш. Кыргыз өз тарыхында эч качан эшектин этин жеген эмес. Эл бир нече жылдан бери алданып жүргөн болушу толук ыктымал”, - деп айтканын жазды The Guardian.

Мышык өлтүргүчтү табууга 10 миң фунт кетти

Англияда 55 жаштагы Нил Тригарзен аттуу ишкер кызынын мышыгын атып өлтүргөн адамды табуу үчүн жеке детективдерди жалдап, 10 миң фунт стерлинг акча коротту. Бул тууралуу дүйнөлүк прессада абдан чоң талкуу болду. The Independent гезитинин маалымдоосу боюнча, мышыкты белгисиз бирөөлөр курсакка атып кеткен. Үч күн бою ветеринарлардын кароосунда жатып, 3,5 миң фунт стерлинг акчага операция жасалса да мышык өлүп калган. Ачууланган Тригарзен мырза 10 миң фунтка детективдерди жалдап, акыры мышык өлтүргүчтөрдү таап, полицияга кабарлаган.

Ал арада The Washington Post гезити Жапонияда адамдардан да мышыктар көп жашаган арал тууралуу жазып, окурмандардын кызыгуусун жаратты. Элден да мышыгы көбөйүп кеткен Ошима аттуу чакан аралга азыр миңдеген туристтер мышыктарды көрүш үчүн агылууда.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG