Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Борбор Азия эки лидерсиз кантет?


Ислам Каримов менен Нурсултан Назарбаев
Ислам Каримов менен Нурсултан Назарбаев

Эл аралык басма сөзгө баяндама (10-17-май)/

Британияда чыккан Financial Times басылмасынын аналитиги Жэк Ферчи “Ислам Каримов менен Нурсултан Назарбаев бийликтен кетсе же каза болсо аймактын тагдыры кандай болот?” деген суроону Борбор Азияны изилдеген бир катар эксперттерге жана эки президенттин айрым кеңешчилерине берип көргөн. Жооптор ар түрдүү болгону менен алардын мазмуну маңдай жылытарлык эмес.

- Советтер Союзу урагандан бери бийликте турган эки карыя президент эң узак мөөнөт мамлекетти башкаргандардын тизмесине кирмей болушту. Казакстанда мөөнөтүнөн мурда шайлоо болгону да шек жаратпай койбойт. Себеби, Нурсултан Назарбаевдин Азербайжандын маркум президенти Гейдар Алиев сыяктуу бийлигин өткөрүп берчү мураскери жок. Ошентсе да Борис Ельцин Владимир Путинди даярдагандай Назарбаев да кыраакылык кылып, бийликти көзү тирүүсүндө бирөөгө тапшырып берсе гана өлкөсүнүн стабилдүүлүгү сакталат. Уранга жана мунайга бай Казакстанга кызыгып, анын абалын солгундатууну каалагандар жок эмес. Ал эми 77 жаштагы Ислам Каримов президенттикке жаңы эле кайрадан шайланды. Ал көзү тирүүсүндө бул ордун эч кимге бошотуп берчүдөй эмес. Бирок жаза тайып кетсе, анын ордун баса турган бир нече талапкерден тышкары, бийликке жетүүнү көксөгөн диний кыймылдар бар. Кокус алар бийликке келсе, ондогон жылдан бери Каримовдун темир тартибинде, тынч жашап келген Өзбекстан Борбор Азиядагы экинчи Ооганстанга айланышы ажеп эмес. Канткен күндө да бул эки лидер жеке бийлигин коргоо менен бүтүндөй Борбор Азиянын коопсуздугун сактап турат, - деп жазат Жэк Ферчи.

Орусия коңшуларын ылдый тартууда

Австрияда чыккан Die Presse гезити Орусиянын экономикасы ылдыйлаган сайын коңшуларынын абалы да начарлап баратканын жазып чыкты. "Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын маалыматы боюнча, орус экономикасы 2014-жылы 4,5 эсеге артка чегинди. Украина, Беларус, Молдавия, Армения жана Грузия сыяктуу өлкөлөр мындан да оор кесепеттерге учурады. Ал тургай Финляндия жана Балтика өлкөлөрү да артка чегинген орус экономикасынын залакасын тартууда. Мындай көрүнүш 2015-жылы да күчөй турганы күтүлүүдө" деп жазат Die Presse.

Гүл кармаган бойдон кетти

Newsweek журналы Түндүк Кореянын коргоо министринин акыркы күндөрүнө саресеп салып, ал маараке, тойлордо гүл кармап жүрүп, сыйлуу жолугушуулардын артынан эле дагы бир белгилүү кечеде үргүлөп кеткени үчүн Ким Чен Ын тарабынан өлүм жазасына тартылып, замбирек менен атылганын жазды. "1949-жылы жарык дүйнөгө келген Хен Ен Чхол Пхеньяндагы атактуу аскерий окууну аяктап, өмүр бою коргонуу тармагында иштеген. Улуттук коргонуу комитетин 2014-жылдын сентябрь айынан бери башкарып жаткан. Ал 13-апрелде Москвага барып келген. 9-майда Ким Чен Ын менен Жеңиштин 70 жылдык мааракесине катышат деп болжолдонуп жаткан. Апрелдин акыркы күндөрү Хен Ен Чхол Ким Чен Ынды коштоп мааракелерде жүрүп, Кытайдын, Орусиянын расмийлеринен гүл белекке алып, Түндүк Кореянын эң сыйлуу адамдарынан эле" деп жазат Newsweek.

Царнаев өкүмүн ондогон жылдар бою күтөт

International Business Times басылмасы Бостондогу марафонду бомбалады деп шектелген Жохар Царнаев өлүм жазасына тартылганы менен бул өкүмдү ишке ашыруу үчүн кеминде он жылдай убакыт кетет деп жазды. Акыркы 27 жыл ичинде АКШда 80ге чукул федералдык кылмышкерлер өлүм жазасына тартылган, бирок алардын үчөө гана өлүп, калганы али да абакта. Азыр жашы 21деги Жохар да өз өкүмүн 30, ал тургай 40 жашка чыккыча күтүшү ыктымал. Өлүм жазасын күтүп отургандардын көбү акталып же абактан эле өкүмү ишке ашкыча кайтыш болуп калышат. Ал арада Бостондогу бомба чабуулунан Мартин Ричард аттуу 8 жаштагы уулунан ажыраган ата-эне Царнаевдин өкүмүнүн ишке ашып жатканын өз көзү менен көргүлөрү келгенин айтышып, муну тездетүүнү талап кылышууда деп жазат International Business Times.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG