Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:22

Лукашенко Батышка кылыктанууда


Александр Лукашенко кенже уулу Николай менен Москвада, 9-май, 2015-жыл
Александр Лукашенко кенже уулу Николай менен Москвада, 9-май, 2015-жыл

Эл аралык басма сөзгө баяндама (24-31-май)

Эл аралык уюмдардын “Европанын акыркы диктатору” деген наамына татыган беларус президенти Александр Лукашенко Батышка болушунча кылыктанып жатат деп жазат The Washington Post гезитинин аналитиги Майкл Бернбум.

1994-жылдан бери бийликте турган бул лидер бир эле учурда эки ири күч менен теңата саясий оюн курууда. Мисалы, ал Орусия ар дайым Беларустун негизги өнөктөшү болуп, өлкөсү советтик стилдеги экономикасы менен Орусияга түздөн-түз көз каранды экенин айтканы менен Крымдын аннексияланышын расмий кабылдаган жок. Ал Евробиримдиктин төбөлдөрүн Минскиде тосуп алуу менен өлкөсүнүн улуттук саясаты орустардан обочо турарын белгилегиси келүүдө.

Крымдын бөлүнүшүн расмий кабылдабоосунун себеби, Беларус менен Украина тарыхый теги бир гана өлкөлөрдөн болбостон, соода, экономикалык жактан да эң жакын өнөктөш болуп келишкен.

Бириккен улуттар уюмунда да Крымдын бөлүнүшүнө каршы добуш бергендердин катарында Беларус бар эле. Европа биримдигине кирген Латвиянын тышкы иштер министри Андрейс Пилдегович: “Акыркы 20 жылдан бери Беларус Европа үчүн Американын Кубасындай. Лукашенко эч качан Вацлав Гавелдей боло албаса да Сербиянын лидери Слободан Милошевичтей деңгээлде эмес”, - деген. Лукашенко азыр башкы өнөгү Орусия менен Батыштын ортосунда кыл көпүрөдөн оңой өтүү ыкмасын издеп жатат дейт аналитик Бернбум.

Жанна Немцова: “Орусиянын келечеги караңгы”

Кремлге жакын жерде киши колдуу болгон орус оппозициячысы Борис Немцовдун кызы Жанна Немцова немистердин Stern журналына маек куруп, атасынын өлүмү, Орусиянын азыркы саясий абалы жана Батыштын санкциялары тууралуу көз караштарын айтты.

- Владимир Путин бийликте дагы узак мөөнөт турат деп ойлойм. Ал 2018-жылы шайлоого катышарын жарыялабадыбы. Дагы 6 жылга шайланса, журналисттер менен жарандык активисттерге болгон кысым азыркыдан дагы күчөйт. Орусиянын келечеги өтө караңгы. Батыштын санкциялары Путинди ооздуктай албады. Ошентсе да экономикалык чоң сокку болуп, жашоо деңгээли түшүүдө. Ансыз да алсыз турган экономикабыз азыркыдан да алсырады. Путиндин АКШ, Украина, Батыш жана орус диссиденттерине карата жаалданган карама-каршы пропагандасынын соңу коркунучтуу, - деди Немцова Stern басылмасына.

Оюнчук империясы адамзатты басып алабы?

Алгач Данияда чыгып, анан дүйнөгө таркаган Lego маркасындагы конструктор оюнчуктар барган сайын көбөйүп, 2017-жылга чейин оюнчук адамдардын саны дүйнө калкынан бир нече эсеге артарын The Economist журналы эсептеп чыкты.

“Чакан, бир гана түрдөгү оюнчуктарды чыгарган фирма 1990-жылы гана ачылса да бир нече жылдын ичинде эле майда бөлүктөрү менен дүйнөнү каптады. Америкада эле жылына 70 миллион доллардык Lego оюнчуктары сатылат.

Ал арада аталган компанияда иш менен камсыз болгондор да улам көбөйүүдө. Кино жана мультфильм тармагындагы каармандар да бул оюнчуктун сатылышына чоң салым кошту. Азыр дүйнө балдарынын жалпы орток кызыкчылыгынын бир бөлүгү катары Lego кирпичтерин эсептесе болот" деп жазат The Economist.

Май айы опурталуу аба ырайы менен эсте калды

Hindustan Times гезити май айындагы аба ырайын экстремалдуу деп атады. Себеби АКШнын Техас шататынын бир бөлүгүндө кургакчылык өкүм сүрсө, башка жагын суу каптады.

Индияда 1800дөн ашуун киши ысыкка чыдабай каза тапса, Тынч Океанда бурганак, сел элдин тынчтыгын бузду. Роджерс университетинин профессору Женнифер Францистин айтымында, жаратылыш адамзаттын шаштысын кетирүүдө.

Окумуштуулардын көбү мындай аномалдуу жаратылыш кырсыктарын Арктика деңизинин өздеңгээлинин түшүп кетүүсү, глобалдык жылуулук менен байланыштырууда. Америкалык метеорологдор табияттагы күтүүсүз, коркунучтуу окуялар мындан ары да кайталанат деп кооптонушат.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG