Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:47

Бишкектеги футболду дүйнө прессасы талкуулоодо


Кыргызстан-Австралия курамасынын беттеши. 16-июнь, 2015-жыл
Кыргызстан-Австралия курамасынын беттеши. 16-июнь, 2015-жыл

Кыргызстандын футбол тарыхы үчүн өтө маанилүү окуя болду деп дүйнөлүк пресса талкуулап жатат.

Британиянын The Guardian гезити “Оюн талаасынын чаңын сапырган кыргызстандыктарды жеңе албай, австралиялыктардын шаштысы кетти” деген аталыш менен бүгүн эртең менен макала жазды.

2018-жылдагы Дүйнөлүк чемпионатка даярдык иретинде болуп жаткан беттешүүлөрдө ФИФАнын тизмесинде эң акыркы орундарда турган Кыргызстан Бишкекте таң каларлык жана абдан кызыктуу оюн көрсөттү. Австралиянын чабуулчусу Тим Кэхилл оюн башталгандан 30 секунд өтпөй талаадагы атаандаштырынын күчтүү экенин байкап, жакында эле Германияга каршы ойногондой ыкманы колдонууга аргасыз болушканын билдирген.

“Австралиялыктар алгач бул оюндан жеңебиз деп аябай ишенимдүү чыгышкан, бирок оюн башталары менен сүрөгөн элдин деми Кыргызстан командасын шыктандырдыбы, оюн талаасынын чаңын сапырып, атаандаштарынын шаштысын кетирди. Оюндагы австралиялык футболчулардын маанайы дароо түшүп, оюн соңуна чейин нервдери чыңалып кетти. Мындай оюн Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп, Бишкектеги стадиондо футболдун кыргыз күйөрмандары биринчи ирет толуп-ташып турду.

Австралия командасынын башкы машыктыруучусу Анж Постикогли: “Кыргызстан командасынын даярдыгына таң калдым. Элдин сүрөөнүнөн улам алар бул оюнду жеңип кетеби деп аябай чочуладым. Мындай сүрөгөн элди биринчи жолу байкадым. Сүрөөнчүлөр оюнчуларга энергия берип турду”, - деп айтты. Жеңилип калганына карабай, кыргыз оюнчулары жана сүрөөнчүлөрү оюн соңунда стадиондон жеңгендей майрамдап чыгышты. Оюн жыйынтыгы Азиянын мындай кичинекей өлкөсү үчүн чындыгында эле күтүлбөгөн натыйжа берди. Себеби, жакында эле Жапония да ушундай эле беттешүүгө кирип голсуз чыккан, Кыргызстан үчүн бул чоң жеңиш" деп жазат The Guardian.

Австралияда чыккан Goal басылмасы "Орусияда 2018-жылы боло турган Дүйнөлүк чемпионатка ат салышууда Австралиянын башкы машыктыруучусу Анж Постикогли Борбор Азиядагы атаандашынан араң кутулду. Дүйнөлүк деңгээлдеги бул машыктыруучу Азия чемпионатынын жылдызы болгону менен Бишкектеги оюнда шаштысы кетип, жеңилип кала жаздады. Австралиянын ФИФА тизмесинде 177-орунда турган Кыргызстан менен мынчалык айыгышып ойнойт деп эч ким күткөн эмес" деп жазды.

Мындан тышкары foxsport, theroar, soceroors онлайн басылмалары да Бишкектеги оюнду, анда австралиялыктардын жеңилип калуу коркунучуна кабылганын жазып чыгышты.

http://www.foxsports.com.au: Австралиялыктар өткөргөн оюндардын өзгөчөлөрүнүн бири болду. Алар 2-1 эсебинде өмүрүндө болуп көрбөгөндөй кызуу сүрөөнгө, эмоцияга жана үзгүлтүксүз чабуулга кабылып атып утту. Кыргызстандын командасынын оюнчусу Алмаз Мирзалиев эң соңку мүнөттөрдө топту киргизгенде, талаа ээлери менен 18 миң көрүүчү Дүйнө чемпионатын уткандай кубанышты.

Кыргызстандын курама командасы менен ойногон австралиялык футболчулар кыргыз атаандаштары жана күйөрмандары тууралуу жазышты.​

soceroors: Уилкинсон: "Алар биздин шайыбызды оодарды. Аларды артында сүрөп турган калың эл, укмуштуудай атмосфера болду"

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG