Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:28

Индия: зордукталган кыз зордукчунун жары болот


Эл аралык басма сөзгө баяндама (5-13-июль)

Индияда зордукталган аял же кыз өзүн зордуктаган кишиге турмушка чыкса, кылмыш иши токтотулат деген мыйзам катуу талкууга алынууда.

Мындай демилгени Мадрас провинциясынын Жогорку Соту Пи Девадас көтөрүп чыккан. Девадастын бул сунушун Индиядагы аялдардын укугун коргогон активисттер катуу сынга алып жатышканын жазат The Washington Post гезити.

Индус салты боюнча эгерде аялды кимдир бирөө зордуктап, кош бойлуу болуп калса, анда ошол кишиге баш кошуш керек.

Акыркы мезгилде Индияда аялдарга карата сексуалдык зомбулук күчөгөндөн улам айрым сот өкүлдөрү бул салтты мыйзамдаштыруу маселесин көтөрүшүүдө.

Мадрас Жогорку Сотунун дагы бир судьясы Гиита Рамасешах: “Эгерде кимдир бирөө кызды же аялды зордуктаса, ал жакта жыныстык катнаш болот да. Бул жерде маселени чечүүнүн эң оңой жолу – зордукталган кызды зордукчусуна берүү”, - деп эсептейт. Бирок индус аялдары сот өкүлдөрүнүн бул сунушун сындап жатат деп жазат The Washington Post.

Дүйнөнү дүңгүрөткөн филиппиндик бала

Филиппиндик Даниэль Кабреро
Филиппиндик Даниэль Кабреро

Филиппинде үйү жок, жакыр жашаган Даниэл Кабрера аттуу бала каражаты жетишпей, мектепке бара албагандан улам кечкисин McDonald's ресторанынын терезесинен көчөгө тийген жарыкта сабак окуп отурган сүрөтү узаган аптада дүйнөлүк басма сөздө кызуу талкууланып, Даниэлге жердин чар тарабынан билим алуусуна акчалай каражаттар которулду.

Time журналындагы макалада Даниэл келечекте Филиппиндеги тартипти сактоочу полиция кызматкери болгусу келгенин айткан. Кылмыштуулукка жана терорризмге каршы мамлекеттик комитет ага ошол замат мектепте окуусу үчүн акча бөлгөн.

Даниэлдин чөгөлөп отуруп алып, ресторандан тийген жарыкта сабак окуп отурган сүрөтүн Жойси Торрефранса аттуу студент тартып алып, социалдык тармактарга койору менен глобалдык талкууга алынды. Баланын апасы көчөдө кайырчылык кылып, күнүнө болгону 2 доллар тапчу.

The Economist: ууланган Майлуу-Суу

Британиянын The Economist журналы Майлуу-Суудагы уран калдыктары тууралуу жазып чыкты.

Советтер Союзу учурунда он миңдеген тонна уран өндүргөн бул аймактагы элдин саламаттыгы азыр коркунучта. Уран калдыктары көмүлгөн аймакка жакын жашаган элде рак илдети өзгөчө күчөдү. 1991-жылдан бери кароосуз калган Майлуу-Суудагы уран калдыктары жалгыз гана Кыргызстан үчүн эмес, бүтүндөй Фергана өрөөнүндө жашаган 10 миллион элге коркунуч жаратат. Ошентсе да бул жакта жашаган жергиликтүү атуулдар бийлик тарабынан кандайдыр бир абалды оңдоого кадам жасалганын, же элге аймактагы радиациялык фон тууралуу маалымат берилип жатканын байкай элек. Ал тургай айрым тургундар ондогон жылдар бою көмүлгөн уран калдыктары адам саламаттыгына зыяны тийбейт деген пикирде”, - деп жазат The Economist.

Чиркөөнү оңдоо үчүн мусулман кыз акча чогултту

Америкада Чарльстон чабуулунан өрттөнүп кеткен христиан чиркөөсүн оңдоо үчүн Фатима Найт аттуу мусулман кыз акча чогултуу акциясын баштап, 30 миң доллар чогултканын кабарлайт The Independent гезити.

23 жаштагы Фатима америкалык мусулмандардан чиркөөнү оңдоо үчүн аз-аздан акча топтогон. Бирок анын бул демилгесин дүйнөдөгү мусулман коомчулугу колдоп чыгып, Рамазан айында битир-садака берүүнү чиркөө үчүн деп улантышты.

Фатима алгач 500 доллар гана чогултам деп ойлогон, бул сумма улам көбөйүп отуруп, эми 30 миңден ашты. Ал “Ислам алсыздарды коргоп, муктаждарга жардам берген дин деп эсептейм”, - деп айткан.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG