Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Диндин душманы – дин


Палестинадагы Орозо айт
Палестинадагы Орозо айт

Эл аралык басма сөзгө баяндама (27-июль - 3-август)

Foreign Policy журналынын аналитиги Нокс Тэймс азыркы тапта дүйнөдөгү диний эркиндик коркунучта экенин жазып чыкты.

“Өткөн кылымдын башында адамзатты секулярдык авторитаризм менен тоталитардык режим коркутса, азыркы таптагы дүйнөнү кооптонткон эң башкы көйгөй - диний радикализм. Мисалы, дүйнөлүк согуш мезгилине окшош адамзатка шек келтирген кылмыштарды азыр Жакынкы Чыгыштагы "Ислам мамлекети" террордук тобу ишке ашырып жатат. Ал жактагы язидийлер менен христиандар массалык кыргынга алынды. Бирок муну менен мусулмандар жыргап кетти дей албайбыз.

Исламдан чыккан радикализм бул диндин өз шариятына каршы келип, чоң душманына айланды. Себеби суннит – шиит карама-каршылыгы да миңдеген кан төгүүгө себеп болууда.

Бул жаңы реализм азыркы тапта эл аралык коомчулукту жана адам укугун коргогон институттарды жаңы нукта иштөөгө шарт түзмөкчү. Айрыкча Борбор Азиядагы акыркы абал дүйнө элин кооптондурушу керек. Мисалы, Тажикстанда хижаб кийгендерди тыйып, мечиттерде намаз окугандар катуу кысымга кабылууда. Мындай абал өлкөдө диний радикализмди басаңдатпастан, диний чыңалууга алып келерин бийлик унутпаса болмок. Себеби экстремисттик, радикал диний топтор ар дайым кысымга алуудан курчуп, кайра күчөгөн эл аралык тажрыйба бар”, - деп жазат Тэймс.

Батыш жээкте палестин наристе өлтүрүлдү

Израилдин Батыш жээгиндеги Дума аймагында палестиналык эмгек мигранттарынын 1,5 жаштагы наристеси израилдик терорр чабуулунан көз жумду. Бир жарымга жаңы толгон Али Давабшанын өлүмү Палестина менен Израилдин ортосундагы отко май тамызып, Израилдин террор менен күрөшүүдө алсыздыгын көрсөткөнү жазат The Independent гезити.

Жөөт экстремисттери Думадагы арабдар жашаган бир нече үйгө кол салып, кичинекей Али жашаган үй өрттөнүп, наристе өрттөн каза болгон. Анын төрт жаштагы агасы менен ата-энеси оор абалда Израилдин ооруканаларына жеткирилген.

Алинин жаназасына палестиналык "Фатах" кыймылынын лидери Махмуд Алул катышып: “Алла жолунда өлгөндөр дароо жараткандын жанына, бейишке барат”, - деп, Курандан үзүндү окуду.

Израилдин премьер-министри Бенжамин Нетаняху: “Бул ишти тероррдук чабуул деп эсептейм, муну уюштургандар өз жазасын алат”, - дегени менен азырынча бир да адам кылмышка шектүү катары кармала элек дейт The Independent.

Эл аралык коомчулукта бул окуя катуу сынга кабылып, Израилдеги адам укугуна каршы иштерди тез арада карап чыгуу маселеси көтөрүлүүдө.

Уитни Хьюстондун жалгыз кызы көз жумду

3 жыл мурда каза болгон атактуу ырчы Уитни Хьюстондун 22 жаштагы кызы Бобби Кристина узаган аптада алты айлык комадан кийин көз жумду. Бирок аны эскерүү кечесинде чиркөөдө Хьюстон жана Бобби үй-бүлөлөрүнүн ортосунда чыр чыкты деп жазат Time басылмасы.

Мегажылдыздын жалгыз кызы алты ай мурда ашыкча баңгизатка ууланып эс-учунан таңган бойдон Атлантага жакын ооруканада жатып, каза тапты. Аны эскерүү үчүн чиркөөгө барган атасы, R&B жылдызы Бобби Браундун эжеси Леола Браун жана Уитнинин кайниси Пэт Хюстондун ортосунда кайым айтышуу болгон.

Ханзаада Жорждун кымбат белеги талкууда

Ал арада Британиянын кенже ханзаадасы Жорждун туулган күнүнө алган белеги дүйнөлүк басма сөздө кызуу талкууга алынды.

The Mirror гезити 2 жаштагы ханзаадага чоң атасы Чарльздын Хайгров аймагындагы үйүндө ойной турган 18 миң фунт стерлинг турган оюнчук үй белекке берилгенин сүрөтү менен кошо жарыялады. Бул үйдүн ичинде бардык оюнчуктар бала ойногонго ыңгайлуу формада кадимки үйдүкүнө окшош өлчөмдө жасалган.

Жыгач жана таштан жасалган оюнчуктун баасы айрым британдыктардын кыжырын келтирсе, айрымдары муну жакшы жарнама кадам катары баалашууда. Ханзаада Жорж дүйнөдөгү балдардын ичинен эң кымбат белек алган наристе катары тарыхта кала турган болду дейт The Mirror.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG