Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:52

Түркия ажылыкты уюштурууга кызыкдар


Минадагы кырсык, 24-сентябрь, 2015
Минадагы кырсык, 24-сентябрь, 2015

Эл аралык басма сөзгө баяндама (21-28-сентябрь)

Узаган аптада дүйнөлүк басма сөздө эң көп талкууланган тема Курман айт күнү Минадагы 700дөн ашуун киши мерт кеткен окуя болду.

"Сауд Арабиясы Мекедеги ажылыкты өткөрүүгө татыктуу эмес, мындай иш анын колунан келбейт" деген ураандар менен Тегеранда миңдеген адамдар демонстрацияга чыгышты деп маалымдайт Foreign Policy журналы.

Кырсыктан Ирандын 131 атуулу мерт кеткен. “Бул Саудия бийлиги көрсөткөн биринчи шалаакылык эмес. Бир нече күндүн ичинде эле жүздөгөн жанды кыйган эки чоң кырсык болду. Сауд Арабиясы ажылыкты уюштура албастыгын дүйнө көрдү”, - дейт Иран парламентинин улуттук коопсуздук боюнча мүчөсү Аладдин Боружерди.

Ал арада Саудиянын падышасы Салман кырсык тыкыр иликтенерин, бирок каргаша зыяратчылар тартипти сактабагандыктан улам болгонун жар салып, жоопкерчиликти өлкөсүнөн толук алып салды деп жазат Foreign Policy.

Ирандагы нааразычылык акциясы
Ирандагы нааразычылык акциясы

New York Times гезити бир да тарапты айыптабастан, окуянын илимий түшүндүрмөсүн издегенге аракет кылган.

Зилзала, өрт, сел каптоо же бомбалоо сыяктуу апааттарда бир жерге топтолгон көп адамдардын тобунда аз эле киши ызы-чуу чыгарса, ошол топтогулардын баары коркунучка кабылат. Мекеде да бир күндө жерди билбеген, бейтааныш эки миллионго чукул киши чогулуп, белгисиз тарапты көздөй баса берип, адамдын ички түпөйүлү сыртка чыккан.

Рутгерс университетинин профессору, социолог Ли Кларктын изилдөөсү боюнча, бир чарчы метр жерге жыйырмага чукул киши тыгылып турганда дем алуу кыйындап, кишинин өзүн коргоо инстинкти жогорулап, алсызын түртө баштайт. Индия окумуштуулары массалык тебелендиде калып өлгөндөрдүн көбү диний зыяратка туура келерин айтышат.

Ал эми Washington Post гезитинин аналитиги Ишан Зарур ажылыктын тарыхына кайрылып, 1930-жылдары Мекеге 30 миң эле киши барса, азыр алардын саны үч миллионго жетип, коопсуздукту камсыздаган 100 миң кызматкер жетишсиз болуп калганын жазат.

“Ал арада Саудия бийлиги жоопкерчиликти алгысы келбей, күнөөнү Африкадан барган зыяратчыларга оодарууда. Мекедеги кырсыктан улам ажылыктын милдетин өзүнө алгысы келген өлкөлөр баш көтөрдү. Иран бул маселени кабыргасынан койсо, Анкаранын мэри Твиттерге ажылыкты уюштурууну Түркияга тапшыруу керектигин билдирди”, - деп жазат Ишан Зарур.

Далай Лама жолун улоочу аял болушун каалайт

Буддачылардын лидери Далай Лама
Буддачылардын лидери Далай Лама

Будданын жол баштоочусу Далай Лама Channel 4 каналына маек куруп, өзүнөн кийин ламалыкка аял келип калса, сулуу жана акылдуу болсо деген тилегин айтты.

Журналист Кети Нюмен The Telegraph гезитине акыркы мезгилде диндеги эркектердин аялдарга карата мамилеси өзгөрө баштаганын жазып, англис чиркөөсү аял попторду алуу чечимин чыгарганын, Рим Папасы аялдардын бутун жууп, эми Далай Лама өз жолун улоочу киши аял болуусун айтып чыкканын мисал келтирди.

“Окумуштуулар аял менен эркекти изилдешип, көп учурда аялдын адилеттүү, сезимтал жана күчтүү экенин аныкташты. Азыр 21-кылымда жашайбыз. Аялдар гумандуулукту жайылтууда олуттуу иш алып бара алат деп ишенем”, - деген Далай Лама.

Нобель сыйлыгын алган изилдөө

Анкарада демонстрация учурунда өбүшкөндөр
Анкарада демонстрация учурунда өбүшкөндөр

Өбүшүү адамдагы аллергиялык ооруларды басаңдатып, адам саламаттыгын чыңдайт деген тыянагы үчүн Жапониянын Осака университетинин профессору Хажиме Кимата медицина боюнча Нобель сыйлыгына татыды деп кабарлайт Wall Street Journal.

Жарым саат бою тынымсыз өбүшүү адамдагы аллергиялык белгилерди басаңдатат. 2003-жылы профессор Кимата эмендин чаңына аллергия болгон 30 кишини тажрыйбага алып, аларды түгөйлөрү менен 30 мүнөт бою жагымдуу музыканын коштоосунда өбүштүргөн. Натыйжада аллергиясы бар адамдын оорусу азайганы байкалган.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG