Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:18

“Чоң жетилик” Орусияга каршы санкцияны күчөтүүгө даяр


"Чоң жетилик" лидерлеринин жыйыны. 8-июнь, 2015-жыл.
"Чоң жетилик" лидерлеринин жыйыны. 8-июнь, 2015-жыл.

“Чоң жетиликтин” тобундагы өлкөлөр Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүгө даяр. Бул тууралуу Германияда аяктаган саммитин соңундагы билдирүүдө айтылды. Саммитте макулдашылгандай, украин жаңжалынан улам Орусияга каршы киргизилген санкциялар сакталат, эгер кырдаал талап кылса “Чоң жетиликтин” өлкөлөрү жаңы санкцияларды киргизүүгө да даяр.

Дүйнөдө экономикасы эң өнүккөн жети өлкөнүн саммити бул ирет Германиянын Альп тоолорунун койнундагы Гармиш-Партенкирхен курорттук шаарчасында өттү.

Саммиттин күн тартибине эл аралык саясаттагы, дүйнөлүк экономикадагы абал менен катар климаттын өзгөрүүсүнө, терроризмге, атап айтканда Ирак менен Сириядагы “Ислам мамлекети”, Нигериядагы “Боко Харам” экстремисттик топторуна каршы күрөшүү маселелери коюлду.

Саммиттин алгачкы иш күнүндө жана анын алкагындагы эки тараптуу жолугушууларда Украинадагы жаңжал үстөмдүк кылган эле. Бул маселеге “Чоң жетиликтин” лидерлери саммиттин жыйынтык бөлүгүндө да кайрылышты.

Конок ээси, немис канцлери Ангела Меркел жыйынтык пресс-конференцияда Украина боюнча макулдашууларды мындайча чечмеледи:

- Биз Украинанын түштүк-чыгышындагы жаңжал Минск келишимине негизделип, саясий жол менен гана жөнгөрүлө алат деп айтып жатабыз. Орусияга каршы санкциялардын жоюлушун биз Минск келишимине байлоону макулдаштык. Биз ошондой эле эгер кырдаал талап кылса, муну каалабасак дагы санкцияларды күчөтүүгө да даярбыз. Бирок биз саясий жараянды Минск келишими боюнча алга жылдыруу үчүн колдон келгендин баарын жасашыбыз керек деп эсептейбиз.

Минск-2 тынчтык келишими толук аткарылып, Москва коңшусунун суверенитетин урматтамайынча Орусияга каршы санкцияларды сактоону АКШ президенти Барак Обама менен немис канцлери Ангела Меркел саммитке чейинки сүйлөшүүлөрүндө эле макулдашкан эле.

Президент Обама жыйынтык пресс-конференцияда белгилегендей, украин кризиси боюнча дипломатиялык чечим табылгыча Минск келишими боюнча милдеттенмелер аткарылбагандыктан, Орусияга каршы санкциялар сакталат:

- Биз соңку күндөрү күбө болгондой, Орусиянын күчтөрү Украинанын чыгышында өлкөнүн суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн бузууну улантууда. “Чоң жетилик” экинчи ирет Орусиясыз жолугууда. Бул ал изоляцияда калганынын дагы бир белгиси. “Чоң жетиликтин” ар бир мүчөсү Орусияга каршы санкциясын улантат.

Президент Барак Обама ырастагандай, санкциялардан улам орус экономикасы “кыйла алсырады, чет элдик инвестиция көлөмү төмөндөдү, орус банктары менен фирмалары эл аралык базарга кире албай калды, Улуттук банк чет элдик валюта корунан 150 миллиард доллар жоготту:

- Акыр аягында бул президент Путин үчүн маселе. Ал совет империясынын даңкын кайра тикелөө боюнча жаңылыш мүдөөнү кууп, Орусиянын изоляциясын, өз өлкөсүнүн экономикасын талкалоону улантабы же Орусиянын улуулугу башка өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгүн жана суверенитетин бузууга көз каранды эместигин моюнга алабы?

Президент Обама кошумчалагандай, Орусияга каршы жаңы санкциялар боюнча сүйлөшүүлөр азыр саясий эмес, техникалык деңгээлде жүрүүдө.

Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнесттин айтымында, Вашингтон санкциялардан экономикасы АКШга караганда Орусияга көбүрөөк байланышкан Евробиримдик да зыян тартып жатканын моюнга алат.

Орусия “Чоң жетиликтин” санкциялар боюнча соңку турумун сынга алды. Тышкы иштер министри Сергей Лавров Москвадан буларга токтолду:

- Орусияга каршы санкцияларды - Минск келишимин аткарууну жалгыз Орусияга байлоо менен биздин батыштык өнөктөштөрүбүз, албетте, азыркы украин өкмөтүнүн барымтасында калгандай.

Мурда "Чоң сегиз" деп аталган топко Орусия 1998-жылы кошулуп, бирок былтыр Крымдын аннексиясынан кийин чыгарылган болчу. Министр Лавров мурдараак “Чоң сегиз” бейформал бирикме экенин, ага кирүүгө “эч ким билет жазып бербесин, Москва ага жабышпай турганын” айткан эле.

“Чоң жетиликке” АКШ, Британия, Германия, Италия, Канада, Франция, Жапония кирет.

“Чоң жетиликтин” саммити бул ирет да нааразылык акциялар менен коштолду, бирок демонстрациялардын масштабы мурдагыдай чоң болгон жок.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG