Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:20

Абхаз лидери Сергей Багапш дүйнө салды


Абхазиянын жетекчиси Сергей Багапш. Москва ш., Орусия. 2010-жылдын 26-марты.
Абхазиянын жетекчиси Сергей Багапш. Москва ш., Орусия. 2010-жылдын 26-марты.

Грузиядан өзүн бир жактуу «эгемен мамлекет» деп жарыялаган Абхазия жумуриятынын лидери Сергей Багапш (1949-2011) 29-майда Москвада ооруканада жатып, узакка созулган катуу оорудан көз жумду.

Эми 3 ай Абхазиянын президентинин милдетин вице-президент Александр Анкваб аткарат.

Абхазиянын Конституциясы боюнча алдыдагы 3 ай ичинде жалпы элдик шайлоо өтүп, республиканын башчысы аныкталышы керек.

21-майда Москвада орус, француз дарыгерлери Абхазиянын лидери Сергей Багапштын оң өпкөсүнө операция жасашкан.

Дарыгерлердин операция ийгиликтүү өттү деген бүтүмүнө карабастан, бир нече күндөн кийин Багапштын саламаттыгы кескин начарлап, дем алуусу оорлогон.

62 жаштагы Сергей Багапш узак убакыт онкологиялык илдеттен жабыркап жүргөнү көзү өткөндөн кийин айтылды.


«Мандарин ыңкылабынын» жеңүүчүсү

Сергей Багапш - 1990-жылдары Грузиянын курамынан бөлүнүп кеткен Абхаз автономиясынын экинчи президенти.

2004-жылы «Бирдиктүү Абхазия» жана согуш ардагерлеринин "Амцахара" (1992-1993-жж.) коомдук кыймылдарынын колдоосуна таянган оппозициялык лидер Сергей Багапш президенттик шайлоодо жеңген. Расмий Москва болсо анын атаандашы Раул Хажимбаны колдогон.

Бийликтер шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, аны жокко чыгарууга аракеттенгенде Сухуми менен Гаграда эки талапкердин тарапкерлери кагылышкан. Нааразылык толкундоолору уланып, каршылык акциялары өткөн.

Орусия болсо Абхазия менен чек ара бекетин жаап, абхаз мандаринин өз аймагына киргизүүгө тыюу салган.

Сухуми менен байланыштарган темир жол каттамы токтотулган – бул болсо Кремлдин Багапшка жасаган кысымы катары сыпатталган.

Узакка созулган тирешүүдөн кийин Москванын колдоосуна таянган Хажимба талапкерликтен баш тартып, Орусия болсо Абхазия менен алакасын калыбына келтирген. Натыйжада, Сергей Багапш – «мандарин ыңкылабынын» жеңүүчүсү катары таанылган.

2005-жылы кайрадан шайлоо өтүп, Багапш көпчүлүк добуш менен Абхазиянын президенти болуп калган.

Ал бийликте турганда Абхазия менен Түштүк Осетия көз карандысыздыгын жарыялап, аны Орусия, Никарагуа, Венесуэла жана Тынч океан аймагындагы Науру мамлекеттери тааныган.

«Мен абхаз элинин жана өзүмдүн атыман бүгүн ушул жерде, Орусиянын жүрөгү Кремлде, досторубуздун арасында көз карандысыз таанылган мамлекет катары турганыбызга чоң ыраазычылык билдиргим келет. Биз эмне болуп жатканын абдан жакшы түшүгөн адамдарбыз», деп айткан Сергей Багапш 2010-жылдын башында Мосвкада туруп.

Анткен менен дүйнөлүк коомчулук Абхазияны ушул күнгө чейин Грузиянын аймактык биримдигине кирген автономия катары тааныйт.

Абхазиянын көпчүлүк тургундары Орусиянын жарандары болуп саналат. Ага карабастан, Сергей Багапш «Абхазия эч качан Орусиянын курамына кирбейт, өлкөнүн саясий стратегиясы - эгемендик», - деп бир канча ирет кайталаган.

Ошол эле учурда президент Багапш Грузия менен бир гана шартта - эгер Тбилиси Абхазиянын эгемендигин тааныганда гана алака түзүүгө бара тургандыгын ачык айткан. Грузия болсо Абхазияга өз курамында кеңири укугу бар автономиянын макамын берүү сунушун билдирген.


Түштүк Кавказ: «5 күндүк согуш»

2008-жылдын июн айында Абхазияга темир жол оңдойт деген жүйө менен орусиялык аскер бөлүктөрү киргизилген. Тбилиси болсо өз аймагына чет өлкөлүк аскер курамынын киргизилишине дароо каршылык билдирген.

Саясий тирешүүнүн аптабы күчөп, 2008-жылдын август айында Түштүк Осетиянын башкалаасында грузин-орус согушу башталган.

Абхазия бул урушка түздөн-түз катышпаганы менен грузиндерден олуттуу жапа чеккенин жар салган.

«Грузиянын азыркы жетекчилиги – парламенти, аткаруу бийлиги. Президенти менен эч кандай алака-байланыш болбойт», - деп билдирген Багапш мырза.

Түштүк Осетиядагы «5 күндүк согуштун» жыйынтыгында Орусия Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныган.

2009-жылы Сергей Багапш экинчи ирет президенттик шайлоодо жеңген. Европа Биримдиги шайлоо эл аралык талаптарга жооп бербейт деген негизде анын жыйынтыгын тааныган эмес.

Өз жумуриятын көз карандысыз өлкө деп жарыялаганы менен Сергей Багапш Кремл башчыларынын көзүн карап, ал тургай Абхазияда узак мөөнөткө орусиялык аскерий база курууга макулдук берген:

«Абхазиянын калкы Орусияны Кавказда, Түштүк Кавказда туруктуулуктун сакталышынын кепили катары көрөт».

Сергей Багапш 1949-жылы Сухумиде туулган, кесиби – агроном.

Абхаз лидери менен коштошуу зыйнаты Москвада, анан Сухимиде өткөрүлүп, 2-июнда маркумдун сөөгү кичи мекени Абхазиянын Жгерда кыштагында жерге берилет.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG