Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:22

Мексика бийлиги Алиевдин эстелигин көчүрдү


Мехиконун бийлиги Азербайжандын мурдагы президенти Гейдар Алиевдин эстелигин шаар борборундагы белгилүү парктан алып салды.

Эстеликтин кайсы жерге алынып кеткени азырынча белгисиз. Бир нече күн мурда бейөкмөт уюмдардын бири Азербайжан бийлиги азыркы президент Илхам Алиевди колдогон электрондук каттарды жаадыртканын билдирген.

Ошентип бир нече айдан бери созулуп келаткан талаш-тартышка чекит коюлуп, алыскы Азербайжандын бир кездердеги лидери Гейдар Алиевдин колодон жасалган килейген эстелиги Мексика баш калаасындагы Чапултепек паркынан алынды. 26-январда жумушчулар эстеликти жүктөп, белгисиз жерге алып кетишти. Азербайжан бийлиги азырынча буга байланыштуу үн ката элек.

Буга чейин расмий Баку эстелик алынса, эки тараптын мамилелерине залака тиерин эскертип келген.

Сейил бактын бир бөлүгүн оңдоп-түзөөгө Баку өкмөтү Мехико шаарына 5 миллиондой доллар бөлүп берип, ал “Мексика-Азербайжан достук паркы” деп аталган. Азыркы президенттин атасы маркум Гейдар Алиевдин эстелиги былтыр 12-августта ачылган. Ошондон бери анын айланасында ызы-чуу тынбай жатты.

Шаар бийлиги түзгөн комиссия өткөн ноябрда айкел борбордук Реформа проспектисинен башка, символикалык жактан анча маанилүү эмес жерге көчүрүлсүн деген кеңеш берген. Азербайжан болсо келишимге ылайык, ал 99 жыл турууга тийиш деп талашып келди жана эстеликти көчүрүү демилгеси артында Армения турат деп күнөөлөгөн. Эки өлкө Тоолуу Карабак анклавы жана башка маселелерден улам жылдардан бери кас мамиледе болуп келатат.

Мехико шаарынын өкмөтү 26-январда жасаган билдирүүдө Азербайжан элин, маданиятын жана салттарын урматтаарын, Азербайжан элчилиги менен сүйлөшүп, эстеликти кайсы жерге көчүрүүнү чогуу чечүүгө даярдыгын айтты.

Сынчылар мемориалдык тактыдагы жазууга да көңүл бурушат. Анда Алиев “Ата-мекенге кызмат өтөөнүн, дүйнөдөгү тынчтык идеяларын пир тутуунун үлгүсү” катары сүрөттөлөт. Адам укуктарын коргоочулар Алиевдин тушунда өлкөдө авторитардык бийлик орногонун, адам укуктары одоно бузулуп келгенин эске салышат.

Мексикалык жазуучу, жарандык активист, эстеликке каршы болгон маданий ишмерлердин жана интеллектуалдардын тобун жетектеген Омеро Аридхистин айтымында, Азербайжанды Мексикада дээрлик билишпейт жана Тоолуу-Карабак жаңжалына кызыккандар жок:

- Азербайжан өңдүү көпчүлүккө бейтааныш, бизден аябай эле айырмаланган өлкө лидеринин айкелин орнотуу маданий жана тарыхый түшүнбөөчүлүктү пайда кылды. Армения менен Азербайжан ортосундагы жаңжалдын бизге эч кандай тиешеси жок. Ал чатакты ошол эки өлкө чечип алышы керек.

Ал тапта Уюшкан кылмыштуулук жана коррупция боюнча журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзгөн бейөмөт уюм Азери өкмөтү өлкөнүн интернеттеги имиджин коргоого киришкенин айтып чыкты.

Сараеводо жайгашкан уюм азери президенти Илхам Алиевди паракорлук боюнча жылдын адамы деп атаган. Ошондон бери аларга президентти жактаган миңдеген каттар тынбай келип атканын редактор Дрю Салливан айтат:

- Сайтыбызга электрондук каттарды жаадырып, анын ишин үзгүлтүккө учуратууга багытталган координацияланган аракеттерге күбө болдук. Көбү бири-бирине окшош, бир эле форматта. Мага ошондой 4 миңдей кат келди.

Айтмакчы, ошол иликтөөнү "Эркин Европа/Азаттык" радиосу да чагылдырып, өз сайтына жайгаштыргандан кийин миңдеген электрондук каттар каптап кеткен.

Аналитиктер менен активисттердин көз карашында, мындай аракеттер менен өлкөнүн интернеттеги имиджин жакшы жактан гана көргөзүү аракеттери көрүлүүдө жана мунун артында Баку өкмөтү турушу мүмкүн.

Ошол каттардын көбү реалдуу даректерден жана адамдардан келгендей көрүнөт. Бирок басымдуу бөлүгүнүн мазмуну англис, азери жана орус тилдеринде үтүрүнө чейин кайталанат.

Мазмуну демекчи, каттарда Алиев же анын үй-бүлөсүнө тагылган коррупция дооматтарына каршы пикирлер айтылбастан, азери калкы президентти жакшы көрөт, өлкөнүн көз карандысыздык алгандан берки ийгиликтери сыймыктандырат деген өңдүү билдирүүлөр камтылган.

Азербайжандык блогер Хебиб Мунтезир жазганына караганда, Билим берүү министрлиги көрсөтмө берип, мугалим, окуучуларга жогоруда сөз болгон эки сайтка кат жазууну айткан. Министрлик ошондой даттануу-каттардын англис, азери жана орус тилдериндеги үлгүлөрүн, каттар салына турган веб-сайттардын дарегин да тиркеген.

Эксперттер спам кампаниясы өкмөтчүл күчтөрдүн интернетти көзөмөлдөө аракеттеринин бир бөлүгү болушу мүмкүн деп эсептешет.

"Азербайжанда саясий турмуштун ири бөлүгү Фейсбукка көчкөн деп айтсак туура болчудай. Себеби өз оюн эркин билдирүүгө, эркин сүйлөөгө мүмкүнчүлүктөр чектелүү. Андыктан Азербайжанда саясий Фейсбук дүйнөсү абдан активдүү", - дейт Вашингтон университетинде мурдагы СССРдеги интернет технологиялар боюнча дарс окуган Кэти Пирс.

Редактор Дрю Салливан болсо буга чейин паракорлук боюнча чыккан баяндамалар бийликтердин көз жаздымында калганын айтып, электрондук чабуул кампаниясы жаңы бир көрүнүш экенин кошумчалайт.

XS
SM
MD
LG