Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:25

Прагадагы жарылуудан кырктай киши жаракат алды


Шаардын борборунда болгон жарылуудан акыркы маалыматтарга караганда кырктай киши жараланды. Бир кишинин абалы оор деп маалымдалууда.

Өрт өчүргүчтөрдүн башчысы Яромир Пешектин айтымында, жарылуунун себеби имараттагы жаратылыш газы болушу мүмкүн. Жарылуудан улам, биринчи, экинчи кабаттарда пол түшүп кеткен.

Ушу тапта 220дай киши эвакуацияланды, 19 турак жайга газ берүү токтотулду. "Тез жардам" кызматынын жетекчиси Зденек Шварц урандылардын астында үч-төрт киши калган болушу ыктымал деп билдирди. Бирок азырынча набыт кеткендер тууралуу маалымат тактала элек.

Күбөлөр жарылуу күчтүү болгонун айтышууда. Имарат беш сантиметрге жылгандыктан, кулап калышы мүмкүн деп маалымдалууда. Ошол көчөдөгү бир нече имараттардын терезелери күбүлүп, короодогу машинелер катуу талкаланган. Полиция окуя болгон жерди курчоого алып, бир нече саатка жол кыймылын токтотуп, азыр эле кайра калыбына келтирилди.

Кырсык Фильм академиясы менен Карлов университетинин социалдык илимдер факультетинин жанында болгон. Доктурлар жарадар болгондордун арасында алты чет өлкөлүк жаран бардыгын кабарлаган. Алардын экөө казакстандык экендиги тастыкталды. Кыргызстандыктар жабыркаган жок.

XS
SM
MD
LG