Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:49

Бельгия: Кандуу калабадан кийинки жагдай


Брюсселдеги кандуу калабадан жаракат алгандардын дагы төртөө өзүнө келе албай, өмүр менен кош айтышты.

Бельгияда 30дан ашуун өмүрдү кыйып, 270 адамды жарадар кылган 22-марттагы террордук чабуулдардан соң кечээ бул окуяларга тиешеси бардыгы шектелген төрт киши кармалганы жарыяланды.

Учурда коопсуздук кызматтары Брюсселдеги террордук чабуулдарга байланыштуу дагы кеминде сегиз адамды издеп жатат.

Дагы үч адамга айып тагылды

Бельгия прокуратурасы бүгүн дагы үч адамга террордук топко тиешеси бар деген айып тагылганын жарыялады. Ясин А., Мухаммед Б. жана Абубакир О. деп аныкталган бул адамдар соңку күндөрү Брюссель менен түндүктөгү Мехелен жана Дуффел шаарларындагы рейд учурунда кармалган. Прокуратура бул үч адам Брюсселдеги 22-марттагы террордук чабуулдарга, же аларды ишке ашырган үч жанкечти менен байланышы бар-жогу тууралуу маалыматтарды айткан жок.

Бельгиянын Федералдык прокуратурасы 27-мартта соңку күндөгү 13 рейдден жалпысынан шектүү делген тогуз адам кармалып, бирок баштапкы сурактардан кийин бешөө кайра бошотулганын кабарлаган. Кармалган төрт адамдын бири да кийинчерээк бошотулду.

Бул арада Бельгиянын саламаттыкты сактоо министри 22-марттагы террордук чабуулдун курмандыктары дагы төрт кишиге көбөйгөнүн кабарлады.

“Жаракат алып ооруканада жаткандардын дагы төртөө өмүр менен кош айтышты. Алардын өмүрүн сактап калуу үчүн колдон келгендин баарын жасадык, маркумдардын жакындарына көңүл айтам”, - деп жазды министр Мэгги де Блок Твиттерге.

Ошентип 22-марттагы кандуу калабадан ажал тапкандар жалпысынан 35ке жетти. Бул сан өзүн жардырган үч жанкечтини да камтыйт.

Бельгия прокуратурасы Брюсселдеги жардырууларга байланыштуу 26-мартта да үч адамга террорчулук боюнча расмий айып тагылганын жарыялаган. Алардын бири Файсал С. аттуу адам экени айтылып, калган экөөнүн аты-жөнү ачыкка чыгарылган эмес. Файсал 22-мартта өзүн жардырган ага-ини Холид жана Ибрагим ал-Бакравийлер менен чогуу болгону айтылууда. Бул үч адам тең 25-мартта Брюсселде кармалган. Бельгия телевидениеси булардын бири жардыргыч заттар салынган баштык менен колго түшкөнүн кабарлады.

"ИМди толук жок кылмайын токтобойбуз"

Брюсселдеги кандуу калабадан кийин көптөгөн дүйнө өлкөлөрүнүн лидерлери Бельгияга көңүл айтып, террорго каршы күрөштө тилектештигин жана колдоосун билдиришти.

АКШ президенти Барак Обама да жума соңундагы кайрылуусунда күнөөсүз адамдардын өмүрүн кыйган террорчуларды таап, жоопкерчиликке тартууда Бельгия өкмөтүнө жардам берүү менен колдоп-кубаттоого даярдыгын билдирди:

- Биз Бельгия эли менен биргебиз. Террордук чабуулдар 30дан ашуун өмүрдү алып кетиши баарыбыздын жүрөгүбүздү оорутту. Курман болгондордун арасында эки америкалык да бар экени белгилүү болду. Алардын үй-бүлөсү менен жакындарына кайрат айтабыз. Мындан тышкары кеминде дагы 14 америкалык жаракат алды. Биз бул калабада жаракат алган башка кишилер менен катар алардын да толук сакайып кетишин тилейбиз.

Барак Обама андан ары “Ислам мамлекети” террордук тобу жер менен жексен болмоюнча аларга каршы күрөш улана берерин кошумчалады:

- Биз “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөштү бул уюм толук жексен болгончо уланта беребиз. Аз күн мурда биз анын жетекчилеринин бирин жок кылдык. Аларга каршы күрөшүп жаткан Ирак менен Сирия күчтөрүн колдогон аба соккуларынын натыйжасында биз террордук топ ээлеп алган аймактын 40 пайызын бошоттук. Мосул чептеринде террорчуларга басым жасай баштаган Ирак күчтөрүн колдоп жатабыз. Биз "Ислам мамлекети" тобу толук жок болмоюнча токтобойбуз.

Брюсселдеги 22-мартта террордук чабуулдар үчүн дал ушул "Ислам мамлекети" террордук тобу жоопкерчилик алган.

Полиция аэропорт менен метродогу жардырууларды Холид жана Ибрагим ал-Бакравий деген ага-ини жанкечтилер жасаганын аныктаган. Алардын шериги, үчүнчү жанкечти 24 жаштагы Нажим Лашравий болгону кийинчерээк белгилүү болду.

Германиянын Die Welt гезитинин 27-мартта жазганына караганда, учурда Европанын коопсуздук кызматтары Брюсселде жана былтыр Парижде жасалган жардырууларга байланыштуу дагы кеминде сегиз адамды издеп жатат. Маалыматтарга караганда, алар Франция менен Бельгиянын жарандары жана учурда Европанын ичинде, же Сирияда качып жүрүшү мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG