Жапонияда кырсык 60тан ашуун өмүрдү кыйды
Жапониянын батышындагы Курашики шаарында болуп көрбөгөндөй нөшөр төгүп, анын айынан каза болгондордун саны бери дегенде 69га жетти. Миңдей киши үйсүз калып, жүздөйү ооруканада жатат. Соңку маалыматтарга караганда, 60тай киши дайынсыз болуп жатканын өлкөнүн улуттук телеканалы NHK кабарлады. Суу ташкынына байланыштуу куткаруучулар тик учак жана кайык колдоно баштады. Көнөктөп жааган жаандан улам дарыялар кирип, көчкү жүрүп жатат.
Чыгарылыштар
-
Май 01, 2024
Майлуу-Суу заводу: "Өз жериңде иштеген жакшы"
-
Май 01, 2024
ТикТоксуз бизнес: Кардарларыбыз 85% ТикТоктон келчү
-
Апрель 30, 2024
Грузияда парламент талаштуу мыйзамды карай баштады
-
Апрель 30, 2024
Газа: ХАМАСка берилген сунуш, Израилдин соккусу