120 жыл мурун Кытай Эл Республикасынын түптөөчүсү Мао Цзэдун туулган. Кытайдын азыркы турмушунда дагы мурдагы жол башчынын символикалык таасири күч. Мао Цзэдун Кытайды 27 жыл башкарып, 1976-жылы көз жумган. 40 миллиондой кытайлыктар анын «Маданий революция» жана «Чоң секирик» саясатынын курмандыктары болгон.
Мао Цзэдундун туулганына 120 жыл

1
Мао Цзэдун Кытай Эл Республикасы түзүлгөнүн жарыялоодо - 1949-жылдын 1-октябры

3
Мао Цзэдун Лушан тоолорунда эс алууда, 1961-жыл

4
Мао Цзэдун менен АКШнын президенти Ричард Никсон Бээжиндеги сүйлөшүүлөрдөн кийин, 1972-жылдын 22-февралы

5
Бээжиндин Тяньаньмэнь аянтындагы Мао Цзэдундун мавзолейи

6
Тяньаньмэн аянтындагы Маонун портретинин фонунда турган аскер. Дал ушул жерде Кытай Эл Республикасы түзүлгөнү жарыяланган. Ачык асман алдында турган сүрөттүн бойоктору барган сайын өзгөрүүдө.

7
Тестиер кыз КЭРдин Мамлекеттик кеңешинин биринчи премьери Чжоу Эньлай, Мао Цзэдун жана Коммунисттик партиянын алгачкы жетекчилеринин бири, "маданий революциянын" курмандыгы болгон Лю Шаоцинин (1959-1968) сүрөттөрүнүн алдында турат.

8
Шинжаң-Уйгур автоном районунун Кашкар шаарындагы Мао Цзэдундун эстелиги

9
Наньцзе кыштагындагы жылуулук станциясындагы Мао Цзедундун сүрөтү. Үч миңдей тургун жашаган бул кыштакта маосизмдин эрежелери алигүнчө катуу сакталат.

10
Кытай коммунисттик партиясынын мурдагы жетекчилеринин бири Бо Ибонун уулу Бо Силай менен Мао Цзэдундун небереси Мао Синьюй, 2007-жыл. Кийин Бо Силай кызмат абалынан пайдаланып, коррупциялык иштерге барган деген кине менен өмүрүнүн аягына чейин кесилген.

11
Маонун сүрөтүн көтөргөн Southern Weekly жумалыгынын журналисттери цензурага каршы акцияга чыгышты. Гуаньчжоу шаары, 2013-жылдын 9-январы

12
2012-жылдын күзүндө өткөн Кытай коммунисттик партиясынын съездин утурлап уюштурулган агитация. Бул съездде Кытай коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин жетекчиси болуп Си Цзиньпин шайланган. Ал расмий кызматка 2013-жылдын мартында киришкен.