Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:53

Кино тармагы корейлерди байытууда


Түштүк Кореянын сериалдарын сүйүп көргөндөр Кыргызстанда да басымдуу. Сүрөттө Түштүк Кореянын кино жылдыздары.
Түштүк Кореянын сериалдарын сүйүп көргөндөр Кыргызстанда да басымдуу. Сүрөттө Түштүк Кореянын кино жылдыздары.

Түштүк Кореянын экономикасына кино тармагы да салым кошууда. Малайзияда бала багып, үйдө отурган аялдарды кайра жумушка чыгууга үндөө күч алды. Орусиянын санкциясы Польшаны капа кылды.

Түштүк Кореяга агылган кытайлыктар

Акыркы жылдары Кыргызстанда Түштүк Корея кино тасмалары популярдуу боло баштады. Андагы актерлор жаштарга катуу таасир бергенден уламбы айтор, Бишкекте кийим-кече, косметика саткан корей дүкөндөрү көп ачылып жатканына күбөбүз.

Корей кинолору Кытайда да абдан популярдуу. "Блумберг" журналынын билдиришинче, “Менин жылдыздан келген сүйүүм” деген сериалдын, поп-музыканттардын айынан бул өлкөдөн Кореяга барган туристтердин саны быйылкы жылдын биринчи жарымында эле 54 пайызга көбөйгөн.

Кытай кардарларынын агымынын күчөшү, президент Парк Гюн Хайдын поп-маданият аркылуу мода, косметика жана сулуулук кызматтарынын индустриясын көтөрүү керек деген дымагын актап жатат. Мисалы, “Менин сүйүүм” деп аталган сериалдын башкы каарманын өз рекламаларында колдонгон, бет май чыгарган Amorepacific Corp. компаниясынын кирешеси быйыл 105 пайызга өскөн.

“Биз өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүү кыймылдаткычын таап алдык. Эгер ушул көрүнүш дагы үч-беш жылча созулат деп ишенсек, анда коркпой эле акчаңызды бул базарга жүгүртүүгө койсо болот”, дейт Сеулдагы Samsung Securities Co. компаниясынын кызматкери.

Орусиянын санкциясы Польшага катуу тийди

Былтыр бир жарым миллиард долларга Польшадан жер-жемиш жана жашылчаларды сатып алган Орусия быйыл импорттун бул түрүнө тыюу салды.

Польшанын Экономика министрлиги ушул шейшемби күнү билдиргендей, Орусиянын бул чечиминен келтирилген зыяндын өлчөмү өтө чоң болгондуктан, Европа Комиссиясына арызданууга аргасыз. Ал кайрылууда Польша Еврокомиссиядан Москванын чечимин өзгөртүүнү өтүнүп, Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) расмий арызданууну суранды деп жазат Reuters журналы.

Комиссия бул арызды ДСУга бергенден сактанып, Брюселлдеги адвокаттар андай кадам Орусия – Украина чатагын ого бетер күчөтүшү мүмкүн деп эскертүүдө.

“АКШ, Австралия жана Канаданын да ой-пикири абдан маанилүү. Вице- премьер-министр Пиечосински ал өлкөлөр менен сүйлөшөт деп ойлойм” деди Польшанын айыл чарба министри Марек Савитски мамлекеттик жаңылыктар агентствосуна берген маегинде.

Эгер ДСУ Комиссиянын арызын кабыл алса, ачык жана эркин базар эрежелерин бузгандыгы үчүн Орусиядан айып пул төлөөнү талап кылышы мүмкүн. Бирок Савитскинин айтымында, Орусия буга чейинЕвропа Биримдиги же АКШ тарабынан көрсөтүлгөн кысымдарга жооп берген эмес.

Малайзияда аялдарды жумушка тартуу күч алууда

Малайзияда балдарын карап үйдө отуруп калган аялдарды кайра жумушка чыгууга үндөө, бул өлкө Түштүк-Чыгыш Азиядагы аялдар эң аз иштеген өлкө деп аталгандан кийин күч алды.

Аялдар, үй-бүлө жана коомдук өнүгүү министри Рохани Абдул Карим, "Блумберг" журналына берген маегинде, мамлекет компаниялар бала-бакча кызматтарын өнүктүрүү боюнча иш алып барып жатат деди. Аталган министрлик иштеген аялдардын санын 2015-жылга чейин 55 пайызга көтөрүү үчүн Citigroup Inc. and General Electric Co. деген сыяктуу компаниялар менен тыгыз иштешүүдө.

Премьер-министри Нажиб Разак аялдарды ишке тартуу үчүн бала-бакчаларды уюштурган жана ийкемдүү иштөө убактыларын түзгөн компанияларга салык төлөмдөрүн азайтууну сунуш кылды. Малайзияда аялдардын үчтөн бири бала багуу үчүн жумуштан бошонгон. Нажибдин аракети ийгиликтүү болуп, жаш балалуу энелер үчүн компанияларда шарт түзүлүп, алар жумушка кайтып келишсе, экономика көтөрүлүп, Малайзия 2020- жылга чейин кирешеси бийик өлкөлөрдүн катарына кирип калаары күтүлүүдө.

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, 15 жаштан 64 жашка чейинки малайзиялык аялдардын 46.8 пайызы жумушка барышат. Бул Түштүк- Чыгыш Азиядагы эң төмөнкү көрсөткүч. Вьетнамда аялдардын 78 пайызы, Таиландда 70, Сингапурда 65 жана Индонезияда 53 пайызы иш менен камсыздалган.

  • 16x9 Image

    Гүлжан Исраил кызы

    "Азаттыктын" кабарчысы. Борбор Азиядагы Америка университетинин маданий антропология бөлүмүн бүтүргөн. Учурда АКШнын Денвер шаарында санарип дизайнерликти окуйт. 

XS
SM
MD
LG