Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Аарынын экономикага кошкон салымы зор


АКШда аарыларды коргоочу улуттук программа иштейт
АКШда аарыларды коргоочу улуттук программа иштейт

Европалык окумуштуулар бал жана жапайы аарылар жыл сайын дүйнө экономикасына 150 миллиард долларга чукул киреше алып келерин эсептеп чыгышты.

Британияда эле аарылардан түшкөн киреше жылына 651 миллион фунт стерлинг деп саналып, элдин чөнтөгүнө аарылар падышалык үй-бүлөдөн да көп пайданы берип жатканы айтылууда. Кыргызстанда да балчылык өнүксө, өлкөнүн аброю артмак дешет адистер.

The Telegraph гезити аарылар британ экономикасына падышалык үй-бүлөдөн бир нече эсе көп пайда алып келерин жазып чыкты. Ридинг университетинин окумуштуулары чаңдатуучу жапайы жана бал аарыларынан англис экономикасына жыл сайын 651 миллион фунт стерлинг пайда түшүп, ханыша Елизавета экинчинин үй-бүлөсүнө байланышкан туризмден түшкөн каражатка салыштырмалуу 150 миллион фунт стерлингге көп болорун аныкташкан.

1996-жылы аарылардан британ экономикасына 220 миллион фунт киреше келчү. 2012-жылга чейин бул көрсөткүч 191 процентке жогорулаган. Жалпысынан дүйнө экономикасы жыл сайын аарылардын арты менен 130 миллиард евро, же 150 миллиард долларга чукул киреше табат.

Аарыларды коргоо менен аларды көбөйтүү маселесин акыркы мезгилде өнүккөн өлкөлөр колго ала баштады. Жакында эле АКШнын президенти Барак Обама аарыларды коргой турган атайын улуттук программа киргизсе, Британиянын Айлана чөйрөнү коргоо министринин демилгеси менен 364 миң киши аарыларды коргоого багытталган петицияга кол койду.

Айыл чарбасындагы адам азыктануусу үчүн өстүрүлгөн мөмө-жемиштердин 75 проценти аарылар тарабынан чаңдаштырылгандан улам, мөмө-жемиштердин соодасындагы капитал жана киреше да аарыларга таандык дешет экономисттер. Аарылар чаңдаткан өсүмдүктөрдөн эле Америка Кошмо Штаттарына жылына 24 миллиард доллар киреше түшөт.

Кыргызстан деле балчылык менен байый алат

Балчылык жана аары кармоо акыркы мезгилде Кыргызстанда да бизнестин бир түрүнө айланып, ага кызыккандар барган сайын арбып барат.

Кыргызстандагы аарычылар коомунун Караколдогу өкүлү Дилбар Муратованын айтымында, аары чыгарган бардык продукция пайдалуу болуп, таштандыга кетпегендиктен аары багуу эң кирешелүү бизнес болуп саналат:

- Бизде бал аарычылыгы өнүгүп жатат деп айта алам. Себеби жылдан жылга биздин аарычылар коомубузга мүчө болгондор, бал аарчылыкты үйрөнүү үчүн бизге кайрылгандардын саны көбөйүүдө. Аарычылык эгерде туура иштетсе бир жылда өзүн актап, киреше алып келе турган тармак эмеспи. Анткени аарыдан чыккан бардык продукция таштандыга кетпейт. Эгерде Кыргызстан бал аарычылык тармагын өнүктүрсө дүйнөлүк рынокко чыгып, экономикасына олуттуу пайда алып келет болуш керек. Себеби акыркы мезгилде Кыргызстандын балы дүйнөлүк базарда сапаты жагынан мыкты деп бааланып жатпайбы.

Ошентсе да окумуштуулар бал жана жапайы аарылардын колониялары жылдан жылга азайып баратканын айтышып, аларды сактап калуу үчүн адамзат чогуу иш алып барышы керек дешүүдө. Маселен 2000-жылдары Британияда 250 миң аары үй-бүлөсү, тобу болсо азыр алардын саны 100 миңге гана араң жетет. Мындай кырдаал жеке эле экологияга эмес, талаачылык, айыл чарба жана экономикага жасалган чоң сокку болгонун айтышат Ридинг университетинин профессорлору.

Американын бир гана Калифорния штаты аарылардын чаңдатуусу менен жылына 937 миллион доллардан 2,4 миллиард долларга чейин киреше табат. Бул аймакта аарылардын көпчүлүгүн сактап калыш үчүн дыйкандар жыл сайын бир миллионго чукул жапайы аарыларды алып келип турушат. Кыргызстанда болсо жапайы аарыларды сактоо жана көбөйтүү аркылуу айыл чарба менен экономиканын пайдасын арттыруу маселеси азырынча карала элек.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG