Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:12

Коррупциялык саякаттан репортаж


Орнитолог-гид Петр "сугалак сагызган" Иво Риттигдин 5-кабаттагы бош турган "уясын" көрсөтүүдө.
Орнитолог-гид Петр "сугалак сагызган" Иво Риттигдин 5-кабаттагы бош турган "уясын" көрсөтүүдө.

Коррупциянын жүзү бардык жерде бирдей, бирок аны менен күрөштүн жолу ар кандай. Чех жумуриятында арам акчага малынган коррупциядан адал акча табууну көздөгөн саякат агенттиги ачылды. Коррупциялык саякаттын алгачкы каттамынан баян.

Киши толо автобус эски шаардын муз баскан кууш көчөсү менен кыбырап баратты. Саякат бюросунун өкүлү, орнитолог же куш таануучу Петр бизди түз эле "сугалак сагызгандын" уясына алып келди:

Бул прагалык "сагызган" Иво Риттигдин бош калган "уясы". Бешинчи кабаттагы тээтиги батир, дареги - Рокицанова көчөсү 279.

Репортажды толугу менен бул жерден угуңуз:


Коррупциялык саякаттан репортаж
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:48 0:00
Түз линк


Corrupt Tour же Коррупциялык тур – Чех жумуриятында жаңы ачылган саякат компаниясы. Анын алгачкы сапары кызыктуу эле эмес, күлкүлүү да болду. Эки сааттык саякаттын соңунда мен коррупцияны минтип эл алдында шакаба чеккен коркунучтуу дагы болушу мүмкүн экендигин баамдадым.

Чымчык таануучу айткан үй көп кабаттуу, эскирээк имарат экен. Чех жумуриятындагы коомдук унаада сатылган ар бир белеттен белгилүү сумма дал ушул үйдө катталган ишкер, лоббист Иво Риттигдин чөнтөгүнө Кариб аралдарынын бириндеги фирма аркылуу түшүп турат. Ал эми Риттиг өзү Жер ортолук деңизинин боюндагы санжыргалуу Монако падышалыгында жашайт.

Карапайым "чымчык" жупуну "уясына" (солдо) көлөкө түшүп тосуп калды деп даттанса, "сагызган өчөшүп, өз "уясынын" (оңдо) үстүнө дагы терасса салдырып алган.
Карапайым "чымчык" жупуну "уясына" (солдо) көлөкө түшүп тосуп калды деп даттанса, "сагызган өчөшүп, өз "уясынын" (оңдо) үстүнө дагы терасса салдырып алган.
Петр өзүнүн окумуштуу катары сагызганга болгон кызыгуусунун төркүнүн мындайча түшүндүрдү:

- Арам акчаны адалдоо сыяктуу иштер силерге кылмыш иштей көрүнүшү мүмкүн, бирок ал сугалак сагызгандын канында бар. Биз бул чымчыктарды сындабайбыз, тескерисинче алардын жашоо ыргагын сактап калып, изилдейбиз. Биз кийинки муунга бул чымчыктар кандай жашаганын төгүп-чачпай жазып калтыргыбыз келет.

Кийинки аялдама дагы бир "сугалак сагызгандын" фирмасы жайгашкан имарат эле, бирок ал даректеги 37-үй бул көчөдө жок болуп чыкты!

Андан ары "көк чымчыктын" үйүнө келдик. Көк түс Чехиядагы азыркы коалициянын курамындагы ОДС партиясынын түсү. Орнитолог Петр бул "сагызгандын" айлачылдыгын сүрөттөп берди:

Бул "көк чымчык" эл таанып калбасын деп, эртеден кечке канатына кара май сүртүнүп отурат. Ал кара майды Барандов көпүрөсүндөгү өзүнө тийешелүү болгон OMV бензин куючу жайлардан алат. Ошондуктан көк түсү бозоруп, мыйзам чегинде жашаган башка чымчыктардан айырмаланбай калат.

Петр айткан "көк чымчыктын" аты Томас Хрдличка, оңчул ОДСтин (ODS - Жарандык демократиялык партия) аймактык кеңешине мүчө жана бул партиянын эң таасирлүү мүчөлөрүнүн бири деп саналат. Ал бензин куючу жайлардан тышкары оюн автоматтарына ээ деп айтышат. ОДС партиясында чоң таасирге ээ, ошондуктан ар түркүн бизнес-долбоорлордун тагдырын чечүүдө сөзү өтүмдүү.

Шаардын борборунан чыгып, кымбат үйлөр жайгашкан көчөдө эки окшош үйдүн алдына келип токтодук. Эгиз үйлөр Роман Яноушек, Мирослав Дворак
"Сагызган" Роман Яноушек (ортодо кара көз айнекчен) туристтерди көргөндө "уясына" кире качып, машинасынын эшигин жапканы кайра келди. Zdenek Hanak тарткан сүрөт.
"Сагызган" Роман Яноушек (ортодо кара көз айнекчен) туристтерди көргөндө "уясына" кире качып, машинасынын эшигин жапканы кайра келди. Zdenek Hanak тарткан сүрөт.
деген эки ишкерге тийешелүү болуп чыкты. Роман Яноушек - көптөгөн фирмалардын директорлор кеңешине мүчө. Жергиликтүү гезиттер «Яношек Прага шаарынын мэриясын кол баласындай калчайт, мурдагы мэр Павел Бэм менен дос, ансыз бир дагы долбоор жактырылбайт» деп жазган.

Калганын турдун алып баруучусу Петрден уктум:

Бул "уяны" куруу үчүн керек болгон материал Праганын эле четинен алынат, бирок аны Роман Яноушек беш өлкө аркылуу ташып, баасы асманга жеткен. Кийин ал бул кооптуу ишин уланта албай калды, себеби Швейцариядагы "куштардын" прокурорлор түрүнө кирген "кыргыйлары" Роман Яношектин 220 миллион долларын шыпырып алышыптыр. Бул акча жаткан банк эсеби тууралуу "кыргыйларга" Прага мэриясындагы эки "тоңкулдак" айтып коюптур.

Туристтер артындагы эскирээк үйлөрдү тосуп калган заңкайган имаратты ар тарабынан сүрөткө тартып жатышты, дал ошол маалда үйдүн алдына машина келип токтоп, ичинен Роман Яноушек өзү чыкты. Камера көтөргөн топураган адамдарды көргөндө, алдастап калды көрүнөт, машинасынын эшигин да жаппай, жүгүргөн бойдон үйгө кирип кетти. Кийин ал дегдеңдеген бойдон кайра жүгүрүп чыкканын көрүп, туристтер боорун тытып күлүштү.

Коррупциялык саякаттын катышуучусу "сагызгандардын" бекем кайтаруудагы айылын карап жатат.
Коррупциялык саякаттын катышуучусу "сагызгандардын" бекем кайтаруудагы айылын карап жатат.
Андан ары шаардан чыгып, калың токой каптаган дөбөлүү айылга да жете келдик. Петр бул "бейиштин" тургундарынын аты-жөнүн, ээлеген кызматтарын бирден санап берди. Алардын бири Мартин Роман деген мамлекеттик электр кубатын саткан ЧЕЗ (CEZ) фирмасынын мурдагы жетекчиси болуп чыкты. Башка «сугалак сагызгандардай эле», ал да отко салса күйбөгөн айлакер "кыргыек" экен:

- Мартин Роман бул жааттагы эң кызыктуу "куш". Баягы эле "куштардын" прокурорлор түрүнө кирген швейцариялык "кыргыйлар" аны Шкода машина жасоочу ишканасындагы "сагызгандар" уясындагы "кыргыек" деп, сары изине чөп салышкан. Бирок Роман мындай кинени четке кагып, менин бул "уяга" тийешелүү экендигимди далилдеп алгыла деп кебелбейт.

Жолдон мен Петрден "сиз коррупциячы деп айыптаган ишкерлер сотко берет деп коркпойсузбу?" деп сурадым. Ал "Мен болгону илимдин кудугун казган изилдөөчүмүн", - деп жооп узатып:

- Биз чехиялык жана эл аралык маалымат каражаттарында чыккан тажрыйбалуу "орнитологдордун" көрсөтмөлөрүнө жана швейцариялык "кыргыйларга" таянабыз. Орнитология бул так илим, мага кимдир бирөө нааразы болот деп ойлобойм. Анткени мен сагызгандардын баарын бирдей көрөм, аларды жогору баалайм. Мен чымчыктарды изилдеген орнитологмун да.

Жанымдагы коңшуларымды бири мага бул саякат ага өтө жакканын мындайча айтты:

Коррупциялык саякатка кызыгуу күчтүү, автобуста орун да калган жок.
Коррупциялык саякатка кызыгуу күчтүү, автобуста орун да калган жок.
- Бул өтө оригиналдуу долбоор, Чехиядагы башка саякат фирмалары арасында атаандашы жок. Коррупциялык арам акча кайда кетип жатканын канчалык көп киши өз көзү менен көрсө, ошончолук өзгөрүүгө өбөлгө болот.

Ал арада автобустун артынан полициянын машинасы өтүп калды, Петр чочугандай, чокуна кетти. «Ууру сагызганды айтат да, өзү ууру кылып аткандай коркот» деп таңдансам, дагы бир коңшум «орнитологдордун" корко турган жөнү бар дейт:

- Чехияда коррупция тууралуу сүйлөгөн коркунучтуу деп ойлойм, себеби эмне болуп кетээрин эч ким билбейт. Туристтер үйүнүн алдына самсып келе берсе, бир-эки жумадан кийин кээ бирлери жиндениши мүмкүн.

- Кол салышы мүмкүнбү же соттошобу?

- Кол салат деп ойлобойм, бирок жинденишет. Көрө жатаарбыз.

Чехтердин "куштары" мындай кызыктуу, илимий изилдөөнү туура кабыл алуусу керек да, туурабы? Анын үстүнө, сак сагызганга эч ким тийбесе, жинин келтирбесе - дайыма сайрандап жашай бербейби!?
XS
SM
MD
LG