Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:07

Иран тарыхындагы эң чоң жемсөөлүк


Президент Ахмадинежад "коррупцияга каршы күрөшүү" деген логонун алдында. 2007-жыл.
Президент Ахмадинежад "коррупцияга каршы күрөшүү" деген логонун алдында. 2007-жыл.

Ирандын банктарынан 2, 5 миллиард доллардан көп акча жоголгону айкын болду. Бул өлкө тарыхындагы эң чоң уурулук экени айтылууда

Ирандын банктарынан 2,5 миллиард доллардан көп акча жоголгону айкын болууда. Бул өлкө тарыхындагы эң чоң уурулук экени айтылууда.
Бул өлкө тарыхындагы эбегейсиз финансылык коррупция.
Мустафа Пур Мухаммед
Миллиардаган акчанын уурдалганы Иранда жемсөөлүк терең тамыр жайганын да күбөлөйт. Эсепсиз акчанын уурдалышы чоң саясый чатакка айланышы мүмкүн. Анткени, жемсөөлүккө президент Махмуд Ахмадинежаддын кеңсе башчысынын катыштыгы бар экенин маалымат булактары кабарлашты.

Жогорку даражадагы уурулуктун таржымалы

“Бул өлкө тарыхындагы эбегейсиз финансылык коррупция”, - дейт Ирандын тергөө кызматынын башчысы Мустафа Пур Мухаммед. 2, 6 миллиард доллар Ирандын түрдүү банктарынан уурдалган.

Седерат банкы тарабынан айыпталып жаткан жеке менчик "Амир Мансур Ария" компаниясынын баш кеңсеси, 2011-жыл.

Франциядагы Бургундия бизнес университетинин талдоочусу Жамшид Асади да:“Бул теңдеши жок чатак. Эгер өлкөнүн ички дүң продукциясына салыштырып караганда, сиз эч бир өлкөдө бу сыяктуу финансылык, банк чатагын таппайсыз”,-дейт “Азаттыка” берген интервьюда.

Чатактын таржымалы мындай. 2007-жылы шылуун ишкерлер Ирандын бир нече банкы, анын ичинде килейген Седерат банкынан насыя алышып, ал акчага менчикке коюлган компанияларды сатып алышат. Кийин береги компаниялар банкка күрөөгө коюлуп, чоң өлчөмдөгү жаңы кредит алынат.

Мындай көз боёмочулуктун ашкере болушун Израилдин МЕЕPAS изилдөө борборунун талдоочусу Мейр Жаведанфар чоң жаңылык деп санайт:

- Иранда биринчи жолу мындай иш коомчулукка ачык айтылды. Себеби, буга чейин ушу сыяктуу уурулуктар болгон эмес деп ойлобойм. Мурда мындан да чоң уурулуктар болсо да ал жөнүндө өкмөт жаап-жашырып келген. Береги чатактын ачыкка чыгарылып жатканы Ирандагы түрдүү саясый топтордун өз ара соодалашуусуна байланыштуу деген ойдомун.

Окуянын ачыкка чыгышын президент Ахмадинежаддын каршылаштары анын негизги союздаштарына чабуул койуу үчүн пайдаланары калетсиз. Бул ишке байланыштуу өткөн аптада ирандык миллиардер Амир-Мансур Ариянын мал-мүлкү камакка алынды.
Иран акчасы - риал
Өкмөттүк маалымат каражаттарынын кабарлашынча, Ария президенттин кеңсе башчысы Исфандияр Рахим Машаинин кыйбас досторунун бири эсептелет. “Каяхан” гезитинин жазышынча, Машаини бийликтеги диниятчылар аябай жек көрүшөт жана Ахмадинежаддын “заади(теги) пас” союздашы деп аташат.

Банктар аралашкан уурулук саясый күрөштүн туундусу

Серепчилер банк чатагы Ахмединежад Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясына аттанар алдында жасалганына да көңүл бурушту. Жамшид Асадинин сөзүнчө, Ахмадинежад Нью-Йорктогу сапары кезинде АКШ жетекчилери менен сүйлөшүүдө ийгиликке жетишсе, анын фракциясы атаандаштарына карганда дагы күчтөнөт, кадыр-баркы да өсөт. Муну каршылаштары каалабайт.


Президент Махмуд Ахмадинежадды (ортодо) тарапкерлери утурлап алууда. Ардабил шаары. 14-сентябрь 2011
Ирандык эксперт Мехрдад Имадинин оюнча, банк чатагы жемсөөлүк Иранда кеңири жайылган илдетке айланганын көрсөттү:

- Бул чынында кокустук же жалгыз бир окуя эмес. Себеби, ал өтө мыкты уюштурулуп-координацияланган. Арийне, мындай ишти чоң кызматта отурган адамдар гана жасай алат. Бул система өзүнө ор казып жатканын көрсөткөн чатак. Кейпи, бу тариздеги уурулуктар мартабалуу кызматта иштеген адамдардарды азгырып турат окшойт.

Эл аралык Транспэренси Интернэшнл уюмунун билдиришинче, коррупция 2005-жылы Ахмадинежад президенттикке шайлангандан бери айыккыс дартка айланып кеткен. Ошол жылы жемсөөлүк боюнча Иран 180 өлкөнүн ичинде 58 орунда турса, быйыл 146 орунга түшкөн. Же коррупция соңку алты жылда дээрлик үч эсеге жакын көбөйгөн.

Иран жетекчилиги бул ишке тиешеси бар адамдар жоопко тартыларын айтууда. Бир нече банктын кызматкерлери жана Ахмединежаддын ондогон колдоочулары камакка алынды. Анткен менен серепчилер тергөө аягына чыгарына ишенишпейт.

Франциялык талдоочу Жамшид Асади азыр эле Ахмадинежад өз оппонеттерине анын союздаштарын жемсөөлүк кылды деп күнөөлөө опурталдуу экенине ишаара кылганын айтат:

- Мен бул иш аягына чейин жеткирилет деп ойлобойм. Бул мелдеш сыяктуу нерсе. Алар каршылаш фракцияларды анча-мынча мунасага көндүрүүнү каалашат жана өтө эле батыл болуп кетүүсүнө жол беришпейт.

Деген менен 2008-жылы ушундай факт боюнча ирандык ишкер менен парламенттин экономикалык комиссиясынын масилээтчиси 12 жылга соттолгон. Бийлик жоголгон 2,6 миллиард доллар бир тыйыны кемибей казынага кайтарылат деп жатат. Бирок байкоочулар акча эбак Ирандан чыгарылып кеткен дешет.

Эгер келерки мартта Иранда парламенттик шайлоо, 2013-жылы президенттик шайлоо болорун эске алсак, Махмуд Ахмединежад менен анын атаандаштары ортосундагы эрегиш дагы күчөй турганы талашсыз.

XS
SM
MD
LG