Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:16

Назгүл Турдубекова: “Коррупция мектепке да жетти”


“Балдар укугун коргоо лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова мектептеги коррупция тууралуу “Азаттыкка” маек куруп берди.

“Азаттык”: Балдардын укугун коргоо боюнча мамлекеттик органдар жүргүзүп жаткан иштерге кандай баа бересиз?

Назгүл Турдубекова: Азыркы учурда жакшы иштеп, аракетин салгандар да бар, ар кайсы жерлерде таптакыр эч нерсе кылбагандар да бар. Мисалы, биз өкмөттүк Балдардын укугун коргоо департаментинин алдында 15 коомдук уюмдар жана бир нече инсандар балдар укугун жана эркиндигин коргоо боюнча коом түзгөнбүз. Ошонун ичинде нечен чогулуш өткөрүп, көп-көп өзөктүү проблемаларды таап чыктык.

Ушул өкмөттүн алдына ушундай коом түзгөнүбүз абдан жакшы болду. Себеби биз өкмөттүк органдардын ишин көрдүк, көзөмөл кылдык. Ошонун ичинде бир нече проблемаларды таптык.

Биринчиден, азыркы учурда Ысык-Көл облусунда биздин өкүлүбүз изилдөө өткөрүптүр. Анна Макарова “Акцент” деген коомдун жетекчиси Омбудсмен аппаратынын өкүлдөрү менен чогуу изилдөө өткөргөн экен. Азыркы учурда балдарга сүт, эртең мененки ысык тамак берилсин деген президенттин указы чыкпады беле. Бул жагынан коррупция болуп жаткан экен. Сүттүн ордуна жасалма “Фрима” деген сүттү суу мене беришет экен. Бирок өкмөттүк органдар отчет бергенде “25 тонна сүт сатып алынган” деп беришет экен.

Мындан сырткары сапаттуу, жакшы токоч жасалбайт экен. Ал токочту да унаа менен Караколго барып, алып келишет экен. Ошол эле жашаган жерде токочту жакшынакай жасаганга шарты бар экен.

Айтып кетейин, ошол эле Ысык-Көл облусунда ооруканаларда да ошондой ал-акыбал бар. Андан тышкары биз кечээ күнү департаменттин алдында чогулуш өткөрдүк. 1-Май районунун акимиатынан үйү жок калган балдарга жардам берели деген сунуш болууда. Аны Роза Акназарова деген депутаттардын төрагасы бар экен, ошол депутат менен чогуу Петрушевскийдин кароосуз калган балдарга үй таап берели жана аны ремонт жасап, ошондой балдарды киргизели дедик. Себеби көчөдө калган балдар көп болуп кетти.

“Азаттык”: Бишкектеги олимпиадалык резерв мектебинде ээн баштык тууралуу чыр басаңдай элек. Комиссиянын мүчөсү катары сиз кандайдыр бир маалымат бере аласызбы?

Назгүл Турдубекова: Биринчиден, бизге ата-энелер кайрылышты. Ушул балдарды кармаганда, суракка алганда ата-энелерди, мугалимдерди киргизбей коюптур. Ал 18 жашка жете элек, 14-15 жаштагы өспүрүм балдар. Аларды укук коргоо органдары суракка алганда эч кимди киргизбей коюптур. Ошол себептен биз комиссиянын мүчөлүгүнө кирдик.

Азыр тергөө иштери жүрүүдө. Биз буга каршыбыз. Себеби бала 18 жашка жетмейинче, ал жалгыз ата-энесиз суракка алынганга болбойт. Бул мыйзамга каршы. Азыркы проблемага коом жактан да көп көңүл бурулбаса, ушундай жаңжал кайра эле кайталанышы мүмкүн.

“Азаттык”: Маегиңизге чоң рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG