Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:19

Жемсөөлүктүн иси эркиндикти ууландырып жатат


Чыгыш германиялык качкындар Батыш Германиянын элчилиги алдында ФРГге кетүү үчүн кезек күтүп турушууда. Чехословакия. Прага. 4-октябрь, 1989-жыл.
Чыгыш германиялык качкындар Батыш Германиянын элчилиги алдында ФРГге кетүү үчүн кезек күтүп турушууда. Чехословакия. Прага. 4-октябрь, 1989-жыл.

Саясый уятсыздык (цинизм) жана саясатчылар арасындагы жемсөөлүк(коррупция) Европадагы демократияга коркунуч жаратууда.

Мындай пикирлерин жума күнү Прагада болгон жыйында түрдүү өлкөлөрдөн келген жазуучулар менен окумуштуулар айтышты.

Бизде демократиянын кебетеси бар, коомдук институттардын кебетеси бар, бирок алардын мазмуну жок.
Жак Рупник



Чехиянын мурдакы президенти Васлав Гавел башындагы кор уюштурган жыйын “Эркиндик жана анын душмандары” деп аталып, Ортолук жана Чыгыш Европада 1989-жылы болгон демократиялык ыңкылаптын
Жүздөгөн чехословак студенттер полициянын алдында чөкө тизелеп коммунисттик бийликти токтотууну жана демокртияны орнотууну талап кылышууда. Прага. 19-ноябрь 1989
жыйырма жылдыгына арналды.

Жыйында сүйлөгөн франциялык саясат таануучу Жак Рупник коммунизм кыйрагандан кийин ортолук жана чыгыш европалыктар өздөрүн мурда болуп көрбөгөндөй эркин сезип калышканын, бирок жарандар бийликке көп деле таасир эте албаганын айтты:

-Бизде эркиндик бар. Адамдардын жашоосуна кийлигишүү азайды. Бирок алар өкмөткө жана коомдук иштерге анча-мынча гана таасир эте алышат.

Рупниктин сөзүнчө, чыгыш европалыктардын саясатка болгон көңүл кош мамилеси “мамлекет эркиндиктин душманы” деген коммунисттик доордон калган түшүнүктүн туундусу. Элдин саясый пассивдүүлүгүн көргөн саясатчылар “эркин экономика” деген түшүнүктү “каракчылык жана чеги жок ач көздүк” үчүн пайдаланган. Эми кекиртегин кенен ачкан саясый лидерлер, Рупниктин айтымында, “эркиндиктин тилин жарандык коомду жана мыйзамдуулукту чануу үчүн пайдаланышууда”:

- Бизде демократиянын кебетеси бар, коомдук институттардын кебетеси бар, бирок алардын мазмуну жок. Ырас, базар экономикасын түздүк, бирок ал кризисте азыр.

Жак Рупник - Париждеги саясый изилдөөлөр институтунун талдоочусу.
Россия. Полиция нааразылык акциясынын катышуучусун кармап кетүүдө. Москва. 16-октябрь 2009


Чыгыш Европа өлкөлөрүндө либералдык баалуулуктар чындап бааланбаганын, бийликтеги саясый лидерлер үчүн адам укугу, демократия, сөз эркиндиги сыяктуу баалуулуктар “көңдөй нерсе” экенин Польшанын "Gazeta Wyborcza" гезитинин башкы редактору Адам Михник да өкүнө белгиледи. Бу сыяктуу саясатчылар, публицисттин пикиринче, Куба, Иран жана Россиядагы авторитардык режимдердин коркунучу Чыгыш Европа өлкөлөрүндөгү көңдөйдү жаап-жашырып турат деп ойлошот жана алар жемсөөлүккө баш оту менен берилип кетишкен:

- Эркиндик кандай капканга илинди? Жемсөөлүк - өкмөттүк мекемелердин ажырагыс бир бөлүгү деп санайм.

Адам Михниктин баамдашынча, Владимир Путин өзүнүн авторитардык башкаруусун актоо үчүн “суверендүү демократия” деген түшүнүктү ойлоп тапкан жана авторитардык башкаруусун бекемдөөдө ага жамынууда.

"Украинадагы цензурага жана диктаторлукка каршы" демонстрациянын катышуучулары. Киев. 7-октябрь 2009
Москвалык серепчи Андрей Пионтковский да “эркиндиктин душмандары Россияны өз менчигиндей ээлеп алышты” деген пикирге кошулуп, Батыштын Россияны өтө жаңылыш түшүнгөнүнө көңүл бурду:

- Бул система пост-индустриалдык ачык коомду карай өнүкпөй жатат. Өлкө төбөлдөр өз вассалдарына берген жерин каалаган учурда тартып алган феодализмди көздөй өнүгүүдө. Бир эле айырмасы, Путин мырза жерди эмес, газды жана мунай компанияларын берип, кайра тартып алууда.

Пионтковский ошондой эле президент Барак Обаманын АКШ-Россия мамилесини “кайра жаңылоо” аракетине да токтолду. Обаманын “кайра жаңылоо” саясаты - Батышты Россияга “коркунуч туудурууда” деп каралап, өздөрүнүн клептократиялык режимин бекемдеген россиялык лидерлерге кыпындай да таасир этпейт, дейт талдоочу:

- Мунун пайдубалын не кайра түзөтүү, не мамкатчы айым (Хиллари Клинтон) өзгөртө албайт. Аларга Батыш ар дайым душман катары керек. Алар коңшуларына, атап айтканда, өнүгүүнүн эркиндикке алып барчу европалык жолун тандап алган Грузия менен Украинага каршы согуш ачты.

Андрей Пионтковскийдин ишениминде, Батыш Россияга Грузия жана Украинада демократияны колдоо аркылуу жардам бере алат.
2008-жылдын августтундагы Грузия-Россия согушунда өрттөлгөн машинелер. Цхинвали аймагы. Чехиянын "Mlada Fronta Dnes" гезитинин кабарчысы Томаш Полачектин фотосүрөтү. Түштүк Осетия. 26-август 2009


Ал эми британиялык дараматург Том Строппард элдин саясый көңүл коштугу мурдакы советтик блокко кирген өлкөлөр түгүл Англия сыяктуу карт өлкөлөрдөгү да демократияга зыян келтирүүдө деп эсептейт:

- Биз эркиндик улуу драмадагыдай бир түндө капылет тополоңдо колдон чыгып, кайра келиши мүмкүн деп ишенип, жаңылган экенбиз. Азыркы проблема - эркиндик кайчылап жок кылынгандан улам болууда. Эркиндик көзгө көрүнбөй, үн-сөзсүз жана байкалбай жоголду.

Британ жазуучусунун пикиринче, демократиялык дөөлөттөрдү коргоо үчүн элдер авторитардык режимге каршы туруп, коңшу өлкөлөрдөгү жагдайга жоопкерчилик менен мамиле жасашы абзел.

Белгилүү британ тарыхчысы Тимоти Гартон Эш болсо Чыгыш Европанын посткоммунисттик өлкөлөрү 1989-жылдан кийин демократиялык реформаны ылдам жүргүзүүгө шашып, анын мазмунуна маани беришпей жаңылыштык кетирген дейт:

-1989-жылы реформа башталганда бизде ыйык үчилтик бар экени кадимкидей эсимде турат. Биз утуру эле “демократия, базар экономикасы жана жарандык коом” деп жаттык. Бул талашкыс чындык болчу. Ошондо бир нерсени: мыйзамдын үстөмдүгүн унуткан экенбиз.

Бул жалгыз Гартон Эштин эмес, Прагада болгон “Эркиндик жана анын душмандары” деп аталган талкуунун бардык катышуучуларынын да пикири. “Жемсөөлүктүн иси эркиндикти ууландырып жатат” деген Гартон Эштин айтымында, Чыгыш Европа жемсөөлүктөн коргонуу үчүн оболу мыйзамдуулукту калыбына келтирүүгө тийиш. Ансыз демократия жемсөөлүктүн кеселинен айыкпайт.

XS
SM
MD
LG