Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 20-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 05:39

ПОСТКОММУНИСТТИК ӨЛКӨЛӨРДҮН ОМБУДСМЕНДЕРИНДЕ КАНДАЙ ООРЧУЛУК БАР?


Чехиянын башкалаасы Прагада 28-30-ноябрь күндөрү Чыгыш Европа жана мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдүн Омбудсмен жана адам укуктары боюнча улуттук институттарынын өкүлдөрүнүн конференциясы болду. Улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы демөөрчүлүк кылган жыйында Омбудсмендер адатта өз милдетин аркалоодо туш болгон проблемалар да талкууланды.

Омбудсмен же Кыргызстанда айтылып жүргөндөй Акыйкатчынын кызматы биринчи жолу 18-кылымда, Швецияда киргизилген экен. Азыр мындай институт дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө бар. Алардын милдети адатта атуулдардын өкмөт жанан анын карамагындагы мекемелердин иш-аракеттерине, чечимдерине карата берген даттанууларынын иликтөө менен байланышкан. Кыргызстан сыяктуу эле КМШнын башка өлкөлөрүндө да бул кызмат киргизилгенине аз гана жылдын жүзү болду.

КМШ жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн Омбудсмендеринин ушул аптада Прагада өтүп жаткан конференциясында айтылган окшош ой - пост-коммунисттик өлкөлөрдө азырынча Омбудсмен болуп иштөөнүн жеңил эместиги. Аларга мүнөздүү көрүнүштөр бул - институттарда калктан түшкөн даттанууларды түгөл териштирүү үчүн кызматкерлердин жетишсиздиги, соттордогу адилетсиздик, кызматтан кыянат пайдалануу фактыларынын көптүгү.

Эгер Омбудсмен институттарынын кызматкерлери жетиштүү болгон күндө да алардын атуулдарга жардам көргөзүү мүмкүнчүлүгү чектелүү. Алсак эгер кимдир бирөө бюрократиядан же полициядан жабыр тартканын айтып кайрылса, Омбудсмен аларга каршы сотко доо арыз жолдоо менен гана жардам бере алат. Бирок Омбудсмен соттун чечимин өзгөртүүгө укуксуз. Демек ал сотко көз каранды. Армениянын Омбудсмени Лариса Алавердиян мына ушул жагдайды чоң проблема деп эсептейт. Анын айтымында, Арменияда соттор адилет жана көз карандысыз деген пикирди калктын 15%ы гана карманат:

- Соттор адилет чечимдерди коомдук ишенимдин көрсөткүчүнөн көбүрөөк кабылып алып жатканын жокко чыгарууга болбойт. Бирок коомдук ишеним пайызынын төмөндүгү – Армениян сот системасындагы кризисти каңкуулоодо.

Орусиянын Омбудсмени Владимир Лукин "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна берген интервьюсунда анын өлкөсүндө да соттордун көз карандысыздыгы суроо жараткан маселе экенин белгиледи:

- Орусияда соттордун көз карандысыздыгы менен байланышкан жагдай өтө оор. Мен Орусиянын кайсыл регионуна барбайын соттор менен судьяларга карата нааразылык өтө күчтүү. Кээ бир региондордо алар ачык эле аткаруу бийлиги менен жуурулушуп кеткен жана аткаруу бийлиги менен алардын артында тургандардын эркин ишке ашыруу боюнча бир механизмди көргөзүшүүдө.

Кээ бир өлкөлөрдө Омбудсмен сотто ага кайрылгандардын атынан катыша алат. Айрымдарында мындай мүмкүнчүлүк жок. Улуттар уюмунун Прагадагы конференцияга демөөрчү болгон Өнүктүрүү программасынын эксперти Сергей Сироткиндин айтымында, бул жерде бардыгына бирдей ылайык деп эсептелген бир модел азырынча табыла элек. Бирок маанилүүсү - КМШ өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө соттордон тартып, Омбудсмен институттарына чейин такай өзгөрүп жатканында:

- Бул жерде идеялдуу модел жок. КМШ өлкөлөрүнүн баарында сот системасы реформалануу, кайрадан түзүлүү жараянын баштан кечирүүдө. Биз да азыр мындай кырдаалда эмне дурус, эмне ылайыктуу экенин аныктоо жараянындабыз. Ушул жагын эске алганда бир тарабынан соттун көз карандысыздыгы деген эмне? Экинчи тарабынан, биз КМШ өлкөлөрүнүн баарынан жолуктургандай, сот акыйкаттуулугу дурус эместигин эске алуу менен Омбудсмен институту кандай ролду аткара алат жана аткарыш керектигин тең салмактоо өтө татаал.

Ал эми демократия чыңдалып, көз карандысыз соттордун жаралышы менен эле Омбудсмен институтунун зарылдыгы жоюлабы? Адистердин айтымында, бул кызматты биринчи киригизген Скандинавия өлкөлөрүн тажрыйбасы көргөзгөндөй, демократия күчөгөн сайын, тескерисинче, Омбудсмендердин да жумушу көбөйөт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG