Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

КЫРГЫЗСТАН КОРРУПЦИЯ ГҮЛДӨГӨН ӨЛКӨЛӨРДҮН КАТАРЫНДА


Кыргызстанда коррупциянын деңгээли жылдан жылга өсүп баратат. Бул тууралуу дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупцияга байланышкан абалды иликтеген эл аралык “Транспэренси интернешнл” уюмунун кечээ жарыяланган жылдык баяндамасында айтылган. Кыргызстандык айрым талдоочулар мындай баага таң калуунун кереги жоктугун, коррупциянын күчөшү өлкөдө эчак эле кадырэсе көрүнүш катары кабылданып калганын белгилешүүдө. Бирок жогорку бийликтин өкүлдөрү соңку жылдарда коррупциянын деңгээли азайганын, ага мамлекеттик бюджеттин мурдагыдан эки эсеге көбөйүшү далил экенин буга чейин бир нече курдай айтып келген.

Аталган уюмдун иликтөөсүнө караганда, Кыргызстанда быйыл коррупциянын деңгээли өткөн жылга салыштырмалуу бир аз көтөрүлүп, 183 мамлекеттин ичинен 166-орунду ээлеген. Былтыр бул тизмеде 157-орунда эле. Быйылкы иликтөөдө Кыргызстан менен катарлаш Өзбекстан, Түркмөнстан жана Зимбабве турат.

Жергиликтүү айрым талдоочулар коррупция кулачын кенен жайып бараткан азыркыдай шартта мындай баага таң калуунун кереги жоктугун белгилешүүдө. Экономикалык серепчи Касым Исаев бийликтин бийик тепкичинде отургандар таза болмоюн коррупциянын кылы кыйшайбастыгы белгилүү экенин айтат:

- Эми коррупцияга байланышкан биздеги абал жалпы жумурай журтка белгилүү болуп калбадыбы. Кыргыздын илгертен бери келаткан түшүнүгүндө эл башындагылар таза болсо башкалар да таза болуп, уурулар, коррупция деген болбойт. Жогору жактагылар таза болсо коррупция да өзүнөн-өзү жоголот. Эми азыр эл аралык уюмдардын тизмесинде Кыргызстан коррупция күчөгөн өлкөлөрдүн катарында 166 же 190-орунда болсо деле ага таң калуунун кереги жок.

Экономист профессор Айылчы Сарыбаев да коррупциянын өсүшү кадыресе көрүнүш катары кабылданып калганын белгилейт.

- Эл аралык уюм эң туура баа берген. Коррупция чайлап-коолап атканын баарыбыз эле көрүп атпайбызбы. Ал кадырэсе көрүнүш болуп калбадыбы бизде.

Аталган уюмдун баасы тууралуу пикирин угалы деп Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттикке кайрылганыбызда, бул мекеменин маалымат кызматы да, жетекчилиги да өз пикирин айтууну каалаган жок.

Кыргыз президентинин мамлекеттик кеңешчиси Токон Мамытов буга чейин “Азаттыкка” берген маегинде өлкөдө коррупция жылдан жылга өсүп баратат дегенге кошулбастыгын, ага соңку жылдарда эле мамлекеттик бюджеттин мурдагыдан эки эсеге өсүшү далил экенин айткан эле:

- Акыркы жылдарда коррупцияга каршы күрөшүү жаатында колдонулган чаралардын негизинде бир топ иштер жасалды. Өлкө бюджети ошол 2005-жылга чейинки бюджеттен эки эседен ашык көбөйдү. Бул ошол коррупцияны муунткандын, ошого каршы иштердин жыйынтыгында болуп атат. Коррупция көбөйбөй эле кайра үч-төрт эсе азайды деп айта алам. Бул ошол коррупцияга каршы күрөштүн негизинде болуп атат. Кыргызстан азыр башка өлкөлөрдөй эле коррупция менен күрөшүп атат, ошол күрөштү улантып атат.

Канткен менен коррупцияны биротоло тыптыйпыл кылып жоготуу мүмкүн эместиги, ал дээрлик көпчүлүк мамлекеттерде боло жүрчү көрүнүш экени айтылып келет. Профессор Айылчы Сарыбаев болсо мыйзамдын алдында баары бирдей болуп, мыйзам так аткарылса эле коррупциянын арааны азаят деген пикирде:

- Мыйзамдар сакталып, мыйзам биринчи орунда турушу керек. Ошондой коррупция эбегейсиз чоң өлчөмдө, системалуу түрдө болбойт. Анан жанагындай чоңу кичинесинен, кичинеси андан кичинесинен баягы “думанадан кайырчы үмүт этет” дегендей, биринен-бири акча доолай берсе эч качан токтобойт.

Эл аралык “Транспэренси интернешнл” уюмунун иликтөөсүнө абай салсак, Кыргызстан коррупциянын деңгээли боюнча жыл сайын улам артка жылып келет. Маселен 2003-жылы 118-чи орунда болсо, андан бери улам жылып отуруп, быйыл 166-орунга жетти. Уюмдун иликтөөсүндө коррупция деңгээли эң төмөн өлкөлөр катары Дания, Жаңы Зеландия жана Швеция аталган.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG