Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Иран төңкөрүшү: молдолор байыды, эл жакырланды


1979-жылы Ирандагы исламдык төңкөрүшкө ушул күндөрү 30 жыл толууда. Бул күнү ирандыктар бийликтердин экономикалык акыйкаттык тууралуу берген убадалары аткарылбаган бойдон калгандыгын эскеришүүдө.

Ирандын төңкөрүшчүлөрү Рухолла Хомейнинин исламдык акыйкаттык, бардар турмуш жана демократия тууралуу убадаларын угуп, өздөрүнүн жана балдарынын жаркыраган келечегине үмүттөнүшкөн. 1979-жылы төңкөрүштүн алдында сүргүндөн Иранга кайткан Аятолла Хоменейи элге мындай сөздөр менен кайрылган:

- Биз силердин материалдык турмушуңарды жакшыртууну каалайбыз. Биз силердин руханий турмушуңардын тынч болушун кепилдейбиз. Силерге руханий байлык жетишпейт, аларды бизден тартып алышкан. Биз үйлөрдү куруп тим болбойбуз. Биз силерди бекер суу, бекер электр жарыгы менен камсыз кылабыз. Коомдук автобустарды бекер жүргүзөбүз. Бирок бул эле эмес, биз силерге моралдык жана руханий улуулукту ыйгарабыз.

Бирок 30 жылдан кийин Хомейнинин жолдоочулары күткөн барчылык турмуш келген жок, бул ирандыктарды көбүн иренжитти. Төңкөрүштүн тушунда туулган балдар бүгүн иш десе ишке тойбой баралына келген курагында жумушсуздуктун жана чектелген эркиндиктердин шартында жашап жатышат.

33 жаштагы Реза Сабзевар шаарынан, жүк ташыган машина айдайт. Ал атасы колдогон исламдык төңкөрүштү эстей албайт. Бирок байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырымдын улам тереңдеп бараткандыгына күбө болгон атасы азыр өкүттө экенин жакшы билет. Өзү да турмушуна нааразы:

- Акыркы 30 жылда биздин өлкө алга жылган жок. Иран жетекчилеринин саясаты элди жапа тарттырууда. Алар эл үчүн эч нерсе кылышкан жок, өз чөнтөктөрүн гана толтурушту.

Ирандыктардын көбү Реза сыңарында өлкөнүн эбегейсиз мунай-газ байлыгынан жарытылуу үлүш алган жокпуз деп эсептешет. Иран Ислам Республикасынын баш мыйзамында жакырчылыкты жоюу, турак-жай, саламаттык, жумуш менен камсыз кылуу укуктары каралган. Бирок экономикалык көрсөткүчтөр Иранды башкарган молдо-жетекчилер көп тармактарда жылышка жетише албагандыгын айгинелейт. Ирандын Борбордук банкынын соңку отчетуна ылайык, ирандыктардын 14 миллиону жакырчылыктын чегинен төмөн жашайт. 20 пайызы - жумушсуз, көп адамдар убактылуу же начар айлык төлөнгөн иштерде иштешет. Инфляция 25 пайызга жеткен.

Ахмад Алави швециялык экономист. Анын айтымында, Иранда калктын байманалуу катмары менен турмуш деңгээли төмөн бүлөлөрдүн кирешесинин ортосунда чоң айырма бар. Жогорку инфляция жана кирешени бөлүштүрүүнүн механизмине байланыштуу, теңсиздик алдыдагы жылдарда дагы күчөйт" деп эсептейт ал.

Ал эми Париждик эл аралык экономикалык байланыштар профессору жана "Азаттыктын" фарсы кызматынын адиси Ферейдун Каванд буларды айтат:

Иранда азыркы администрация бийликке жаңы келгенде, Иран экономикасынын бир нече мүчүлүштүктөрү болгон. Анын ичинде мунайга болгон көз карндылык күчтүү эле. Экономика да анча либералдашкан эмес болчу. Бирок азыркы 30 жылда бул мүчүлүштүктөр күчөсө күчөдү, оңолгон жок.

Төңкөрүштөн кийин банктар жана башка маанилүү тармактар мамлекеттештирилген. Шахтын бийлигин колдогон монархисттер жана байлар качканда, алардан калган ишкана, компаниялар конфискацияланып, мамлекет көзөмөлдөгөн кордун карамагына берилген. Бирок ал корлор салык жана эсеп-чот жаатында отчет берүүгө милдеттүү болгон эмес. Натыйжада Ирандын жаңы динчил жетекчилери жана аларга жакындыгы барлар пайдага тунган.

Каванддын айтымында, акыркы 30 жылда көп өлкөлөр экономикалык реформа жүргүзүп, глобалдык экономика менен алыш-беришин кеңейтти. Ал эми Ирандын экономикасы дымып калды:

- Ирандын экономикалык жактан аксашынын башкы себеби - тарыхый, өтө маанилүү мезгилде артта калып, экономиканы жаңыртуучу реформалар жүргүзүлгөн жок. Ирандын экономикалык структурасынын эскилиги мындан да өткөн кедерги болду.

Коррупция, кесипкөйлүктүн жетишсиздиги жана фракциялардын өз ара кармашы да экономиканы артка тартып келет.

Атасы мындан 30 жыл мурдагы исламдык төңкөрүштү колдогон айдоочу Реза Ирандын келечегин аныктоо үчүн Бириккен Улуттардын көзөмөлү астында референдум өткөрүү керек деп эсептейт:

Ирандын эли учурдагы бийлик тууралуу эмне деген ойдо экендигин билиш үчүн референдум өткөрүүүгө убакыт келди. Бардыгы азыркы бийликти жек көрөт. Эл бул тууралуу өз көз карашын билдирсин, ал эми жетекчилер элдин пикирин сыйлашы керек.

Резанын үмүтү акталаары күмөн, себеби ушул жумада президент Ахмединежад төңкөрүштүн идеалдары жашап жатат жана коомдук акыйкаттык орногончо жашай да берет деп эскертти.

XS
SM
MD
LG