Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

2012: Дүйнөлүк экономиканы белгисиздик тушады


Аяктаган 2012-жылы дүйнөлүк экономиканы тушаган эң башкы көйгөй белгисиздик болду жана мындан улам экономиканын өсүү ыргагы басаңдады. Белгисиздик али сакталып тургандыктан эксперттердин болжолунда, экономика келерки жылы деле ыкчам жандана албайт. Экономикалык солгундоо өз кезегинде дүйнөлүк соодада чектөөлөрдү күчөттү.

“Белгисиздик”, “бейстабилдүүлүк”, “рецессия”, “фискалдык кыйроо”, “фискалдык консолидация” “карыз кризиси”, “өсүштүн жайлашы”, “улуттук дүң өндүрүштүн кыскарышы” - аяктаган жылы адистер дүйнөлүк экономикага баа берүүдө колдонгон негизги терминдер болду.

Ал эми дүйнөлүк экономиканын негизги көйгөйү кайсыл дегенде, экономикалык кырдаалды талдаган баяндамаларында эл аралык уюмдар тегиз белгисиздикти аташты.

Жаңы жылга божомолун акыркылардан болуп жарыялагандардын бири – баш кеңсеси Парижде жайгашкан Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү
уюмунун (OECD) эксперти Себастиян Барнес (Sebastian Barnes) “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде мындай дейт:

- Белгисиздик 2012-жылы дүйнөлүк экономика жайлашынын башкы себеби болду. Белгисиздик каржы базарларын каптап, бай, жакыр, өнүгүп келе жаткан экономикаларга да таасирин тийгизди. Балким бул кризистин борбору - евроаймактагы кризис. Кризис евроаймактын экономикасын рецессияга алып барды жана дүйнөлүк экономикадагы басаңдоонун башкы факторлорунун бири болду. Базардагы шарттар аяктаган жылдын экинчи жарымына барып, кичине жакшырды жана жылдын аяк ченинде кээ бир өлкөлөрдө бир аз ишеним жарала баштады. Бирок белгисиздик али жогору бойдон калууда. Белгисиздик базардын бардык чөйрөсүндө, анын ичинде баалуу кагаздар базарында да бар. Бирок менимче, эң маанилүүсү банк системасындагы белгисиздик. Банктар экономика толук кайра жандануусу үчүн керек болгондой жолдо иштей элек.

Талдоочу Себастиян Барнес “Азаттык” менен маегинде кошумчалагандай, белгисиздиктин шартында колдо акча болгону менен ал экономика үчүн айланбай жатат:

- Бул банк системасы үчүн гана эмес, компаниялар үчүн да чындык. Демек, көп өлкөлөрдө азыр инвестиция жагы азайган. Компанияларда нак акчанын ири кору бар. Кадимки учурларда алар бул акчаны жаңы жабдууларды сатып алууга, жаңы имараттарды курууга жумшашат. Белгисиздиктин шартында болсо алар акчаны инвестицияга короткондун ордуна, сактоого артыкчылык беришүүдө. Андыктан бул - азыр суроо-талап абдан алсыз болуп жатканынын бир себеби.
Банктар болсо реалдуу экономикага акча берүүгө, башкача айтканда инвестицияны, адамдардын ипотекалык кредиттерин каржылоого көп дилгирленбей турушат. Ошондой эле банктардын ортосунда өз ара ишеним жок. Кадимки учурларда банктардын бири-биринен карыз алып, карыз берип турушканы маанилүү. Белгисиздиктен улам бул система да учурда талаптагыдай иштей элек.


Валли Куби (Vally Koubi) – Швейцариянын Берн университетиндеги Экономика институттун профессору.

Ал “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде белгисиздиктин аяктаган жыл бою өкүм сүрүшүндө саясий лидерлердин да салымы бар деп эсептеди:

- Чынын айтсак, лидерлер чечкиндүү чара көрө алышкан жок. Менимче, олуттуу проблема ушул болду. Чечим кабыл алалбоо менен алар белгисиздикти күчөтүштү. Натыйжада инвесторлор жана керектөөчүлөр эмне болорун билбей турушат. Мындан улам экономикадагы өсүш начар.

Эл аралык валюта кору октябрдын орто ченинде 2012 жана 2013-жылга божомолун кайра караганда, тобокелчиликтер күчөй түшкөнүн белгилеп, баштапкы көрсөткүчтөрүн төмөндөткөн болчу.

Валюта корунун эсебинде, 2012-жылдын жыйынтыгында дүйнө экономикасы болгону 3,3%, ал эми 2013-жылы 3,6% жогорулайт.

Ал эми Улуттар уюму 18-декабрда жарыялаган баяндамасында мындан да аз көрсөткүчтөрдү берди. БУУнун экономисттеринин болжолунда, дүйнө экономикасы 2012-жылдын жыйынтыгында, 2,2%, 2013-жылы 2,4 % гана өсөт.

Өзү дүйнө экономикасынын же дүйнөлүк дүң өндүрүштүн жылдык акчалай көлөмү азыр 70 триллион доллардын тегерегинде.

Мунун 80% ашууну Чоң жыйырманын тобуна киргендердин, башкача айтканда 20 эле мамлекеттин, 50%дайы негизги төрт оюнчу: АКШ, Евробиримдик, Кытай, Жапониянын үлүшүнө тура келет.

Андыктан майда же орто деңгээлдеги өлкөлөрдүн экономикасы өсө бериши мүмкүн, бирок дүйнөлүк экономиканын оң же терс нукта кетиши ошол негизги оюнчулардын акыбалына көз каранды.

Евробиримдик

2012-жылы экономикадагы негизги оюнчулардын ар биринде өз көйгөйлөрү болду. Маселен Еврошаркет өлкөлөрүндө жумушсуздук өсүп, карыз кризисинен улам өкмөттөрү бюджеттик каражаттарды үнөмдөөгө барып, мамлекет каржылаган иш орундарын кыскартууга, айлык акыларды, жөлөкпулду, пенсияларды кыркууга аргасыз болду.


Греция, Испания сындуу өлкөлөрдө нааразылык акциялар жыл боюу өтүп турду.
Греция, Испания сындуу өлкөлөрдө нааразылык акциялар жыл боюу өтүп турду.
Мындай чаралар өз кезегинде эски континентте нааразылык толкунун жаратты.

Еврошаркеттин лидерлери аяктаган жыл бою бюжеттик тартипти чыңдоону, карыз кризисин жөнгөрүүнү көздөгөн чараларды көрүп келишти, башкысы Грециянын башаламан дефолт болушуна жол берилген жок.

Бирок көрүлгөн чаралар Германия менен Франциянын өсүүсү да Еврошаркеттин экономикасын рецессиядан сактай албады.

Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун эксперти Себастиан Барнес мындай дейт:

- Евроаймактын монетардык биримдиктин иштөөсү жагынан татаалдашып кеткен, көйгөйлөрүн чечүү жагынан көп эле жылыш болду. Маселен жакында бонддорду же баалуу кагаздарды алмашуулар Европадагы кризисти жараткан Грециянын бюджети келечекте туруктуу болушуна жардам берет. Бирок Евроаймакта жөнгөрүүнү талап кылган проблемалар али көп. Ошол проблемалар кантип чечилери билинбегендиктен жыл бою белгисиздик өкүм сүрүп турду. Андыктан евроаймак рецессияда кала берет, же өсүш алдыдагы жылы абдан эле аз болот. Аймактын айрым өлкөлөрү, анын ичинде Италия, Испания терең рецессияны баштан кечирүүнү улантышат. Бул бир жагынан бюджеттик каражатты сарптоо кыскартылышынан, салыктар көтөрүлүшүнөн жаралууда.

Эл аралык Валюта корунун эсебинде, Еврошаркеттин экономикасы 2012-жылдын жыйынтыгы менен 0,4% кыскарат, эң жакшы дегенде келерки жылдын экинчи жарымында гана 1%га чейин өсүүсү мүмкүн.

АКШ

Ал эми дүйнөнүн номер биринчи экономикасы АКШ Эл аралык валюта корунун болжолунда, 2012-жылды 2,2% өсүш менен аяктайт.

Бирок экономисттер Кошмо Штаттар үчүн “фискалдык кыйроо” деп аташкан, АКШнын өзүнө эле дүйнөнүн калган экономикаларына да таасири бар маселени чечүүнүн кечеңдеши декабрда олуттуу тынчсызданууларды жаратты.

Швейцариянын Берн университетиндеги Экономика институтунун профессору Валли Куби:

- Мен буга чейин көргөндөрдөн 2013-жылга эң жакшы делген божомолдор боюнча АКШ үчүн 2%дык гана өсүштү айтып жатышат. Бул “фискалдык кыйроо” турмушка ашпаган шартта.

Жапония

Башкы оюнчулардын дагы бири, дүйнөнүн үчүнчү ири экономикасы Жапония аяктаган жылы инфляцияны эмес, дефлацияны башкача айтканда улуттук акчанын сатып алуу кубаты артканын баштан кечирди.

Токио биржасы.
Токио биржасы.
Бирок бул жапон товарларынын чет элдик базардагы баасын кымбататтып өлкөнүн экспорттук кубатын чектегендей болду.

Эл аралык уюмдар жапон экономикасы 2012-жылдын жыйынтыгында 2%дан бир аз ашуунга чейин өсөт, бирок 2013-жылы өсүш 1%га да жетпей каларын болжолдоп жатышат.

Профессор Валли Кубинин айтымында, мындай жагдай Жапониянын ички турмушу менен байланыштуу:

- Жапонияда акыркы жылдагы өсүштүн себеби – алар катуу жер титирөө менен цунамиден кийин өлкөнү кайра курганы. Бул үчүн өкмөт акча коротту. Эми кайра куруунун басымдуу бөлүгү аяктагандыгына байланыштуу, өкмөттүн чыгымдары азаят. Андыктан Жапониядагы өсүш да басаңдайт.

Кытай

Өнүккөн дүйнөдөгү экономикалык басаңдоо өнүгүп келе жаткан дүйнөдөгү экономиканын өсүү ыргагына таасирин тийгизет. Бул таасир аяктаган 2012-жылы эле сезилди.

Өнүгүп келе жаткан дүйнөнүн экономикалык лидери, Кыргызстандын башкы соода өнөгү, дүйнөнүн экинчи ири экономикасы Кытайда өсүш 2012-жылдын жыйынтыгы менен 7,5%дын тегерегинде болот. Өлкө бийлиги да мына ушундай максат койгон. Бул 2008-жылдагы каржылык кризистен берки эң төмөнкү көрсөткүч. Ага дейре кытай экономикасы жылына 10%дан өсүп турган болот.

Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму 2013-жылы кытай экономикасы 8,5% өсөөрүн болжолдоодо.

Кытайдын 2013-жылдан тарта бийликке келүүчү жаңы лидерлери астында экономикалык көйгөйлөр турат.
Кытайдын 2013-жылдан тарта бийликке келүүчү жаңы лидерлери астында экономикалык көйгөйлөр турат.
Бирок кандай болгон күндө да Кытайдын мындан аркы алга жылышы эми ички керектөөгө көз каранды болот.

Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун эксперти Себастиан Барнес:

- Мурдагыдан эң маанилүү айырмачылык, Кытайдагы кайра жанданууда экспорт кичинерээк роль ойнойт. Анткени дүйнөнүн калган экономикасы салыштырмалуу алсыз. Ушундан улам ички талап, керектөөчүлөрдүн чыгымы, инвестиция мурдагыдан көбүрөөк болот.

Көпчүлүк эксперттер белгилеп келишкендей, Кытайдын негизги көйгөйлөрүнүн бири - анын экономикасындагы кыймылдаткыч күч мамлекет экендигинде.

Бул система кытай продукциясына дүйнөлүк талап күчтүү болгон кезде жакшы иштеди.

Эми Лондондогу Economics Intelligence Unit иликтөө уюмунун Кытай боюнча талдоочусу Дункан Иннес Кердин (Duncan Innes Ker) айтымында, келечектеги өсүш үчүн жеке секторду колдоо зарыл:

- Азыркы учурда банк сектору экономиканын мамлекет ээлик кылган бөлүгүн каржылоо үчүн кызмат кылат. Жеке сектор иш жүзүндө капиталга келгенде ач бойдон. Жеке секторго салыштармалуу жалпы эффективдүүлүгү, натыйжалуулугу төмөн мамлекеттик секторго артыкчылык бергендик – чоң проблема.

Дүйнөлүк соодада өз көмөчүнө күл тартуу күчөдү

Экономикадагы солгундоо 2012-жылы дүйнөдө соода талаштардын, чектөөлөрдүн күчөшүнө өбөлгө берди.

157 өлкө мүчө Дүйнөлүк соода уюмунун 14-декабрда жарыяланган баяндамасына караганда, 2012-жылы соода талаштары боюнча 26 даттануу түшкөн. Бул 2003-жылдан берки эң жогорку сан, 2011-жылдагыдан үч эсе көптүк кылат.

Дүйнөлүк соода уюмунун болжолунда, 2012-жылдын жыйынтыгы менен соода көлөмү 2,5% өсөрү күтүлүүдө.

Ага карабай арыз-даттануучулардын өскөнү, дүйнөлүк соодадагы токочтун кесими үчүн күрөш күчөгөнүн ишара кылып турат. Дүйнөлүк соода уюмуна жолдонгон арыз-даттануулардын басымдуу бөлүгү АКШ, Кытай, Евробиримдик, Жапония өңдүү ири оюнчуларга туура келет. Берилген арыздарда бир тарап, экинчисин адатта адилетсиз эреже менен ойноп жатканы үчүн айыптайт.

Соода талаштары менен катар 2012-жылы дүйнө өлкөлөрү улуттук экономикасын тышкы атаандаштыктан коргоо үчүн протекционисттик чараларды да көбөйткөндөй.

Дүйнөлүк Соода уюмунун декабрдын орто чениндеги эсебине караганда, акыркы он эки айда уюмдун мүчөлөрү үч жүздөн ашуун жаңы чектөө киргизген. Эл аралык соодада өз көмөчүнө күл тартуу күчөгөнүн жыл ортосунда Еврокомиссия да айтып чыккан эле.

Швейцариянын Берн университетиндеги Экономика институтунун профессору. Валли Куби (Vally Koubi) “Азаттык” менен маегинде буларды айтты:

- Эркин соодадан, акча алмашуу курсу стабилдүү болгон монетардык системадан баары пайда көрдү. Бирок бул күн бүткөндө ар бир өлкө эң биринчи кезекте өзүнө карайт да. Саясатчылар башка мамлекеттин эмес, өз өлкөсүнүн жарандары тарабынан шайлангандыктан, алар биринчи кезекте өз шайлоочуларынын талабы менен каалоосун канааттандырышы абзел. Андыктан түшүнүп коюу керек, глобалдык экономика жакшы иштебей тура берсе, адамдар эркин сооданы көп колдошпойт. Анткени бул жерде жоготуучулар да болот да.

Анткен менен дүйнө азыр ич ара ушунчалык чырмалышып калганын эске салган талдоочулар ар өлкөнүн өз көмөчүнө күл шилтөөсү азыр ансыз деле кризисте турган дүйнөлүк экономиканы өргө сүйрөбөстөн, кайра артка тарткандык жана тарыхтын сабактарынан жаңылыш жыйынтык чыгаргандык деп эсептешет.

Маселен Британиянын мурдагы премьер-министри Гордон Браун
жакында “Индепендент” гезитинде жарыялаган маегинде 2008-жылдагы каржылык кризистин сабактарына токтолуп, глобалдык каржы, глобалдык өсүш стратегиясы келечекте координацияланышына жана соода боюнча Азиядагы өзгөрүүлөрдү эске алган дүйнөлүк жаңы келишимге жетишүүнү азыркы учурдун беш экономикалык жана социалдык көйгөйүнүн катарында атаган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG