Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:24

Египет: антитеррордук мыйзамдан кийинки теракт


Египеттин улуттук коопсуздук кызматынын Каирдеги кеңсеси жардыруудан кийин, 20-август, 2015
Египеттин улуттук коопсуздук кызматынын Каирдеги кеңсеси жардыруудан кийин, 20-август, 2015

Каирде бейшембиге караган түнү дүрмөттөлгөн машина жарылганда кеминде 20 киши жараат алды. Окуя күч органдарынын имаратынын жанында болгон.

Жакында Египет өкмөтү антитеррордук жаңы мыйзам кабыл алган. Бирок укук коргоочулар бийлик ашынган исламчыл согушкерлерге каршы аракеттерге жамынып, саясий атаандаштарын куугунтуктап, жарандардын эркиндиктерин чектеп жатканын сынга алууда.

Расмий маалыматка караганда, кубаттуу жардыруучу зат алыстан башкарылган. Каирдин түндүк бөлүгүнүн тургундары социалдык тармактардагы комментарийлерде жардыруунун добушу алыскы жерлерден да угулганын жазышууда.

Жардыруу болгон жерден тартылган видеолордо айланадагы имараттардын дубалдары урап, терезелери күбүлүп калганын, түтүктөрдөн суу көчөлөргө агып жатканын көрсө болот.

- Жашыл качан күйөт деп жолдо күтүп отурганбыз. Ар тараптан машиналар келаткан. Жашыл күйөрү менен жылалы дегенде тээтиги жакта бир нерсе жарылды. Мен жалындын жарыгын гана көрдүм, эл ызы-чуу түшүп, машинелерден бир нерселер учуп жатты. Дагы жакшы жанымдагылар аман-эсен, - деп айтып берди Ашраф деген жигит.

Жардыруу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким өзүнө ала элек. Буга чейин Ирак менен Сириянын бир топ аймактарын көзөмөлдөгөн “Ислам мамлекети” радикал тобунун согушкерлери Египетте бир нече кол салууну, анын ичинде июлда Италиянын консулдугунун жанындагы жардырууну уюштурушкан. Өлкөнүн куралдуу күчтөрү түштүктөгү Синай жарым аралында уюмду колдогон экстремисттерге каршы күрөшүп келатышат.

2013-жылы мурдагы президент Мухаммед Мурси бийликтен кулатылгандан бери Египетте жүздөгөн аскер жана полициячы набыт болду.

Азыркы мамлекет башчы Абдел Фаттах ас-Сиси исламчыл радикал согушкерлер бүтүндөй араб дүйнөсүнө жана Батышка коркунуч жаратып жатканын белгилөө менен аларды түп-тамыры менен жок кыларын айтып келатат.

Өткөн жекшембиде президент антитеррордук жаңы мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, террордук уюмдардын лидерлери жана уюштуруучулары өлүм жазасына же өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө өкүм кылынат. Андай топторго мүчө болгондорду 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралаган. Зордук-зомбулукка шыкактоо же андай аракеттерге үндөгөн интернет сайттарды түзгөндөр жети жылга, финансылык көмөк бергендер 25 жылга чейин абакка кесилет.

Шектүү согушкердин соттору жөнөйкөйлүштүргөн схема боюнча өткөрүлүп турмакчы. Мыйзамда террорчулардын иш-аракеттери тууралуу расмий көз караштан айырмаланган өңүттөн чагылдырган журналисттерге ири өлчөмдөгү айып пул салынары да айтылат.

Бирок өкмөт бул жааттагы аракеттерине жамынып, саясий оппоненттерин куугунтуктап, адам укуктарын кыйла чектеп жатат деп сындагандар да аз эмес. Радикал исламчы деген айып боюнча бир топ киши, анын катарында экс-президент Мурси жана “Мусулман агайыңдары” уюмунун башка лидерлери өлүм жазасына өкүм кылынды. Египет бийлиги аларды террордук топтордун катарына кошкон. Уюм болсо ишмердиги тынч максаттарды гана көздөрүн ырастап келатат.

2014-жылкы Конституциянын долбоорун түзүүгө катышкан юрист Сабер Амердин пикиринде, азыркы Кылмыш кодексинде экстремист согушкерлерге каршы жетиштүү чара каралган, жаңы мыйзамдын кереги деле жок болчу.

Февралда болсо президент Сиси коомдук тартипти бузуудан тартып, улуттук биримдикке доо кетирүү деген беренелер боюнча айыпталган уюмдарга тыюу салууга жол ачкан дагы бир жобого кол койгон.

Укук коргоочулар президент Сисини 2011-жылы Хосни Мубарактын автократтык бийлиги төңкөрүлгөндө жетишилген эркиндик жолунан тайып жаткандыгы үчүн сындашууда.

XS
SM
MD
LG