Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

"Евровидениеден" президенттин үй-бүлөсү туйтунабы?


Бакыда "Евровидение - 2012" өтчү Кристал сарай
Бакыда "Евровидение - 2012" өтчү Кристал сарай

Майдын аягында Азербайжанда "Евровидение" ыр мелдеши өтөт. 22-майда сынак айнек менен болоттон жаркырата курулган ак сарайда башталат. Эл аралык маанидеги ири иш-чарага байланыштуу мындай санжыргалуу имарат тургузуу дүйнөдө кадимки эле көрүнүш, бирок анын курулушунан ким туйтунуп жатканы башка маселе.

"Азаттыктын" Азербайжандагы кабарчысы Хадижа Исмаилова эл аралык коррупциялык долбоор менен биргелешип жүргүзгөн иликтөө 23 миң орундуу 134 миллион доллардык Хрустал сарайын курууда азери президентинин үй-бүлөсү туйтунуп жаткандыгын көрсөтүүдө.

Жыл башында "Евровидениенин" символикалык ачкычы берилген Бакы калаасындагы салтанаттын мезгилинде Хрустал сарай али бүтө элек болчу.


Президент Алиев жубайы менен Кристал сарайды кыдырууда
Президент Алиев жубайы менен Кристал сарайды кыдырууда
Курулуштун маалында президент Илхам Алиев менен биринчи айым Мехрибан Алиева бул жакка улам келип турушкан. Аларды курулуштун өз убагында бүтүшү тынчсыздандырганын түшүнүү кыйын эмес. Бирок азыр президенттик үй-бүлөнүн бул курулушта башка да, жеке кызыкчылыктары бар экендиги айкын болууда.


"Азаттыктын" азери кызматынын кабарчысы, таанымал из кубар журналист Хадижа Исмаилова АКШда жайгашкан Уюшкан кылмыштуулук жана Коррупцияны чагылдыруу долбоору (Organized Crime and Corruption Reporting Project – OCCRP) менен бирдикте жүргүзгөн иликтөө «Азенко» деп аталган курулуш ишканасынын көмүскө кожоюндары катары президент Алиевдин жакындары кандайча пайда көрүп жаткандыгын аныктады.

Хрустал ак сарайынын расмий куруучусу катары бардык документтерде германиялык "Алпине Бау Дойчланд АГ" компаниясы аталып келет. Бирок курулушта колдонулган айрым жабдыктарда "Азенко" ишканасынын мөөрү басылган. "Алпине Баунун" Азербайжандагы өкүлү "Азенкону" субподрятчик, же долбоордун бир бөлүгүн өзүнө алган экинчи баскычтагы компания деп мүнөздөдү.

Бирок Ролф Херр бул ишкана тууралуу башка маалымат берүүдөн баш тартты. "Алпине Баунун" Германиядагы маалымат борбору болсо мындай ишканалар кандайча тандалды эле деген суроого жооп берген жок.


Кристал сарайдын көрүнүшү
Кристал сарайдын көрүнүшү
Иликтөөгө ылайык, "Азенко" чыныгы кожоюндарды жашыруу үчүн бир нече компаниялар аркылуу ээленет экен. Иликтөөчүлөр казып чыккандай, 2010-жылда мамлекеттик менчикти жеке колдорго өткөрүү агенттиги "Азенконун" 97.5% Бакы калаасындагы "Интер-Энержи ММС" компаниясы сатып алгандыгын жарыялаган.

Ошол жылдын март айындагы жеке менчиктештирүү документтерине ылайык, "Интер-Энержинин" акцияларынын 70% баш калаадагы дагы бир "АДОР ММС" компаниясына тийешелүү. Ишканаларды каттоо документтеринде "АДОРдун" расмий дареги катары «Самед Вургун көчөсү, үй номери 7» деп көрсөтүлгөн. Ал кезде бул даректе Мехриван Алиева, Лейла Алиева жана Арзу Алиева - президенттин аялы жана эки кызы катталган.

Хадижа Исмаилова иликтөө ишинде башкы кыйынчылык расмий документтерди алууда болгондугун мындайча айтат:

- Тилекке каршы өкмөт мындай макалаларга реакция көрсөтпөйт, экинчи жагынан реакция кылганда эмне деп айтат?

Исмаилова жаңы иликтөөгө өкмөттөн реакция болооруна ишенбейт, себеби буга чейинки шойкомдуу иликтөөлөргө бийликтерден эч ким жооп берген эмес.


"Евровидение -2012"
"Евровидение -2012"
"Азенко" буга чейин да мамлекет каржылаган ири долбоорлорго тартылган экен. Мамлекеттик Жабдуу агенттигинин документтеринде 2010-жылы эле "Азенко" 79 миллион доллардык келишимдерге кошулганын көрө алабыз. Бул ишкана жакында эле "Азер-Энержи" негиздеген мурдагы мамлекеттик «Сумгаит Технология паркын» өз колуна алды.

"Евровидение" өтө турган Хрустал ак сарайдын курулушу 134 миллион долларга бааланган. Мунун канчасы "Азенконун" карамагына өткөнү белгисиз жана Хадижа Исмаилова өзүн жаманатты кылуу өнөктүгү токтобой келатканына карабастан, бул жааттагы иликтөөсүн улантаарын бышыктады.

XS
SM
MD
LG