Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:39

Мода падышасы дүйнөдөн кайтты


Мода дүйнөсү аза күтүүдө. 19-февралда белгилүү модельер, "Chanel" мода үйүнүн көркөм директору Карл Лагерфелд Париждеги ооруканада 85 жашында көз жумду.

Моцарттай болуп буурул чачын артка байлап, классикалык костюм шымга артыкчылык берген, кара көз айнегин түшүрбөгөн элеганттуу дизайнер. Бул образды модадан алыс адамдар да дароо таанышчу. Кутюрье чеберчилигинин иконасы, Кайзер Карл - Император Карл жарым кылым мода дүйнөсүндө эбегейсиз орунду ээлеп келди.

Германияда туулуп өскөн Лагерфелд бүтүндөй өмүрүн француз баш калаасына, модага арнаган.

1983-жылдан тартып өмүрүнүн аягына чейин атактуу "Шанель" мода үйүндө эмгектенип, көркөм директору болгон. Айрым чеберлер кутюрье Парижди дүйнө модасынын борборуна айлантууга чоң салым кошконун белгилешет.

"Дүйнөдө модадан башка маанилүү проблемалар болушу мүмкүн. Модасыз деле жашаса болот. Бирок бул – индустрия. Мода мезгилден артта калбашы керек. Андай болбосо, мода жоголот", -
деп айткан Лагерфелд.

"Шанелге" чейин Лагерфелд италиялык "Fendi" мода үйүнүн көркөм директору, "Chloe" брендинин модельери болгон. Ошол эле учурда өзү түзгөн "Karl" маркасын да жетектечү. Ага карабай, ар бир бренддин өзгөчөлүгүн сактоого жетишкен.

Модельер 1933-жылы Гамбургда ишкер Отто Лагерфелддин үй-бүлөсүндө туулган. Париждеги абройлуу Монтень лицейин аяктап, живопись жана тарых адистигин тандаган.

"Мода – замандын духу" деп айткан дизайнер актуалдуулугун жоготуп бараткан "Шанель" брендин заман талабына ылайыкташтыра алган. Мисалы, Коко Шанель өзү чийип, бычкан классикалык костюмдарды джинс жана тери материалдарынан тиге баштаган.

Ал өзү да замандан артта калчу эмес. Дефилелерин чыныгы чакан спектаклдерге айланта алчу. Бирде жаңы моделдерин Париждеги атактуу тарыхый сарайда, шаардын ортосунда жасалган пляждын жээгинде тартууласа, эмкисинде көрүүчүлөрдү Сена дарыясынын боюна же сыйкырдуу токойго алып кетчү.

Лагерфелд жалаң эле кымбат бренддер менен иштеген десеңер жаңылышасыңар. 2004-жылы белгилүү дизайнерлер арасынан биринчи болуп калың элге багытталган "H&M" маркасы үчүн коллекциясын жараткан.

Өткөн январда кутюрье биринчи жолу "Шанелдин" мода жумасына катышпай калганда француз маалымат каражаттары анын ден соолугу начарлаганын жазышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG