Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Биринчи таймаштар эмнени тастыктады?


Польшада жана Украинада футбол боюнча Европа чемпионаты өтүүдө. “Азаттык” спорт фестивалынын ар бир күнүнө сереп таштоодо.

10-июнда С тобунда баарынын бүйүрүн кызыткан Испания – Италия беттешүүсү 1:1 эсебинде аяктады. Статистика боюнча алганда, маселен, топко ээлик кылуу жагынан Испания үстөмдүк кылды. Бирок италиялыктардын контрчабуулдары абдан курч жүрүп, биринчи болуп алар эсепти ачышты. Бирок испандар бат эле эсепти теңешти. Таймаш соңунда Испаниянын чабуулчусу Торрес аз дегенде үч жолу гол киргизе албай, күйөрмандарынын башын мыкчытты. Ошентип, бул топтогу негизги атаандаштар бирден упай бөлүшүп алышты. Алардын атаандаштары Хорватия Ирландияны 3:1 эсебинде утуп, 3 упай менен алдыга озду.

Буга чейинки оюндарга кыскача токтолсок, А тобунда Чехияны 4:1 эсебинде жеңген Орусиянын футболчулары 3 упай менен биринчи орунда турушат. Майдан ээлери поляктар гректер менен тең чыгышкан – 1:1.

Б тобунда Португалияны 1:0 менен жеңген Германия жана Дания 3төн упай алышты. Албетте, бул топто фавориттердин бири саналган Голландиянын Данияга күтүлбөгөн жерден 0:1 эсебинде утулганы сенсация катары айтылууда.

11-июнда Д тобундагы командалар ат салышат. Көпчүлүктүн көөнүндө Франция – Англия беттешүүсү турат. Бишкекте түн оогондо майдан ээлери украиндер Швеция менен таймашат.

Чемпионатта расисттик ураандар болушу мүмкүн же күйөрмандар ортосунда кагылыштар чыгышы ыктымал деген кабатыр ойлор болгон эле. “Футбол Европадагы расизмге каршы” уюмунун аткаруучу деректири Пиар Повар орусиялык фанаттардын чехиялык кара өңдүү Теодор Селассиеге багышталган расисттик үндөрү тууралу кабар тараткан. Повар, атап айтканда, орусиялыктар маймылдын үнүнө окшош шоокумду жапырт туурашканын расисттик ишара катары сыпаттады.

Бирок Орусиянын спорт министри Виталий Мутко бул дооматты четке какты. Ошол эле кезде УЕФА орусиялык күйөрмандардын стадиондо тартипке көз салган стюарддарга кол салуу фактысын иликтөөгө киришти. 8-июнда Орусия – Чехия беттешүүсү маалында орусиялык 30 чамалуу фанат 4 стюардды сабап коюп, алар ооруканага жаткырылган. Бул окуя боюнча акчалай айыппул салынса, бул жазанын жеңили болот. Дагы кайталанса, Орусиянын олжосундагы 3 упайын алып коюу сыңары катаал жаза каралган.

Кыскасы, азыр күйөрмандардын түн уйкудан кечип, футбол майрамына ортоктош болуп жаткан кези. Ал эми футбол дегенде ичкен ашын жерге койгондор дал ушул маалга ишинен дем алуу алып, жалаң теленин алдында.
XS
SM
MD
LG