Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Олланд чачын 10 миң еврого кырктырат


Франсуа Олланд
Франсуа Олланд

Франция президенти Франсуа Олланддын жеке чачтарачынын маянасы 10 миң евро экени шардана болду. Мунун айынан ансыз деле калк алдындагы кадыры аз Франция президентине карата нааразылык күчөдү.

Франция президенти Франсуа Олланд бул жолу жеке чачтарачынын айынан чыккан жаңжалдын чок ортосунда калды.

Президенттин чачтарачы Оливье Б. айына 10 миң евро маяна аларын жергиликтүү гезиттер шардана кылды. Ушул эле маянаны Францияда министрлер да алат. Маалыматка караганда, аты-жөнү толук айтылбаган Оливье Б. аттуу чачтарач бул жумушка 2012-жылы орношкон.

Ал Франсуа Олландды бардык иш сапарларында коштоп жүрөт. Ошентсе да Олланддын социалисттик партиялаштары чачтарачтын маянасынын көптүгүн эрөөн-терөөн көрүшпөйт. Алардын бири парламент депутаты Рене Досиер президенттин чач жасалгасы үчүн акча аёону орунсуз деп эсептейт.

- Өлкө башчы эл менен жолукканда же теле экранга чыкканда анын өңү эң мыкты абалда болушу талап кылынат. Биз президенттин чач жасалгасынын сапаты баасына жараша мыкты болушуна ишенүүбүз керек.

Чачтарач Оливье Б. 2012-жылы убактылуу кызматкер катары беш жылга жумушка алынган. Бул келишимге Елисей сарайынын кадрлар бөлүмүнүн башчысы кол койгон. Чачтарачка 10 миң евродон маяна төлөнүп атканын Франция өкмөтүнүн расмий өкүлү Стефан Ле Фоль да ырастады.

- Мен Елисей сарайында президенттин чачтарачы иштеп атканын ырастайм. Маяна боюнча гезиттерде тараган маалымат чын. Бирок ал мурда иштетип келген сулуулук салонун жаап, сарайда иштөө үчүн ушул маянага макул болгон. Ал 24 саат бою кызмат көрсөтүүгө даяр абалда иштейт.

Өкмөт өкүлүнүн билдиришинче, чачтарач менен келишим Франсуа Олланддын президенттик мандаты бүткөнгө чейин деп беш жылга убактылуу түзүлгөн. Келишимде чачтарач кызмат убагында жана андан кийин дагы президенттин жашоосу тууралуу бардык маалыматтарды сыр кылып сактоого милдеттенген.

Чачтарачтын айлыгы президенттин өзүнүн маянасынан 5 миң еврого аз болгону менен, француз министрлеринин маяналары менен теңешет. Францияда өкмөт мүчөлөрү 9940 евро алса, президент айына 14 миң 999 евро алат.

Чачтарач чырында француз коомчулугун таң калтырган дагы бир жагдай бар. Анда чачтарач мамлекеттик кызматкердей эле турак үйү үчүн жөлөкпул алат. Анын үй-бүлө мүчөлөрү да бир катар жеңилдиктерден пайдалануу укугуна ээ болгон.

Француз президенти мындан мурдараак өлкөдө салыктардын өлчөмүн көбөйтүү тууралуу мыйзамды демилгелеген эле. Франция эли ага каршы болуп, мыйзам талкуусу бир катар массалык нааразылык акциялары менен коштолгон.

XS
SM
MD
LG