Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Грек өкмөтү Евробиримдиктин ыгына көнүүдө


Грек парламентинин алдындагы демонстрация. Евробиримдиктин байрагын көтөрүп турушат. 9-июль, 2015-жыл
Грек парламентинин алдындагы демонстрация. Евробиримдиктин байрагын көтөрүп турушат. 9-июль, 2015-жыл

Грек өкмөтү карыз кризисин жөнгө салуу үчүн буга чейин Евробиримдик талап кылып келген салык жана пенсиялык системаларды камтыган радикалдуу реформаларды жүргүзүүгө макул болду.

Өкмөт башчы Алексис Ципрас өз сунушун Биримдиктин лидерлерине кечээ белгиленген убакыт өтөрүнө бир саат калганда жиберген. Ципрастын жаңы сунушун 10-июлда грек парламенти талкуулады.

Грек өкмөтү сунуштаган жаңы план буга чейин Евробиримдиктин салыктарды жана пенсия жашын жогорулатуу талаптарын камтыйт. Мындан тышкары Греция жыл сайын бюджеттик чыгымдарды 12 млрд. еврого кыскартышы зарыл. Европа борбордук банкы, Еврокомиссия жана Эл аралык валюта фонду жаңы насыяларды берүү жана карызды жеңилдетүү үчүн талап кылган бул сунуштарга солчул грек өкмөтү бир канча убактан бери караманча каршы болуп келген. Жаңы сунуштарда пенсия курагын көтөрүү, ресторан, мейманкана жана башка кызматтар үчүн жогорку салык төлөмдөрүн киргизүү да бар.

Алексис Ципрас парламентте. 10-июль
Алексис Ципрас парламентте. 10-июль

Премьер-министр Алексис Ципрастын Евробиримдикке жиберген жаңы сунушун бүгүн грек парламенти талкуулады. Өкмөт башчынын “Сириза” партиясындагы айрым депутаттар аны колдоору күмөн. Бирок аларсыз деле, эгер сунушталган пакет Грециянын Евромейкиндикте калышын камсыздаса, колдоп берерин айткан парламенттеги консервативдүү оппозициянын добушу жетиштүү болору айтылууда. Башкаруучу “Сириза” партиясынын мүчөсү Гара Кафанда:

- Мыйзам чыгаруучулар кырдаалды жана аны жөндөө канчалык маанилүү экенин түшүнөт деп ишенем.

Евробиримдик Грецияга каржылык кризис боюнча жаңы сунуш менен чыгууга бейшембинин түнүнө чейин убакыт берген. Грек өкмөт башчысы Алексис Ципрас жаңы сунушту бул мөөнөт аяктаарына бир саат калганда жиберди. Бул олуттуу реформалар Грецияга тышкы карызын жөнгө салуу жана мамлекетти жарга кептеген каржылык каатчылыктан чыгуу үчүн Евробиримдиктен жардам алууга шарт түзмөкчү. Эгер жаңы келишим кабыл алынса, Греция эл аралык кредиторлордон 53 милллиард евро насыя алат. Грек парламентиндеги консервативдүү партиянын депутаты Мариа Коллиас:

- Бул узакка созулган, баарыбыздын эсибизди оодарган абдан чоң талаш. Ал чечилет, биз ошого баратабыз деп ойлойм.

Европа лидерлери Греция 300 миллиард долларга жеткен тышкы карызын өз мөөнөтүндө төлөй албасын моюнга алышууда. Эл аралык валюта фондуна кайтарышы керек болгон карызын өз мөөнөтүндө төлөй албай жакында өткөрүп жиберген.

"Грециянын реалдуу сунушу карыздардын көлөмү боюнча кредиторлор жасаган реалдуу сунуштарга дал келиши абзел. Ошондо гана жагдай эки жак уткандай болот,”- деп билдирди Еврокомиссиянын төрагасы Дональд Туск 9-июлда Люксембургда.

Улуттук банктын өкүлчүлүгүнөн пенсиясын алууга аракет кылган аял. Крит аралындагы Ираклион шаары, 9-июль, 2015-жыл
Улуттук банктын өкүлчүлүгүнөн пенсиясын алууга аракет кылган аял. Крит аралындагы Ираклион шаары, 9-июль, 2015-жыл

Европа лидерлери Греция мамлекетинин карыз жүгүн жеңилдетүүчү “реалдуу” жаңы сунуштарды талкуулаганга даяр экенин билдирүүдө. Биримдиктин каржы министрлери бул маселени ишемби күнкү жолугушууда караганы жатат. Эгер грек өкмөтү жаңы келишимди түзүүгө барбаса, Грециянын банктары такалган кризистин арты өлкөнүн Евробиримдиктен чыгышына алып келиши ыктымал деген чочулоолор бар.

Анткени өлкөнүн банктары эки жумадан бери жабык турат жана кардарларга күнүнө 60 евро гана накталай акча берилүүдө. Айрым адамдар 9-июлда Афинынын борборуна чогулуп, өкмөттү эл аралык кредиторлор менен жаңы келишим түзүүгө чакырышты.

Бирок грециялык шайлоочулар 5-июлда өткөн референдумда бюджеттик чыгымдарды кыскартуу боюнча эл аралык кредиторлордун талабын көпчүлүк добуш менен колдогон эмес.

Бул талапка шайлоочулардын 61% көбү каршы чыгып, 39% гана "макул" деп добуш берген. 5-июлдагы “тарыхый” деп аталган референдумга грек шайлоочуларынын 62,5% катышкан эле.

XS
SM
MD
LG