Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:54

ЕБ: Грециянын карыз боюнча жаңы талабы


8-февралда парламентте сүйлөгөн Ципрас Евробиримдиктин куткаруу планын анын мөөнөтү 28-февралда аяктагандан кийин дагы улантууга макул эместигин бышыктады.
8-февралда парламентте сүйлөгөн Ципрас Евробиримдиктин куткаруу планын анын мөөнөтү 28-февралда аяктагандан кийин дагы улантууга макул эместигин бышыктады.

Греция Брюсселден карыз боюнча жаңы келишим талап кылууда. Азырынча Европа биримдиги радикал солчулдар бийликке келген бул өлкөнүн өкмөтү менен былтыр берилген олчойгон карызды кайтаруунун шарттарын кайра карап чыгууга даяр эмес экендигин билдирүүдө.

Грециянын өкмөт башчысы Алексис Ципрас анын өлкөсү куткаруу планынын мөөнөтүн эмес, чукул жардамга берилген карызды төлөөнүн мөөнөтүн узартууну сурап жаткандыгын билдирди.

8-февралда парламентте сүйлөгөн Ципрас Евробиримдиктин куткаруу планын анын мөөнөтү 28-февралда аяктагандан кийин дагы улантууга макул эместигин бышыктады. Бирок ал дефолтту алдын алуу үчүн алдыдагы жарым айда европалык шериктер менен «көпүрө келишими» жетишилиши мүмкүн деди.

Ципрастын каржы министри Йанис Варо Уфакис анын алдында жетиштүү убакыт берилсе, грек өкмөтү жаңы сунуштарды иштеп чыгаарын билдирген:

- Азыр бир эң баалуу нерсени – убакытты сурап жатабыз. Кыска убакыт ичинде биздин өкмөт шериктерибиз, Валюта кору, Европалык борбордук банк, Европалык комиссия үчүн орто жана узак мезгилдүү "көпүрө программасын” иштеп чыгат элек.

Сөз болуп жаткан "көпүрө программасы" Грецияга берилген 240 миллиард еврону кайтарып берүү боюнча жаңы макулдашуу түзүүгө июнга чейин убакыт бере турган келишим болуп саналат.

Бирок еврону колдонгон өлкөлөрдүн каржы министрлери кирген Евротоптун жетекчиси Йерун Дейссел Блум 6-февралда эгер Греция евро-аймактын жардамы токтобосун десе, куткаруу программасын улантууга арыз бериши керектигин эскертти. "Биз карыздар боюнча "көпүрө" кылбайбыз" деди ал.

Ципрастын солчул радикал "Сириза" партиясы өткөн айдагы парламенттик шайлоодо өкмөттүн чыгымдарын үнөмдөө саясатына каршы программасы менен жеңип чыккан эле. Премьер-министр азыр "Сиризанын" шайлоо алдындагы бардык убадаларын өкмөт аткараарын, анын ичинде 240 миллиард евролук карыз алуу үчүн иштен кетирилген мамлекеттик кызматкерлерди кайра жумушка алаарын айтууда. "Куткаруунун оор жараатын айыктырып, гуманитардык кризисти жөнгө салабыз" деди ал.

Мындан тышкары экономикалык кризистен өзгөчө жапа чеккендерге бекер азык-түлүк, электр энергиясын берүү жана эң төмөнкү айлыкты келерки жылы 751 еврого көтөрүү каралууда.

Ципрастын сөзүн парламент бүгүн карап баштады. Ишеним маселеси 11де добушка коюлууда.

Бул күнү Евротоптун мүчөлөрү да жолугуп, Грециянын сунуштарын талкууламакчы.

XS
SM
MD
LG