Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:45

Рональд Рейган - улуу коммуникатор


Рональд Рейган Германияны экиге бөлгөн Берлиндеги бийик дубалды бузуу учурунда, 12-сентябрь, 1990.
Рональд Рейган Германияны экиге бөлгөн Берлиндеги бийик дубалды бузуу учурунда, 12-сентябрь, 1990.
Мындан бир жыл баштагы "Гэллап" компаниясынын сурамжылоосу боюнча азыркы америкалыктар бул мамлекетке эң эле татыктуу кызмат кылган президенттер деп Авраам Линкольнду, андан соң Франклин Рузвельтти, Рузвельттен соң эле Жон Кеннеди менен Рональд Рейганды эсептешээри билинди. Эң эле рейтинги төмөн президенттердин тизме башында Ирак менен Ооган согушун баштаган, ошонун натыйжасында он миңдеген бейкүнөө адамдарын убалына калган Жорж Буш аталган эле.

Суроо туулат: эмне үчүн Америкадагы кулчулукту жойгон Линкольн, улуу депрессияны токтотуп, дүйнөлүк экинчи согушта өз өлкөсүн жеңүүчү мамлекеттердин арасына кошкон Франклин Рузвельттен кийин эле эң улуу президенттердин катарына Рональд Рейган кошулуп калган?

Бул суроого жооп табуу үчүн биринчи кезекте Рональд Рейган мамлекет башчысы болуп иштеген 80-жылдарды, ал кездеги СССРди, айрыкча “кансыз согуш” деген ат менен тарыхка кирген эки системанын - социализм менен капитализмдин - кырчылдашкан кармашын эстешибиз керек. Ал кармаштын жыйынтыгында Советтер Союзу экономикалык жактан терең кризиске туш болуп, мамлекет катары жок болуп тынды. Ошол жылдары Рональд Рейган президент катары эле эмес, инсан катары да күч-кубаты толуп-ташкан Американын, бардык жагынан байып-сайрап кеткен, постиндустриалдык доордун тузун татып баштаган жалпы эле Батыштын жандуу символдорунун бирине айланганын унутпашыбыз керек.

Демейде, тарыхчылар кантип Рейган катардагы киноактердон Американын эң ири штаты, экономикасы бүтүндөй Францияныкынан да күчтүү Калифорнияга губернатор болгонго жеткенин (1967-75) бир этап катары карап, андан соң демократиялык партияга, кийинчерээк республикалык партияга өтүп, акыры Америка Кошмо штаттарынын 40-президенти болуп шайланганын анын саясий таржымалынын экинчи этабы катары карашат.

Рейгандын саясатчы катары чоң жетишкендиги деп “рейганомика” деген ат менен белгилүү экономикалык системаны айтышат. Анын саясатчы катары стили да өзүнчө сөз кылууга татыктуу кызык тема. Бою узун, абдан экстраваганттуу, кыска, бирок нуска сүйлөгөндү жакшы көргөн Рон 80-жылдардагы дүйнө лидерлеринин арасында чынында да кескин айырмаланып турчу. Өзүн америкалыктар сыймыктана тургандай кылып алып жүрүү, ошону менен бирге ой жүгүртүүсү жөнөкөй, кимге да болсо жугумдуу жана түшүнүктүү сүйлөө - Рейгандын негизги стили эле. Анын СССР тууралуу айткан айрым элестүү сөздөрү бара-бара легендага айланып, бүт дүйнөгө тарап кеткен болчу. Маселен, Советтер Союзун “ибилистин империясы”, “кудайсыздардын ордосу” деп атап, ал сөздөрү Совет мамлекети үчүн жууса кеткис көө сыяктуу болуп калган эле.

Батыш мамлекеттерине 70-80-жылдары чынында эле саясий лидерлик жагынан аябагандай оң келди. Бир жагынан Рональд Рейган менен Англиянын премьер-министри Маргарет Тетчер, экинчи жагынан Германиянын канцлери Гельмут Коль жана Франциянын лидери Франсуа Миттеран бир сөзүн миң кайталаган саясий бюродогу советтик чалдарга караганда өзүнчө эле сенсация болчу. Ошентип Советтер Союзу адегенде экономикалык кризиске туш болду, моралдык жактан аябагандай алсызданды, советтик элдер да батыш өлкөлөрү сыяктуу демократияда, эркиндикте жашагысы келди. Натыйжада Советтик жетекчилик, айрыкча Михаил Горбачев саясий жана экономикалык реформаларга барууга мажбур болду.

Рональд Рейгандын президент катары чоң жетишкендиги Берлиндеги чоң дубалды буздуруп, соңунда эки башка мамлекет болуп жашаган ФРГ менен ГДРды бир Германияга бириктиргени деп эсептөө керек. Анын Батыш Берлиндеги Бранденбург дарбазасында сүйлөгөн сөзү президент Рейгандын эң эле атактуу жана тагдыр чечкен сөздөрүнүн бири катары саналат.

Багы тоодой киши экен - Рейган дүйнө геосаясатынын эң оор жана татаал доорунда бийликке келип, “кансыз согушту” аягына чыгарып, Варшава келишими деп аталган согуштук блокту таратып, эки Германияны бириктирип, башкача айтканда бардык койгон максаттарына жетип, эки жолу президент болуп шайланып, СССР тарашына бир жылдан ашык убакыт калганда, башкача айтканда 1989-жылы бийликтен кетти.

Кантсе да мурунку актер эмеспи, бийликтен кетип баратканда да миллиондогон америкалыктардын жүрөгүн козгогон сөздөрдү сүйлөп, керек болсо көзүнө жаш алып, Вашингтондогу Ак үйдү ар-намыс менен таштап кетти. Ал эми Рейгандын катуу ооруга чалдыгып, акыл-эси ордунда кезинде 1994-жылы америкалыктар менен кош айтышканы өзүнчө бир драма десек болот го. Ошондон кийин Рейган эч бир жолу эл аралап чыккан жок. Калган өмүрүн Санта-Барбарадагы ранчосунда өткөрүп, өмүрлүк жубайы Ненси Рейган ар дайым жанында болду.

Рейган атындагы эбегейсиз чоң китепкана анын көзү тирүү кезинде Калифорниядагы Семи-Вилли шаарында ачылды. Ошондой эле чоң административдик комплекс Американын борбору - Вашингтондо курулду.

Дээрлик он жыл катуу оору менен күрөшүп, акыры Американын 40-президенти Рональд Рейган 94 жашында Санта-Барбарада а дүйнө салды. Аны узатуу салтанаты Рейган өзү жазып берген сценарий менен беш күн бою өткөрүлүп, бүт Америка бир күн аза күттү. Рональд Рейгандын сөөгү анын атындагы чоң китепкананын жанына коюлду.

XS
SM
MD
LG