Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34

Анбардагы кырдаал АКШнын көз кырында


Куралданган беткапчан сунниттер Фаллужа шаарында, 7-январь, 2014-жыл
Куралданган беткапчан сунниттер Фаллужа шаарында, 7-январь, 2014-жыл

АКШнын вице-президенти Ирактын өкмөт башчысынын Фаллужа шаарын "ал-каидачыл" күчтөрдөн сактап калуу аракетине колдоо билдирди. Жо Байден ушул жумада экинчи жолу Нури Ал-Малики менен сүйлөштү.

Ак үйдүн маалымат катчысы Жей Карни вице-президент Байден Ирактын премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө "жергиликтүү уруу башчылары жана улуттук лидерлер менен кеңешип, такташууну улантууга чакырганын" билдирди.

Байден ошондой эле Министрлер кеңешинин, "Ирак ислам өлкөсү жана Леванта" уюму менен салгылашта каза тапкан, же жарадар болгон уруу күчтөрүнө мамлекеттен жардамды көбөйтүү чечимине колдоо билдирди. Премьер-министр Ал-Маликинин "Иракта шайлоо өз убагында болот, гуманитардык жардам зарыккандарга сөзсүз жетет" деген ишендирүүлөрүн туура көрүп жаткандыгын айтты.

Вице-президент АКШ Ирактын эл аралык терроризмге каршы күрөшүн колдой тургандыгын баса белгиледи. Шаршемби күнү Ал-Малики "ал-Каиданын" Ирактагы бөлүмдөрү саналган "Ирак ислам өлкөсү жана Леванта" уюшмалары Фаллужадан кетпесе, чабуулга кабыларын эскерткен эле.

Азыр Фаллужанын сыртында танктар согуштук даярдыкта турушат. Сунниттер көпчүлүктү түзгөн бул шаардын бир бөлүгүн өткөн аптада согушкерлер басып алган эле.

Ирактын Кызыл Чырым уюму билдиргендей, акыркы күндөрү Фаллужадагы согуштан 13 миңден ашык тургундар качып чыкты. Өз сөзүндө Ал-Малики "ал-каидачылар" менен согушка колдоо көрсөткөнү үчүн эл аралык коомчулукка ыраазылык билдирди.

АКШ ушул аптада Иракка курал-жарак, анын ичинде ракета жана пилотсуз учак жөнөтүүнү тездетүүгө сөз берди. Бирок Вашингтон бул согуш аракеттерине аскер жиберүүдөн баш тартты. Аналитиктердин айтымында, Ал-Маликинин шииттер үстөмдүк кылган өкмөтү жүргүзүп жаткан согуштук операциялар Ирактагы сунниттер менен өкмөттүн ортосундагы ансыз дагы курч мамилеге май чачышы мүмкүн.

Иракта сунниттер менен шииттердин ортосундагы ажырым 2003-жылы АКШ аскерий операция баштап, Саддам Хусейндин режими кулап, шииттер баштаган өкмөт бийликке келгенден бери күч алды. Мурда бийликте болгон суннит азчылыгы азыр шииттерди "бизди бийликтен оолактатып жатат" деп айыптап келет.

XS
SM
MD
LG