Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:56

Обама Иракта сокку урууга уруксат берди


Каракош шаарынан качкан христиандар Эрбилдеги Ыйык Иосиф чиркөөсүндө баш калкалоодо.
Каракош шаарынан качкан христиандар Эрбилдеги Ыйык Иосиф чиркөөсүндө баш калкалоодо.

АКШ президенти Барак Обама Ирактагы исламчылардын мизин кайтаруу үчүн абадан таамай сокку урууга уруксат берди.

Иракта куралдуу исламчыл топ буга чейин бир нече шаарды басып алган. Күрдистан аймагынын борбору Эрбил шаарындагы америкалык жарандарды коргоо үчүн Кошмо Штаттар Ирактын күчтөрүнө аскерий көмөк көрсөтөт.

Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама “Ирак жана Леванта ислам мамлекети” радикал тобу жайгашкан жерлерге абадан таамай сокку урууга уруксат берди. Ошондой эле ирактык качкындар топтошкон аймактарга учактардан гуманитардык жардам таштоого дагы тапшырма берилди.

“Бүгүн Иракта эки аскерий операция өткөрүүгө: америкалык жарандарды коргоо үчүн таамай сокку урууга жана тоолордо тамак-ашы жок корголоп, өлүм коркунучуна кептелген миңдеген карапайым ирактыктарга гуманитардык жардам жеткирүүгө уруксат бердим”, – деп Барак Обама бейшембинин кечинде теле аркылуу америкалыктарга кайрылды.

Президент Обама Кошмо Штаттар Иракта жаңы согушка аралашпай турганын дагы өз жарандарына түшүндүрдү:

- Ким болбосун Ирактагы америкалык аскерий операциялар боюнча тынчсызданып турганын билем. Ал тургай чектелген сокку уруу дагы кооптонуу туудурарын түшүнөм. Мен бийликке келгенден кийин Ирак согушу аяктап, биздин жоокерлерди өз үйүнө кайтардык. Өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы катары Кошмо Штаттардын Иракта дагы бир согушка аралашуусуна жол бербейм. Биз Ирак армиясына террористтерге каршы күрөшүүдө жардам берип жатсак дагы, америкалык аскерий күчтөр Иракка жиберилбейт.

Барак Обама исламчыл топ басып алган жердеги он миңдеген езиддердин (байыркы зороастризм динин тутунган эл) тагдырына кайрылып, “биз кылдат операция жүргүзүп, геноцидди алдын ала токтотуп кала алабыз” деп кошумчалады. Соңку күндөрү он миңдеген езиддер менен христиандар исламчылардын каарынан коркуп, өз үй-жайын таштай качкан.

Обама Иракта таамай сокку урууга уруксат берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:55 0:00

Америкалык согуштук учактар коштогон үч учактан жуманын таңында езиддер корголоп жүргөн жерлерге 72 таңгак таза суу менен даяр тамак-аш ташталды.

Ирактын Күрдистан аймагынын борбору, 1 жарым миллион калктуу Эрбил шаарында ондогон америкалык аскерий кеңешчилер турат. Бул шаарда АКШнын консулдугу менен аскерий операциялардын борбору жайгашкан.

6-августта Эрбилден 40 чакырым батыштагы күрт конуштары - Махмур жана Гварды экстремисттердин колуна өткөн. Бейшембиде жихадчылар Күрт автономиясынын чек арасына 20 чакырым жакын калганы маалым болду.

Куралдуу радикалдар ирактык христиандар жашаган Талл-Кайф, Бартелла жана Карамлеш шаарларын басып алышты. Алар Тигр дарыясындагы Мосул дамбасын дагы ээлеп алышканын жарыялашкан. Андан бир аз өтүп, күрт бийликтери болсо өлкөдөгү эң чоң дамба алардын кайтаруусунда турганын билдиришти.

Исламчыл экстремисттер июнь айында Ирактын түндүгү менен батышында бир топ жерлерди басып алып, халифат жарыялап жиберген.

7-августта президент Обама улуттук коопсуздук боюнча кызматкерлери менен өткөргөн жыйында Ирактагы кырдаалды талкуулады. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши тараткан билдирүүдө “Ирак жана Леванта ислам мамлекети” радикал тобунун чабуулдарын айыптап, эл аралык коомчулукту Ирак эли менен өкмөтүн колдоого чакырган.

2011-жылдын соңунда Кошмо Штаттар Ирактагы 10 жылдык согуштан соң өз армиясын чыгарып кеткен. Вашингтон Иракта америкалык аскерлердин бир бөлүгүн кол тийбестик макамы менен кармап турууну сунуштап, бирок андай шартка ирак бийликтери макул болбой койгон.

XS
SM
MD
LG