Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Ислам жана музыка: Индонезия


Рита Тила - "СамбаСунда" тобунун солисткасы
Рита Тила - "СамбаСунда" тобунун солисткасы

Мусулманчылыкта музыкага болгон мамиле тууралуу ар түрдүү пикирлер айтылып, айрым ырчылар өз өнөрүнөн баш тарткан учурлар бар. Чынында эле ислам дини музыкага каршыбы? Ушул жаатта Жаңыл Жусупжан мусулман дүйнөсүнүн бир катар белгилүү ырчылары менен көзмө-көз жолугуп, алардын пикирин билүүгө аракеттенди.

Бүгүн дүйнөдөгү эң ири мусулман өлкөсү Индонезиядагы "СамбаСунда" тобунун шайырлары менен таанышабыз.

Программаны толугу менен бул жерден угуңуз:

please wait

No media source currently available

0:00 0:09:04 0:00
Түз линк


Индонезиянын "СамбаСунда" ансамблинин солисткасы Рита Тилага жана топтун жетекчиси Исмет Ручиматка менен Прагадагы Акрополис театрындагы концерттен кийин сахнанын артында жолуктум.

Батыш Ява аралындагы консерваторияда окуган Рита белгилүү солист энеси менен жаңы тили чыкканда эле ырдап баштаган.

СамбаСунданын ырынан бир шиңгил
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:38 0:00

240 миллион калкы бар Индонезиянын да өз экстремисттери бар. Бирок алардын таасири өтө чектелүү, себеби 18 миң аралда жашаган индонезиялыктар бай маданяты жана "сабырдын түбү сары алтын" деген толеранттуулугу менен айырмаланат. Ынтымак болбосо 300 улуттан турган өлкө дүйнөдөгү эң бай 20 мамлекеттин катарына кире алат беле?

Индонезияга ислам кеч келген, 15-16-кылымга чейин мында индуизм жана буддизм үстөмдүк кылган. Бул диндер бүгүн да күнүмдүк турмуштун маани-маңызын аныктап турат. Бирок жалпы калктын басымдуу көпчүлүгү исламга ишенет жана мусулманчылык 740 тилде сүйлөгөн элдин ар кыл каада-салттары менен жуурулушуп калган.

Индонезиядагы диний плюрализм менен улуттук ар түртүүлүккө «Бхинека Тунггал Ика» же «Көп, бирок бир» деген түшүнүк огожо.

"СамбаСунда" тобунун жетекчиси Исмет Ручиман чыгармачыл жамааттын репертуарында сүйүүгө, кудайларга арналган ырлар көп экендигин белгилейт.
Биздин репертуарда сүйүүгө, кудайларга арналган ырлар көп.
Исмет, "СамбаСунда" тобунун жетекчиси



"СамбаСунда" тобу күн санап эмес, саат санап өзгөрүп жаткан Индонезиянын жаңы муундагы шайырларынын тобу катары таанылган. 17 мүчөлүү топ жаңы миң жылдыкта өздөрүнүн бай музыкалык мурасын кайра иштеп чыгууда.

Исмет Ручимат: "Ява аралында Куранга байланыштырып ырдаганыбызга да тыюу салыш керек дегендер бар. Болбосо, мусулмандардын көпчүлүгү Алла, Мухаммад Пайгамбар тууралуу ырларды да жакшы эле кабыл алышат".

Ал эми топтун Европадагы куратору Жон Люис музыкага кастарын тиккен ашынган исламчылардын исламга тийешеси жок экендигин белгилеп, топ карманган музыкалык мурастар тууралуу буларды кошумчалады:

- "СамбаСудна" аткарган ырлар мусулманчылыкка чейинки Алтын доор деп аталган мезгилге, 15-16-кылымдагы классикалык ак сарай музыкасына барып такалат. Ал исламдык маданият менен сиңишип кеткен. Ошол эле убакта исламдан мурдагы, түпкүлүктүү явалык музыканын да салты сакталып калган.

"СамбаСунда" тобу Индонезияда популярдуу экенин белгилеген Люис Ританын ырдап бийлегенине, анын кийингенине кимдир бирөө тескери мамиле жасабай тургандыгын, ал өз эли сыйлаган ырчы экендигин белгиледи.
XS
SM
MD
LG