Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:05

Кабулдагы барымта 20 кишинин өлүмү менен аяктады


Аскерлер барымтадагыларды куткарууда, 22-июнь, 2012-жыл
Аскерлер барымтадагыларды куткарууда, 22-июнь, 2012-жыл

Ооган полициясы барымтадагыларды бошотуу операциясында 20дан көп киши каза тапканын маалымдады. Кабулдун жака белиндеги мейманканага кол салууда ондогон киши барымтага алынып, талип согушкерлери тарабынан өлтүрүлгөн. Полиция бардык 4 террорчу тең жок кылынганын маалымдады.

Ооган полициясынын маалыматына ылайык, барымтадагыларды бошотуу операциясы маалында кеминде 20 киши окко учту. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Сыдык Сиддики мейманканага чабуул койгон 4 террорист өлтүрүлгөнүн "Азаттыктын" ооган редакциясына кабарлады:

- Өткөн түнү талип согушкерлери элдер эс алып, көңүл ачуу үчүн барган тынч комплекске чабуул жасашты. Кабул полициясы бир нече саатка созулган операциядан кийин көпчүлүк адамдарды куткарды.

Өлгөндөрдүн арасында кеминде 18 карапайым киши, анын ичинде мейманкананын 3 коопсуздук кызматкери жана 1 полициячы бар. Тергөөчүлөр окуя болгон жерде иштеп жатышат.

Гранатомет, пулемет жана автоматтар менен куралданган согушкерлер бейшемби күнү кечинде Карга деген көлдүн жээгиндеги мейманканага кирип барып, 50 чакты кишини барымтага алышкан. Жапырык үчүн жоопкерчиликти "Талибан" кыймылы өзүнө алды.

Талиптер бай чет өлкөлүктөр жана оогандар мейманканада адеп-ахлакка, шариятка жатпаган кечелерди өткөрүп, алкогол ичимдиктерин ичишет деп айыпташууда.

НАТОнун Ооганстандагы кол башчысы генерал Жон Аллен теракт Пакистанда жайгашкан "Хаккани" тобу колдонгон ыкмаларды эске салаарын билдирди.

Түндүк альянс жетектеген эл аралык бейпилдик күчтөрү ооган коопсуздук аскерлерине көмөктөшүп, окуя болгон жерге тик учактарды жиберген. Полиция чабуулчулардын бири белиндеги бомбаны жардырып жибергенин билдирген. Согушкерлердин акыркысы жума күнү түшкө жуук атып өлтүрүлгөндөн кийин, 12 саатка созулган тирешүү аяктады.

Күбөлөрдүн айтымында, чабуул башталганда имараттын ичиндегилердин кээ бирлери жоочулардан качып, терезелерден секиришкен.


Кабулдун сыртында кармашта ондогон киши набыт болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:27 0:00

Көл жээгиндеги кымбат комплекс колунда бар оогандар арасында өтө популярдуу. Анын үстүнө бейшембиде - оогандарда апта соңу башталганда ал жайда эл көп топтолот.

Ооган президенти Хамид Карзай бейшембиде парламентте сүйлөп, чет өлкөлүк контингент 2014-жылдын соңуна дейре Ооганстандан чыгууга даярданып жаткан кезде коопсуздук күчтөрүнө соккулар көбөйгөнүн белгиледи. Шаршембиде Хост чөлкөмүндө жан кечтинин жардыруусунан 21 киши, анын ичинде НАТОнун 3 жоокери набыт кеткен.

Карзай өз өкмөтү жана Батыш өлкөлөрү Ооганстанда тынчтык орнотууда максатына жетишпегенин мойнуна алды. "Биздин жерибиз, үйлөрүбүз, элибиздин коопсуздугу камсыздалган жок", - деди президент.

Бейпилдик күчтөрү кеткенден кийин коопсуздукту камсыздоо милдети жергиликтүү аскерлерге жүктөлмөкчү. Президент "башка мамлекеттердин жардамы мененби же өз алдынча болобу, Ооганстан өзүнүн коопсуздук күчтөрүн калыптандыруу үчүн бар аракетин жумшайт", - деп касам ичти.

XS
SM
MD
LG