Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:59

Метрополитен ислам өнөрүнө каалгасын ачты


Нью-Йорктогу Метрополитен музейинде ислам искусствосуна арналган бөлүм. 2011-жыл
Нью-Йорктогу Метрополитен музейинде ислам искусствосуна арналган бөлүм. 2011-жыл

Ноябрдын башында Нью-Йорктогу Метрополитен музейинде ислам искусствосуна арналган бөлүм ачылды. АКШнын эң чоң музейиндеги туруктуу көргөзмө аркылуу америкалыктар жана туристтер ислам маданияты менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.

15 галереяда орун алган экспозицияда Араб өлкөлөрүндө, Түркия, Иран, Борбордук жана Түштүк Азияда чогултулган байыркы буюм-тайымдарды, сүрөттөрдү көрсө болот. Көргөзмө көздүн жоосун алган тарыхый буюмдарды тартуулоо менен чектелбейт, музейдин кызматкерлери исламдын XIII кылымдан бери цивилизацияга, адамзаттын маданий мурасына кошуп келаткан салымы жөнүндө айтып берүүгө аракеттенишкен.

Башкача айтканда, бул маданий долбоорго агартуучу роль да жүктөлгөн. Жаңы галереялардын ачылышы 11-сентябрдагы террордук чабуулдардын 10 жылдыгына дал келүүдө. "Ал-Кайиданын" чабуулдары америкалыктар арасында ислам дүйнөсү жөнүндө терс маанайды жараткан эле.

Шейла Кэнби
Шейла Кэнби

Жаңы бөлүмдүн куратору Шейла Кэнби Батышта элдин басымдуу көбү ислам цивилизациясы тууралуу дээрлик кабардар эмес дейт:

"Элдин көз карашын өзгөртүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк пайда болууда. Биз абдан көп тарыхый маалымат берүүгө аракеттенүүдөбүз. Элдер саясий ой-пикирлер таңууланбаган бейтарап аянтчага келип, экспонаттарды өз көздөрү менен көрө алышат.



Бирок маалымат алуу – процесстин бир гана бөлүгү. Башка бир дүйнөнүн жараткыч күчүн жана кооздугун өз көзүң менен көрүү - калыптанып калган стереотиптер менен жалган ойлордон арылууга жардам берген өзүнчөле бир тажрыйба", - деп сөзүн улантат Кэнби.

12 миңден ашуун даана экспонат илгерки баа жеткис кол жазмалар, айнек, фарфор, чопо идиштер, сейрек кездешчү колго токулган түстүү килемдер, башка уникалдуу буюмдарды камтыйт.

Көрүүчүлөр байыркы экспонаттарды аралап жүрүшөт. Метролитен музейи, 2011-жыл
Көрүүчүлөр байыркы экспонаттарды аралап жүрүшөт. Метролитен музейи, 2011-жыл
Алардын көбү музейдин мурдагы галереяларынан алынган. 8 жылга созулган оңдоп-түзөө иштеринен кийин музей бүтүндөй бир канатын ислам маданиятына арнап, бул темадагы экспонаттардын бардыгы бир жерге чогултулган.

Коллекциядагы чыныгы реликвия - XIV кылымдагы михраб же намаз окула турган залдын төрүндөгү оюк жердин фрагменты.

- Исфаханда табылган 1354-жылкы михраб чопо мозаикадан жасалган. Борбор Азиядагы элдерде, асыресе Өзбекстанда тимурийлердин доорунда бул техника кеңири колдонуп келген. Бирок мозаиканы жасоо өтө кылдат ишти талап кылат жана кымбат турат, XV кылымдан тарта анын ордуна жалтыраган жука карапага өтүшкөн.

Сейрек экспонаттардын арасында Шахнаманын көчүрмөсүн, Араб, Перси, Индия, Осмон падышаларынын бай, бакубат турмушун чагылдырган миниатюраларды көрсө болот.


Кэнбинин айтымында, бир кездери хан, султандардын сарайларын жасалгалаган түстүү, оймо-чиймелүү, чыгыш мотивдери менен жасалгаланган кооз килемдер көрүүчүлөрдү өзгөчө таасирлентет.

- Каирде XVI кылымда токулган бул жылтылдаган, жумшак килемди көргөндө ага отуруп, кармап көргүң келет. Ушундай килемдер менен кооздолгон сарайлардагы ыракат, шаан-шөкөттүү жашоону дароо элестетесиң.

69 жаштагы доктур Фрэнк Жонсон ислам искусствосун чагылдырган мындай коллекцияны бир да музейден көрө электигин айтат:

- Көргөзмө абдан чоң таасир калтырды, мындай кеңири экспозицияны бир да жерде көргөн эмесмин. Буга чейин Метрополитен музейинде бир нече жолу болгомун, дүйнөнүн башка өлкөрүндөгү көптөгөн музейлерге барып жүрөм. Бирок ислам искусствосун терең, көп тараптан чагылдырган мындай мыкты көргөзмөнү биринчи ирет көрүп атам.

Метрополитен дүйнөдөгү эң чоң музейлердин бири. Жылына ага 5 миллиондой киши кирет.
XS
SM
MD
LG