«Мусулмандардын добушу » фестивалында ыр ырдалып, бий бийленип, кино көрсөтүлүп, тамак-аш берилүүдө. АКШдагы исламга карата ондогон жылдардан бери түптөлгөн түшүнбөөчүлүктү 10 күндүк фестивалда жоюп салуу мүмкүн болбойт. Ошентсе да, уюштуруучулар исламдагы тарыхый жана бүгүнкү көркөм өнөр элдер жана диндер ортосундагы өз ара түшүнүүчүлүктү бекемдейт деп үмүттөнүшүүдө.
Нью-Йорктун Бруклин Музыка академиясынын алдында бул бака-шака эл. Эс алуучулар түрк дасторконунан даам сызып, араб каллеграфиясынан өтүп жаткан сабакка назар салып, ар кыл музыканттардын концерттерин көрүшүүдө.
Академиянын президенти Карен Брукс Хопкинс - 5-июнда башгалган «Мусулмандардын добушу» фестивалынын уюштуруучуларынын бири. Хопкинстин айтымында, Нью-Йоркто мусулмандардын көркөм өнөр кароосун уюштуруу маселеси бир нече жыл мурда көтөрүлгөн, бирок 2001-жылдагы 11-сентябрдагы Нъю-Йорктогу жана Вашингтондогу террордук чабуулдардан кийин исламдык маданиятты таанытуучу фестивалга элди кызыктырыш кыйын болду.
Арийне, 2006-жылы пайгамбар Мухаммедди мыскылдаган даниялык карикатуралардан улам чыккан ызы-чуудан кийин, мындай фестивал тууралуу сөз кайра жанданат. Ал карикатуралар дүйнөдө мусулмандарды айрыкча нааразы кылганы маалым.
Хопкинстин айтымыдан, aзыр Нью-Йорктун бир нече жеринде өтүп жаткан фестивал дал ошондой терс ой-пикирлерди азайтууну максат кылат:
– Биз талкууга жана өз ара түшүнүүчүлүккө шартты көбөйтүп, жек көрүүчүлүктүн азайышына көмөктөшө алабыз. Жек көрүүчүлүктүн деңгээлин төмөндөтсөк, кабелтең алакалашуу мүмкүн болот деп ойлойм.
Фестивалга Сенегалдан Йусу Днур, Ирандан Ширин Несхат өндөнгөн кеңири таанымал шайырлар чакырылды. Ошондой эле өз өлкөсүндө анча белгилүү болбогон, бирок Кошмо Штаттарында оюн коюп жүргөн бруклиндик «Египет бийчилери» сыяктуу өнөрпоздор да бар.
Аталган топтун негиздөөчүсү Ясер Халифа биздин кабарчыга анын бийчилери заманбап стилдеги чыгармаларды аткарган менен, түпкүлүгү египеттик, тунис, ливандык бийчилерди салттуу араб бийлерин аздектөө сезими бириктирет. Америкалык көрөрмандардын бул концерттерге болгон кызыгуусун да Халифа ушундан көрөт:
– Америкалыктарга биздин бийлер абдан жагат. Американын эли жаңы нерсеге абдан ынтызар. Биз бул өлкөдө ар кишконбуз. Ошондуктан бирөө менен таанышсак, анын маданиятын билгибиз келет. Азыр америкалыктар биздин маданиятты көбүрөөк түшүнүп калышты. Анын үстүнө мусулман жамаатында көп иш-чара болуп турат. «Мусулмандар – террористтер» дегендин ордуна, азыр биз көркөм өнөр адамдары аларга өз өнөрүбүздү, идеяларыбызды, маданиятыбызды көрсөтүп жатабыз.
14-июнга чейин созулуучу фестивал АКШ президентинин мусулман дүйнөсүнө кайрылуусуна улай орун алууда.
Вишакха Десай - Нью-Йорктогу Азия коомунун президенти. Бул коом да фестивалды уюштурууга жакындан кол кабыш кылууда.
Десайдын айтымында, Барак Обаманын Каирдеги кайрылуусуна байланыштуу фестивалга эл көп келип жатат. Ал маданият менен исскуство коомдук дипломатиянын эң таасирлүү чараларынын бири экендигин белгилеп, буларды кошумчалады:
– Мындай иш-чаралар биринчи кезекте америкалыктардын аң-сезимин көтөрөт. Бул жаатта түшүнбөөчүлүктөр көп эмеспи. Бүгүн америкалыктардын көбү исламда жакшы эч нерсе жок деп ойлошот.
Уюштуруучулар фестивалда Борбор Азиядан өнөрпоздордун жоктугун каражаттын тартыштыгы менен түшүндүрүштү.