Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:14

Си Цзинпин Пакистанга ири долбоорлор менен келди


Кытай менен Пакистанды туташтыруучу экономикалык коридор
Кытай менен Пакистанды туташтыруучу экономикалык коридор

Кытай президенти Пакистанга келди. Тараптар экономикалык алакаларды талкуулашаары кабарланган.

Кытайдын президенти Си Цзинпин 20-апрелде Пакистанга экономикалык алакаларды бекемдөө максатында келди. Си 46 миллиард доллардык инсфраструктура жана энергетика долбоорлору менен келээри кабарланган.

Бейжин менен Исламабад Пакистандын түштүгүндөгү Араб деңизинин жээгиндеги Гвадар порту менен Кытайдын батышындагы Шинжаң провинциясынын ортосунда экономикалык коридор түзүшөөрү болжолдонууда.

Бул коридор Пакистандын жарды Балучистан дубаны аркылуу өтүүгө тийиш. Балучистан жикчил козголоңчулар, кылмыштуу топтор жана исламчыл согушкерлер жойлоп жүргөн аймак деп саналат. Ал эми Шинжаң дубанындагы уйгур жикчилдигинен улам Кытай бийликтеринин ичкени ирим, жегени желим болуп келатканы маалым.

Пакистандын өкмөт башчысы Наваз Шариф менен сүйлөшүүдө Кытайдын президенти Шинжаңдагы мусулман жикчилдери пакистандык согушкерлер менен коюн колтуп алышып баратат деген кооптонууларын талкуулаары маалымдалган.

Экономикалык алакаларга келсек, Пакистан Кытайдан суу астында сүзүүчү сегиз кеме сатып алганы жаткандыгын буга чейин Файнэншл Таймс (Financial Times) гезити жазган эле. Гезитке ылайык, бул Кытайдын эң ири курал соодасы болуп калмакчы.

Ай башында Кытайдын тышкы иштер министринин маалымат катчысы Хуа Чун Йиң "Кытай менен Пакистан башынан эле достук мамиледеги коңшу өлкөлөр болуп келет. Кадыресе согуштук өнөр жай жана согуштук соода кызматташтыгы эл аралык келишимдерге каршы келбейт" деген эле.

Китай президенти Пакистанда эки күн болуп, парламентте сөз сүйлөмөкчү.

Исламабадды көздөй жол тартып жатып Си Цзинпин экономикалык кызматташтык коопсуздук жаатындагы алакалар менен байланыштуу экендигин белгилеген.

«Кытай менен Пакистандын коопсуздук түйшүгүн эске алганда, экөө бул жааттагы кызматташтыгын бекемдеши керек. Биздин коопсуздук жана экономикалык алакаларыбыз бири - бирине айкалышып турушу керек. Аларды бирдей алып кетүү зарыл» деди ал пакистан медиясына жолдогон билдирүүсүндө.

Пакистандын Пландоо жана өнүктүрүү министри Ахсан Икбалдын айтымында, Кытай бул өлкөдөгү энергетина долбоорлоруна 34 миллиард доллар бөлөт.

Бул тармакка инвестиция сала тургандар Кытайдын "Үч капчыгай" корпорациясы жана Кытай Эл аралык энергетикалык өнүктүрүү компаниясы болоорун пакистандык булактар кабарлоодо.

Серепчилердин айтымында, Пакистандын өкмөт башчысы 2013-жылдагы шайлоо өнөктүгүндө жарыктын такай өчүрүлүшүн жакынкы жылдары токтотууга сөз берген.

Кошмо Штаттары Пакистанга 2002-жылдан бери 31 миллиард доллар бергендигин Конгресстин Изилдөө кызматы билдирүүдө. Бул каражаттын үчтөн экиси коопсуздук максаттарга жумшалган.

Ал эми чет элдик инвестицияга келсек, акыркы тогуз айда бул жаатта Пакистанга 710 миллион доллар келди.

XS
SM
MD
LG