Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:53

Украинада шайлоодо европачылдар жеңди


Өлкө боюнча өткөрүлгөн экзит-полдун жыйынтыгы
Өлкө боюнча өткөрүлгөн экзит-полдун жыйынтыгы

Экзит-полдун эсеби боюнча Украинадагы кезексиз парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен беш пайыздык чектен жети партия өттү.

Алдын ала жыйынтыкка караганда эң көп 23% добушту "Петро Порошенконун блогу" алса, «Элдик фронт» - 21,3%, «Өз ара көмөктөшүү» - 13,2%, «Оппозициялык блок» - 7,6%, "Эркиндик" - 6,3%, Радикалдык партия - 6,4%, «Батькивщина» - 5,6% добушка ээ болгону кабарланды. Бул сандар жекшембиде кечки алтыга чейин экзит-полго катышкан респонденттердин негизинде аныкталган.

Ал арада «Петро Порошенконун блогунун» лидери Юрий Луценко премьерликке «Элдик фронт» партиясынын лидери Арсений Яценюктун талапкерлиги да каралышы мүмкүн деп билдирди. Ал ошондой эле дүйшөмбүдөн баштап башка партиялар менен коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөр башталаарын белгиледи.

Серепчилер Украинадагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын батышчылдардын жеңиши деп баалап жатышат. Муну эң көп добуш алды деп айтылып жаткан эки партиянын изги ниети евроинтеграция экенинен байкаса болот. Добуш берүүнүн активдүүлүгү да өлкөнүн батыш тарабында байкалды.

Донецк жана Луганск облустарында үч миллиондой шайлоочу орусиячыл жикчилердин айынан добуш берүүгө катышпай калды.

Шайлоодогу ок атуулар

Ошол эле учурда өлкө чыгышында добуш берүү ок атуулар менен коштолду. Бир катар маалымат агенттиктери Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин өкүлү Владимир Полевойдун Донецк жана Лугансктагы аткылоолор жөнүндө билдирүүсүн жарыялады. Полевой ок атуулар Донецк аэропортунун аймагында жана Луганск облусунун Камышанов айылында катталганын, украин аскерлеринен эч ким жараат албаганын кабарлаган.

Украинанын коргоо министринин орун басары Петр Мехеддин билдирүүсүндө өлкө чыгышында жекшембиде 18 жолу ок атылганы айтылат.

Негизи аталган эки облуста добуш берүү жарым жартылай өттү. Украин БШКсынын маалыматына ылайык, Донецктеги 2425 добуш берүү бекетинин 1058де, Луганск облусунда 1474 бекеттин болгону 427синде добуш берүү жүрдү.

Евробагыт

Шайлоонун жүрүшү менен таанышканы Донецк облусунун Краматорск шаарына барган президент Порошенко жоокерлер менен жолугуп “өлкө чыгышына аскерлердин шайлоо укугун коргоо үчүн келгенин” билдирди.

Порошенко өзү Киевде добуш берип жатып, "Мен келечек үчүн, европалык багыт үчүн, бийликтин жаңылануусу үчүн добуш бердим. Бизде жаңы өкмөт, жаңы европачыл коалиция жана парламент болот деп ишенем", - деп журналисттердин суроолоруна жооп узатты.

Президент Порошенко добуш берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:19 0:00

Коопсуздук байкоочуларды чочутту

Украинадагы шайлоодо добуш берүүгө Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунан 700, CANEOM уюмунан 211 байкоочу көз салды. Алардын бири швед парламентинин депутаты Кент Харстедт бул башка шайлоолорго караганда эң оор шайлоо экенин белгилейт:

- Коопсуздук чаралары абдан күчөтүлгөн өлкөдөгү шайлоого көз салганы келгенде көздөгөн ишиңди толук аткара албайсың. Бул биринчиден, өлкө чыгышындагы кооптуу абал жана экинчинден, өлкө жетекчилиги эскерткен добуш берүү маалындагы тополоң чыгып кетүү коркунучу. Бизди ушулар тынчсыздантып турду.

Украин БШКсынын маалыматына ылайык, жекшембиде кечки саат сегизге чейин шайлоочулардын 50 пайыздан ашыгы добуш берген. Өлкө боюнча добуш берүү 33 миңден ашуун бекеттерде жүрдү.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG