Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:07

Тарыхты өзгөрткөн тагдырлар: Нелсон Мандела


Адамзаттын тарыхында эркиндик, көз карандысыздык, улуттук ар-намыс үчүн күрөшкөн баатырлар, саясатчылар, ойчулдар абдан көп.

Кай бирлери колуна курал алып, баррикадаларда кан төксө, кээ бирлери таамай жана батыл айткан сөзү менен, же жазган китеби менен, же кара кылды как жарган ойлору, акылмандыгы менен өз элин улуттук күрөшкө чакырган.

Өз элинин азаттыгы жана теңдиги үчүн талыкпай күрөшкөн ошондой улуу инсандардын бири Нелсон Мандела десек эч бир жаңылбайбыз. Кара Африканын азыркы замандагы эң белгилүү жана эң урматтуу адамы, бүтүн Африка үчүн символ болуп калган инсандардын бири ушул адам десек адилеттүүлүктүн дал үстүнөн түшөбүз. Албетте бул зор континенттин тарыхында нечен баатырлар, колониализмге, расалык теңсиздикке каршы күрөшкөн саясатчылар, патриоттор көп болгон, бирок ошолордун арасында Нелсон Манделадай зор масштабдагы лидер, улуу саясий ишмер абдан сейрек болгон десек туура болот го.

please wait

No media source currently available

0:00 0:06:25 0:00
Түз линк


Бул адам 27 жыл саясий көз караштары үчүн түрмөдө жатты. Анын ичинде 17 жыл Африканын эң түштүк чекитиндеги Роббен деген аралда өтө коркунучтуу деген кылмышкерлердин арасында абакта отурду. Андан соң Түштүк Африканын Йоханнесбург деген шаарына жакын жерде он жыл камалды. Бирок Мандела сынган жок, майышкан жок. Ал түрмөдө жатып да саясий күрөшүн эч бир токтоткон эмес.

Манделанын ушунчалык узакка созулган саясий күрөшүнүн максаты эмне эле деген суроо туулат. Негизги максаты - өз мекени Түштүк Африкадагы ак түстүү колонизаторлордун үстөмдүгүн жок кылуу, каралардын укугун коргоо, апартеид деп аталган саясий системаны жоюу эле.

Африканын боштондугу, антиколониализм, демократия Манделанын өтө узакка созулган саясий күрөшүнүн түпкү максаты, негизги платформасы болду. Аны ошол кездеги бийликтер: “Кичине болсо да көз караштарыңды өзгөрт, эркиндикке чыгасың” деп сүйлөшүү жүргүзгөндө эч бир кайратынан жазбай, акыр аягына чейин өз пикиринде турду.

Анын кажыбаган аракетчилдигин ушундан билиңиз: түрмөдө жатса да Мандела Лондон университетин сырттан окуп бүтүрдү. Юрист деген дипломду алды. Ал гана эмес, ошол университеттин ардактуу президенти деген кызмат үчүн конкурска да катышты.

Мандела жубайы менен, 27-июнь, 2007-жыл
Мандела жубайы менен, 27-июнь, 2007-жыл
Манделанын саясий өмүр жолу өтө уникалдуу: ал түрмөдө жатса да Африканын бардык саясий күрөштөрүнө катуу таасирин тийгизип, ак жүздүү колонизаторлордун үстөмдүгүнө каршы турган өңү кара патриоттордун эң абройлуусу болду.

Бара-бара Нельсон Манделанын аты бүтүн дүйнөгө тарап кетти. Ойгонгон Африканын колго кармаган туусуна, ары менен намысына айланды. Адегенде Америка, Европанын бир катар мамлекеттери апартеид саясатын, башкача айтканда, каралар менен актардын бир мамлекетте эки башка деңгээлде жана социалдык статуста жашаганын көрмөксөнгө салып келсе да, бүт дүйнө Нельсон Манделаны жактап атканын көргөндөн кийин алар да апартеидге каршы чыгууга аргасыз болгон. Акыры аны Түштүк Африканын өкмөтү түрмөдөн чыгарып, бардык саясий укуктарын калыбына келтирди.

Кийинчерээк Мандела президенттик орун үчүн шайлоого катышып, Түштүк Африка Республикасынын алгачкы президенти болуп бекиди. Бул Нелсон Манделанын эле эмес, прогрессивдүү дүйнө коомчулугунун, айрыкча кара түстүү африкалыктардын зор жеңиши эле.

Албетте аны кандай мамлекет башчысы болот, президенттик колунан келеби же жокпу деп сынап карагандар абдан көп болду. Айрыкча Түштүк Африканын ак түстүү атуулдары абдан тынчсызданды, себеби эң жогорку бийликке жеткен Нелсон Мандела эми өч алууга киришеби, куугунтукка алабы, кандай саясат жүргүзөт деп кооптонгондор өтө көп эле.

Бирок Мандела андай ишке барган жок. Деле Африка континентинде бир да саясатчы Манделадай демократ, адилет жана авторитеттүү лидер боло алган жок. Мандела каралардын да, актардын да экстремисттери менен айосуз күрөшүп, бул мамлекеттеги бардык жарандар бирдей жана тең укуктуу деген акылман жана адилет саясатты жүргүздү.

Нелсон Мандела бийлик башында бир гана мөөнөт отурду. Авторитетин сактап, бийлигин дагы узартуу үчүн эч бир тырмышкан жок.

Жеке тагдыры менен чоң тарыхты өзгөрткөн улуу инсан Нелсон Мандела азыр да көзү тирүү. Йоханнесбург шаарында, Африканын эң бай жана демократиялуу мамлекетинде - Түштүк Африка Республикасында жашайт.

Мандела көзү тирүү кезинде эле Африканын, Индиянын, дагы көптөгөн мамлекеттердин чоң-чоң көчөлөрүнө аты коюлган, бүтүндөй ХХ кылымдын улуу күрөшчүлөрүнүн бири катары таанылган сейрек саясатчы жана мамлекеттик ишмер катары бүт дүйнөгө белгилүү болду.

Лондондо, британ парламентинин жанында эстелиги турат. Ал эстеликти Англиянын ханышасы өзү келип ачкан. Индиянын борбору Нью-Делиде болсо аябагандай чоң проспект Нелсон Мандела проспекти деп аталат.

Тынчтык үчүн кызматы үчүн Нобел сыйлыгын алды. 50гө жакын университеттин ардактуу профессору болду.

Нелсон Манделанын саясий көз караштарын төмөндөгүдөй сөздөрдөн ачык жана даана билүүгө болот: “Мен бүт өмүрүмдү африкалыктар үчүн күрөшкө арнадым. Акпы, карабы, өңү-түсүнө карабай, адилеттик үчүн кармаштым. Менин саясий идеалым - коомдогу гармония, эркиндик жана тең укуктуулук. Бул үчүн мен керек болсо өмүрүмдү берүүгө даярмын”.

Чынында улуу саясатчынын, улуу коомдук ишмердин, чыныгы гуманисттин гана оозунан ушундай сөздөр чыгышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG