Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:32

Newsweek: Кризиске капталган христиан дини


Орус православие чиркөөсүнүн аталыгы Патриарх Кириллдин бүт дүйнөгө жайылып кеткен айрым жоруктары христиан дүйнөсүн ойго салууда.
Орус православие чиркөөсүнүн аталыгы Патриарх Кириллдин бүт дүйнөгө жайылып кеткен айрым жоруктары христиан дүйнөсүн ойго салууда.

Дүйнө басма сөзүнө сереп. (2-7-апрель)

Ѳткөн аптадагы дүйнөлүк басма сөздү барактай отуруп, ХХ1 кылымдын башы канткен менен көптөгөн проблемалардын, айрыкча дүйнөлүк масштабдагы экономикалык жана саясий кризистердин заманы экенине көзүң жетет. Көңүл бура турган дагы бир нерсе, мындан жүз жыл мурун да, башкача айтканда ХХ кылымдын башы да ушундай татаал башталып, анан барып турмуш бара-бара өз ордуна келген экен. Ошондуктан “Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы” деген сөз бекеринен айтылбаса керек.

Ушул жагынан караганда The Financial Times газетасынын акыркы санына чыккан аналитикалык макала аз да болсо көңүлгө төтө боло турган, келечекке жакшы үмүт менен караганга түрткү берген макала деп эсептөөгө болот. Атап айтканда, газета Италиянын жаңы премьер-министри, белгилүү финансист Марио Монти Токио шаарындагы сүйлөгөн сөзүндө “евро акчасы татаал сыноодон аман-эсен өтүп, эми дүйнөлүк кризис дээрлик аягына чыгып калды” деп айтканын чоң тамгалар менен терип, көрүнөө жерине басты. Чынында да Америкада жумушсуздук бир топ кыскарып, Европадагы банктардын иши бир топ стабилдешип, автомобиль чыгаруучу эң ири өнөр жайлар сатык боюнча абдан жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп жатканы чынында эле кризис акырындап жоюла баштадыбы дегендей таасир калтырат.

Бирок ХХI кылымдын башындагы экономикалык жана саясий кризистер менен катар адамзаттын башына түшкөн руханий кризис, моралдык, нравалык кризис да дүйнө басма сөзүндө ушул аптада көп талкууланды. Буга мисал катары Newsweek журналындагы Эндрю Салливан деген автордун “Кризиске капталган христиан дини” деген макаласын айтууга болот. Макалада автор христиан дүйнөсүндө атеисттер бир топ көбөйүп, католик чиркөөсүнүн аброю айрыкча Америкада абдан төмөндөп, ал эми Европада дал ошол чиркөөдө отуруп, элге адеп-ахлактан масел айткан динаетчилер өздөрү нечен жолу жаш балдарды зордуктап, педофил атыгып, чийинден чыккан адепсиз жүрүш-турушу менен бүт дүйнөгө шерменде болушканын жазыптыр. Ушудан кийин кантип христиан дини коом алдында өз аброюн көтөрө алат? - деген суроону коёт автор. “Деле биздин динибизди биринчи кезекте саясатчылар, диний кызматкерлер өздөрү, байлыгы ашып-ташып кеткен евангелисттер бузууда”, деп жыйынтыктайт макаласын Эндрю Салливан.

Бирок орус православие чиркөөсүнүн аталыгы Патриарх Кириллдин бүт дүйнөгө жайылып кеткен айрым жоруктары, жеке турмушундагы айрым фактылар орустарды эле эмес, жалпы христиан дүйнөсүн ойго сала турган маселе болуп калды окшойт. Маселен, The New York Times газетасы Патриарх Кириллдин колуна тагып жүргөн 30 000 долларлык Breguet деген швейцар саатын сүрөтү менен басты. Ошол эле газета Кириллдин деңизде эс ала турган менчик яхтасы, Подмосковьеде курдурган опсуз чоң үй-жайы бар экенин эскертип, жалаң лыжа тебиш үчүн православдардын аталыгы Швейцарияга байма-бай каттаганын эскертти.

Патриархты сындаган макалалар орус гезиттеринде да көп басылууда. Мисалы, “Независимая” газетасы “Бутага айланган Патриарх Кирилл” деген курч макалага орун берип, орус коомундагы динаеттин ээлеген орду тууралуу маселе талкууланды.

Ошол эле мезгилде биздин мусулман дининин да айрым маселелери дүйнө басма сөзүндө кенен талкууланууда. Америкалык Time журналында белгилүү саясат таануучу Фарид Закария азыркы араб дүйнөсүндөгү революциялар тууралуу байкоолорун ортого салып, демократияга, либералдык жашоо ыкмасына умтулган араб калктары Мубарак, Каддафи сыяктуу диктаторлорду каармандык менен кууп чыкса да, баары бир көздөгөн максаттарга жетүү алар үчүн абдан оор иш экенин жазып чыкты.

Мусулман мамлекеттеринин ичинен Малайзия, Турция, Индонезия сыяктуу мамлекеттер арабдардай нефти менен газга бай болбосо да, демократиянын үлгүсү менен жашап, базар экономикасын жакшы колдонуп, бир топ заманбап коомду курууга жетишти, дейт Фарид Закария. Ал эми жакында эле революция жеңген Египетте, Тунисте, Йеменде кайра эле эскиден калган көз караштар өкүм сүрүп, коомду либерализациялоо иши алга жылбай, илгерки халифаттар доорунан бери келаткан тарыхый көнүмүштөр дале болсо ордунан козголо элек деп белгилейт автор.

Батыш мамлекеттеринин жакындан көрсөткөн жардамы менен болуп өткөн Египеттеги революция бийлик башына Батыш күткөндөй демократтарды жана либералдарды эмес, динаетчилерди алып келди деп жазат ошол эле Фарид Закария. Ушул теманы уланткан орустардын “Независимая” газетасы Египеттин революциядан кийинки жаңы параламентин жалаң динаетчилер ээлегенин, ал эмес жаңы шайлана турган Египет президенти да нака дин адамы боло тургандыгы эмитен эле билинип калды дейт.

Илим жана маданият дүйнөсүндө да маанилүү жаңылыктар бир топ. Атактуу Nature журналы рак оорусун айыктыруу жагынан медицина илиминин жетишкендиктери тууралуу атайын макала жарыялап, бул дартты айыктыруунун жолдору мурункуга караганда алда канча жакшырганын, айрыкча кийинки убакта табылган илимий ыкмалар рак оорусуна чалдыккан клеткаларды издеп таап, ага керектүү антителолорду жеткире баштаганы адамзатка дагы бир жакшы үмүттү жаратты, дейт

Ал эми маданият дүйнөсүндөгү маанилүү жаңылык - “Титаник” фильминин 3D форматында диск катары чыгарылышы болду десек жаңылбайбыз. Time журналынын жазганына караганда, фильмдин режиссеру Жеймс Камерон 8 миллион доллар акча коротуп, “Титаникти” компакт-диск үчүн кайра иштеп чыгыптыр. Фильмдин дискке которулган версиясынын Лос-Анжелестеги бет ачарына Кейт Уинслет, Билли Зейн баштаган артисттер катышып, “Титаниктин” жаңы өмүрү узак болушун каалашты. Ансыз деле 1997-жылы 11 Оскар сыйлыгына татыктуу болуп, жаңы чыкканда 1 миллиард 800 миллион доллар киреше алып келген, дүйнөдөгү эң кирешелүү фильм катары рекорд жасаган “Титаник” эми дагы бир жолу Голливуддун капчыгына тоодой болгон пайданы таап берет го, деп жазат журнал
.
Ал эми RBC daily агенттиги Американын улуу ырчыларынын бири, “жан дүйнөнүн канышасы” (‘princess of soul”) деген атка конгон Уинтни Хьюстондун өлүмү тууралуу жаңы маалыматка орун берди. Анда ырчы, башта айтылып жүргөндөй, дарыны көп ичкенден эмес, баңги заттын күчтүүсү болуп саналган кокаиндин азабынан ваннадагы сууга тумчугуп, бейажал каза болгону айтылды. Ошону менен бирге ырчынын бүт дүйнөгө тарап кеткен атактуу “I Will Always Love You” (“Мен сени качан болсо сүйгүм келет”) деген ыры 2000-жылдардын эң мыкты он ырынын бири болгонун белгиледи Time журналы.
XS
SM
MD
LG