Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Олимпиада, нан жана согуш


Дүйнөлүк басма сөз кургакчылык, эгиндин былтыркыдан алда канча начар экени тууралуу да сөз кылды.
Дүйнөлүк басма сөз кургакчылык, эгиндин былтыркыдан алда канча начар экени тууралуу да сөз кылды.

Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (23-29-июль).

Эгерде тегеректеп айтсак, пресса өткөн аптадагы эл аралык турмушту үч негизги теманын тегерегинде чагылдырды: Лондондогу Олимпиада, Сириядагы согуш жана кургакчылык, башкача айтканда, нан маселеси.

Батыш басмаларында Лондондо башталган Олимпиада жуманын негизги окуясы катары кабылданганы түшүнүктүү нерсе го. Ошондуктан фотосүрөттөр, эксперттердин баалары, мурунку олимпиадалар менен салыштыруу, айрыкча ачылыш шаанисинин маани-мазмуну абдан көп сөз болду.

Лондондон чыккан The Guardian гезити демейде ар бир Олимпиаданын ачылыш аземи абдан маанилүү экенин белгилеп, бирок бул жолку ачылыш чыныгы “сюрреалисттик, ойго бай, көргөн көздүн кумарын кандарыган” ачылыш болгонун айтып, ошону менен бирге эки нерсеге көңүл бурду. Биринчиден, Бээжинде мындан төрт жыл илгери өткөн Олимпия оюндарынын ачылыш аземине, чынында да абдан мыкты өткөн аземине караганда Лондондогу шааниден эки эсеге көп каражат кеткен экен. Кытай өкмөтү режиссерлор, продюсерлер сураган акчаны каалагандай берип, аземди тарыхтагы эң мыкты азем кылууну буйруганын жазды The Guardian.

Ал эми британ режиссеру Денни Бойл ( “Жардылардан чыккан миллионер”деген фильми үчүн Оскар сыйлыгын алган) койгон ачылыш аземи эки эсе аз акча каражатын коротсо да, Британиянын байыркы маданиятын, кечээгиси менен бүгүнкүсүн, оңу менен терсин эч бир жымсалдабай көрсөтүп, айрыкча королева Елизавета Экинчи да аземдин негизги каармандарынын бири катары Жеймс Бонд (анын элесин актер Дэниел Крейг ойноду) менен клипке тартылып, ал клипте “парашюттан секирип”, айтор, англичандар кытайлар сыяктуу масштаб жагынан эмес, маани-мазмун, өз өлкөсүнө тарыхый көз караш жагынан утуп кеткенин жазды. Баса, ачылыш аземи жакшы чыкса экен деп эң эле катуу кабатырланган королева экенин да Newsweek журналына чыккан фотосүрөттөр жакшы шардана кылды.

Олимпиада албетте эбак саясат менен аралашып кеткени жакшы белгилүү. Ага күбө Барак Обама менен ушул күздө ат салышканы турган Митт Ромнинин Лондонго расмий эмес сапар менен келгени, бирок өкүнүчтүү эки моменттен улам бул саясатчы бир топ сынга дуушар болгону десек болот туура го. Биринчиден, Ромни болбогон жерден сөзүнөн жаңылып калды. Көрсө, мындан мурунураак чыккан бир китебинде Митт Ромни Англия тууралуу “Бул бир кичинекей арал, жолдору да, үйлөрү да кичинекей, кызыга турган деле эч нерсеси жок, эгерде континенттен суу менен бөлүнүп турбаганда Гитлер бул аралды эмне кылат эле, аны бир кудайдын өзү билет” деген мааниде No Apologу деген китебинде жазып койгон экен. Оңбогон журналистер аны таап чыгып, басма бетине бадырайта жарыялап таштады.

Экинчиден, репортерлор “Олимпиадага Лондон кандай даярданыптыр?” деп суроо берсе, Ромни “шаарыңар Олимпиадага даяр эле сыяктуу көрүндү” деген келегей жооп берип, ага Лондондун мэри Борис Жонсон “Биздин шаарга Ромни деген бирөө келип, кана, даярсыңарбы деп сураган имиш. Кана биз даярбызбы, жокпу?” деп элдин чоң тобунан сураганда, баары “Дапдаярбыз?” деп жооп бергени бир топ резонанс жаратты.

Митт Ромни тууралуу сөз болуп калган соң Америкадагы саясий турмуш маселесине да кайрыла өтөлү. Ѳткөн аптадагы гезит беттерине караганда Обаманын деле, Ромнинин деле рейтингдери ушу тапта өз ара окшош болуп тургандай таасир калат. Жалпысынан Американын азыркы президентине болгон калайык-калктын көзү түз эле болгонуна карабай, ушу тапта жумушсуздук анча кыскарбай, Европадагы кризистин залакасы Америкага да катуу тийип, экономиканын өсүшү болжолдогондон бир кыйла төмөн болууда.

Айрыкча жалпы эле Түндүк Америкадагы кургакчылык, эгиндин былтыркыдан алда канча начар экендиги, анын ичинде жүгөрүнүн түшүмү да абдан начар болуп, ошонун айынан жүгөрүдөн алынган, бензин катары кеңири колдонулган этанолдун баасы кыйла жогорулап, айтор нан маселеси да Америкада актуалдуу болуп бараткан кези. Бул кырдаал канткен менен Обаманын сөзүн бир топ кыска кылаары түшүнүктүү иш.

Баса, кургакчылык темасы улам күз жакындаган сайын дүйнө басма сөзүндө көбүрөөк кеп болууда. Быйылкы ысык аралаш кургакчылык Американы эле эмес, Орусияны, Европаны бир топ кыйын акыбалга калтырды. Орусияда эгин талааларын чегирткелер жеп, Сибирдин токойлору күйүп, өрттүн чети азыр түндүк тарапты көздөй жылып, дээрлик тундрада жайгашкан Норильск шаарына чейин жетти. Коюу түтүндүн айынан Томск шаарынын аэропорту жабылып, деле өрттүн тийгизген кесепети, анын масштабы Орусияда болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетти. “Новая газета” деген басылма ушул теманы улантып, Красноярск шаарында өрт жок кезде деле абанын булганышы чегине жетип, Енисейдин үстүн ар дайым кара түтүн каптап турганын жызып өттү.

Ага негизги себеп, деп жазат “Новая газета”, мультимиллиардер Олег Дерипаскага тиешелүү эң зор аллюминий заводу, ал заводго электр кубатын берген Красноярск ГЭСи, аты Forbes журналынан түшпөгөн Дерипаскага кың деп сөз айта албаган жергиликтүү жана борбордук бийликтер, деп жазат “Новая газета”.

Кургакчылык, ысык аба, эгиндеринин жылдагыдан жаман чыгышы коңшулаш Казакстанда да бир топ олуттуу проблемага айланып баратат. “Комсомольская правда Казахстан” гезити билдиргендей, эгин-тегиндүү Кустанай, Акмоло, Караганда жана Актөбө областтарында күндүн ысыгы, жамгырдын аздыгынан улам 94 миң гектар эгин талаасы күйүп кеткени, жалпысынан 353 миң гектар эгин аянттары эч нерсеге жарабай кала тургандыгы айтылууда.

Коңшу мамлекеттин айыл чарба министринин болжолуна караганда, быйыл Казакстанда эле эмес, дүйнө рынокторунда буудайдын баасы кымбаттай тургандай. Ошондуктан казак өкмөтү жакында эле селектордук жыйналыш өктөрүп, ал жыйналышта дан азыктары кымбаттап баратканы айтылып, акимдерге нандын баасын кандай болгон күндө да кымбаттатпоо милдети жүктөлүптүр. Бул кабарды “Комсомольская правда Казахстан” гезити билдирди.
XS
SM
MD
LG