Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:57

Сүйүнгөн Палестина, күйүнгөн Израиль


Палестиндер БУУда байкоочу мүчө макамын алышын майрамдап жатат. Рамалла, 29-ноябрь, 2012.
Палестиндер БУУда байкоочу мүчө макамын алышын майрамдап жатат. Рамалла, 29-ноябрь, 2012.

Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (26-ноябрь - 2-декабрь)

Эл аралык гезиттерди, Орусиянын менмин деген басылмаларын, кошуналардын маалымат каражаттарын барактай отуруп, бири-бирине окшошпогон дүйнөнү, ар кайсы жерлерди каптаган кризистерди, карапайым элди алдап да, уурдап да, бийлик үчүн элди кырылыштырып жаткан саясий шылуундарды, бири сүйүнсө, экинчиси ыйлаган элдерди көрөбүз.

Мынакей, Лондондон чыккан абройлуу гезиттердин бири The Times акыркы санында жер тепкилеп сүйүнүп жаткан палестиналык арабдарды, ошону менен бирге кабагы карыш түшкөн жөөттөрдүн сүрөтүн басты. 65 жыл күрөшүп, миңдеген адамдардын каны төгүлүп отуруп, акыры Бириккен Улуттар Уюмунда бирок 138 мамлекеттин ак батасын алган Палестина арабдары ушул күндөрү тебетейин көккө ыргытып тойлоп жаткан кездери. Палестина толук кандуу мамлекет катары таанылбаса да, ошого жакын турган “байкоочу” деген статус алды. Ошол эле The Times эмне кылаарын билбеген Израиль бар күчүн бир ууч Газа тилкесиндеги арабдардан чыгарып, күч менен тартып алынган территорияларга жөөттөр үчүн дагы 3000 үй курабыз деп өжөрлөнүп жатканын кабарлады.

Бирок Израиль менен Палестинанын жарым кылымдан ашып бараткан жер талашы - өтө тереңге кеткен маселе. Жөөттөр да, мусулмандар да ыйык шаарыбыз жана борбор калаабыз деп тааныган Иерусалимден улам чыккан бүтпөгөн чыр азыркы учурда бүтүн дүйнөнү, айрыкча христиан дүйнөсү менен ислам дүйнөсүн терең ойго салган эл аралык маселе. Палестинанын мурунку лидери Ясир Арафат Израилди эч качан мамлекет деп тааныбай жүрүп өтүп кетти. Ал эми жөөттөр болсо Израилди мамлекет катары тааныгыла деп жарым кылымдан бери согушуп да, кан төгүп да келет.

Ошону менен бирге Израилдин мамлекет катары келечегинен шек санагандар да дүйнөдө көп. Бириккен Улуттар Уюмунун кечээ жакындагы чечиминен кийин эң эле терең ойлонгон журналисттер менен аналитиктер атактуу англис тарыхчысы жана ойчулу Арнольд Тойнби айткан бир сөздү эстешүүдө. Атактуу ойчул убагында жөөттөрдү, башкача айтканда Израилди тегеректеп жашаган арабдарды, жалпы мусулман дүйнөсүн карап туруп, “Израиль эч качан мамлекет болуп алыс узай албайт” деп айткан экен. Ал сөз чынга чыгабы же жокпу, аны келечек көрсөтөт го, бирок Орусиянын “Голос России” радиосу АКШнын чалгындоо агенттигинин (ЦРУ) Израиль мамлекет катары 2025-жылы жок болот деген божомолун шардана кылды.

Агенттиктин ою боюнча, эмитен эле жөөттөр башка жактарга улам барган сайын көбүрөөк көчүп кетип жатыптыр, ал эми аларга каршы турган арабдар болсо, тескерисинче, ого бетер көбөйүп, аларды бүт дүйнө колдоп, айтор, кырдаал барган сайын Израилге эмес, Палестина тарапка ооп баратат дейт орус радиосу.

Бирок ошол эле Жакынкы Чыгышта жашаган арабдар өздөрү да көптөн бери тынч эмес. Time журналы, The Wall Street Journal басылмасы Сириядагы ич ара согуш азыр эң жогорку чегине жетип, бири-бирин кырган арабдар Алеппо баштаган бир нече шаарды тып-тыйпыл кылып талкалап бүтүшкөнүн, азыр эми согуш Дамаск шаарынын жанында болуп жатканын жазды. Ал эми революция жеңип, отуз жылдан ашуун бийлик башында отурган Хосни Мубаракты тактан кулаткан Египеттик арабдар кайрадан тополоңдун үстүндө. Ушу күндөрү алар туура экиге бөлүнүп чырлашып, эмки чатак Мухаммед Мурси жарыялаган конституция долбоорунун тегерегинде болуп жатат. Каирдин Тахрир аянтында кайрадан быкылдаган, дагы революция жасайбыз деп булкунган жаштар. Бул тууралуу кенен маалыматты BBC жана CNN телеканалдары күн сайын берүүдө.

Кытайда жетекчилик алмашып, Америкада президенттик шайлоо аягына чыкса да, эл аралык бизнес коомчулугунун, экономисттердин тынчын алган жаңы бир маселе чыкты. Ал - Американын укмуштуудай зор ички карызы жана аны азайтуунун, ооздуктоонун өтө татаалдыгы. Президент Обама байлардан алынчу салыкты кескин көбөйтүп, кедейлерге жардам кылалы, жумуш орундарын көбөйтөлү десе, ага оппозицияда турган республикачыл Конгресс караманча каршы. Алар кайра Обама убада уылган саламаттыкты сактоо боюнча программаны токтотуп, ага кетип жаткан каражаттарды, өтө көтөрүлүп кеткен айлык маяналарды кыскартуу керек деп каршы турууда. Эгер бул маселе жыл аягына чейин оң жагына чечилбесе, Американын эки чоң саясий партиясы ымалага келе албаса, анын зыяны Америкага эле эмес, бүтүн дүйнөгө тийээрин байкоочулар бир ооздон айтышууда. “Кимдер салыкты көп төлөп, кимдер аз төлөйт, андан пайдасын ким көрөт - бул суроого жоопту жакында өткөн шайлоо да, шайлоодо жеңген бийлик да ачык жообун айта албай жатат” - деп жазды The Christian Science Monitor гезити ишемби күнкү санында.

Эми Орусиянын, кошуна мамлекеттердин гезит-журналдарындагы материалдарга, темаларга келели. Орусия коомчулугу коргоо министрлиги менен космос тармагындагы болуп көрбөгөн уурулуктан жана жегичтиктен дале болсо эсине келе электей. “Независимая газета” болсо депутат жана журналист Б. Хинштейн коргоо министрлигинде дагы 150 миллиард рублга жакын уурулуктун изин тапканын жазып чыкты.

Ошол эле гезиттеги экинчи бир макала “Улуттук утулуштун концепциясы” деп аталып, анда азыркы Татарстанда татар тили дээрлик колдонуудан чыгып баратканы тууралуу сөз болот. Ар кандай программалар, концепциялар иштелип жаткан кез экен. Сыягы, татар туугандар жапырт орусташуунун өтө тереңге кетип калган кесепетин эми сезип, Казанда эле эмес, айыл-кыштактарда да татарча сүйлөбөй калган кандаштарын эми кантип туура жолго салуунун жолун таппай жаткан кездиери окшойт.

Казакстанда чыккан “Казахстанская правда” гезитинин соңку номуру бул өлкөдө пайда болгон дагы бир элдик майрам - “Биринчи Президент күнүнө” арналды. Нурсултан Назарбаевди ай-асманга көкөлөтүү, укмуштуудай культ кылуу, “эл башы”, “журт атасы”, “казак мамлекетинин негиз салуучусу” деген өңдүү учуртма сөздөр ар бир көчөгө, мекемеге илинип, чогулуштар, концерттер өткөрүлүп, ал эми гезит бетине жарыяланган фотолор эмнегедир Ким Ир Сен доорундагы Түндүк Кореяны элестетикенин да моюнга алуу керек.

Ошону менен бирге “Кабар” телеканалы Швейцарияга качып кеткен Алматы шаарынын мурунку мэри В. Храпуновго ошол мамлекетте иш козголуп, 300 миллион доллардан ашык акча каражаттары Женевага кайдан которулуп келгенин, андай чоң акчаны чиновник кантип тапканын укук коргоо органдары сурак кылып жатканын кабарлады.

Ошол эле Швейцариянын тергөө органдары Өзбекстандын президентинин эрке кызы Гүлнараны да суракка алып, бизнесин текшерип, бул мамлекеттин мыйзамына ылайык келбеген иштерине жакындан кызыгып жатканын ВВС телеканалы өз сайтында кабарлады.
XS
SM
MD
LG